Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Сот реформасынын учу-кыйыры көрүнбөйт


Кыргызстанда жыл башынан бери башталган сот реформасы туңгуюкка кептелгени айтылууда.

Ал аралыкта сот реформасын алдыга жылдыруу максатында президент тарабынан жаңы комиссия түзүлүп отурат. Ал эми айрым эл өкүлдөрү аталган комиссиянын мыйзамсыз түзүлгөнүн белгилешүүдө.

Ара жолдо калган реформа

Укук коргоочу, “Таза табигат” коомдук бирикмесинин жетекчиси Анара Дауталиева Кыргызстандагы сот реформасын мындайча баалады:

- Биз сот реформасын баштап алып, бирок туңгуюкка келдик. Жарандык коом да, сот системасынын өкүлдөрү да, Сотторду тандоо кеңеши да "эми алдыгабы, же артка жылабызбы" деп турат. Чындыгында ушундай абал түзүлүп калды.

28-сентябрда президент Роза Отунбаева сот реформасын жүргүзүү боюнча жаңы комиссия түзүүнү сунуштап, анын төрагасы болуп “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев дайындалды.

Анара Дауталиева бул комиссиянын түзүлүшүн сот реформасындагы туңгуюктан чыгуунун бир жолу деп эсептейт. Анын курамына парламенттеги фракция жетекчилери, комитет башчылары, сот системасынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар кирген.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев комиссиянын түзүлүшүн мындайча баалады:

- Бул комиссиянын чечимдери мунасага алып келе турган чечимдер болушу керек. Анткени азыркы учурда сот бийлигинде, мыйзам чыгаруу бийлигинде келишпестиктер, кызыкчылыктардын тиреши болуп жатат.

Айрым байкоочулар президент Роза Отунбаеванын сот реформасын алдыга жылдыруу боюнча комиссия түзүүнү сунуштаганын президенттик мөөнөтү бүткүчө сот реформасын аягына чыгарууга жетише албай калганы менен байланыштырууда.

Комиссия мыйзамсызбы?

Жогорку Кеңештин Сот жана укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасы Садыр Жапаров президент тарабынан түзүлгөн комиссияны мыйзамсыз деп эсептейт:

- Биринчиден, комиссия түзүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Экинчиден, бул комиссия мыйзамсыз. Анткени баары мыйзамдарда так жазылып турат. Болгону бул жерде саналуу гана адамдардын кызыкчылыгынын негизинде сотторду реформалоо токтоп турат.

Бишкек, 15-август, 2011-жыл
Жыл башынан бери Жогорку Кеңеш сот системасын реформалоого байланышкан беш мыйзам кабыл алып, жыл аягына чейин бул тармактагы реформа аягына чыгарын жарыялаган. Ага ылайык, Сотторду тандоо кеңеши да түзүлүп, алар Конституциялык палатанын жана Жогорку Соттун судьяларын тандай баштаган.

Президент Сотторду тандоо кеңеши тарабынан тандалган Жогорку Соттун 29 судьясынын 14үн бекитип берүү үчүн Жогорку Кеңешке бергенге да үлгүргөн. Бирок бир топ талаш-тартыштардан кийин аларды кайра артка чакыртып алган. Бүгүнкү күнгө чейин Конституциялык палатанын эки гана судьясы тандалып, иш алдыга жылбай токтоп турат.

Ишке көңүлү чаппаган соттор

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев бул жагдайда жаңы түзүлгөн комиссия сот реформасын илгерилетет эле деп эсептейт.

- Президент 14 талапкерди Жогорку Кеңешке берген, бирок кайра кайтарып алды. Депутаттарда болсо "баарын тез эле карай салалы" деген пикирлер бар. Эч ким эч кимди укпай, ынтымагы жок иштеп жатат.

Ал аралыкта сот реформасын күтүп, кызматында калар-калбасы арсар болгон соттордун айынан жалпы сот системасынын иши солгундап кеткенин айтышууда. Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев:

- Соттор ишке көңүлсүз болуп, иштерди карабай жатканы боюнча көп адамдардан даттануулар болуп жатат. Өзгөчө чуулуу иштерди карабай, өздөрүн-өздөрү жаман сөздөн сактап жатышат.

Ал эми айрым байкоочулар сот реформасы узак убакытты талап кылган процесс экенин, жасалып жаткан иштерди биринчи гана кадамдар деп гана саноого болорун айтышууда. Ошол эле кезде бул реформалардын ийгилигинен күмөн санагандар да бар.

XS
SM
MD
LG