Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Жогорку Сотко талапкерлер иргелди


10-августта Сотторду тандоо кеңеши 66 талапкердин ичинен Жогорку Соттун судьялыгына 32 талапкерди иргеп алды.

Тандалган талапкерлердин тизмеси эми президентке жөнөтүлөт. Бирок жарандык коомдун өкүлдөрү татыктуу адамдар тандалып алынганынан күмөн санашууда.

10-августта Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоонун үчүнчү айлампасын өткөрдү. Башында сынакка 92 адам арыз берип, бирок биринчи жана экинчи айлампада арыздарын кайтарып алгандары да болду.

Буга чейинки эки айлампада талапкерлер аңгемелешүү жана жазуу түрүндө сынак тапшырышкан болсо, акыркы айлампага өткөн 66 адамдын ар бирине Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү добуштарын беришти. Сотторду тандоо кеңешинин маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева:

- Үчүнчү турда 32 талапкер өттү. Жобо боюнча 13 добуш алгандардан жогоркулары өтүш керек болчу. Үчүнчү турга жалпы 66 адам катышты.

Сотторду тандап алуу ишине байкоо салган Коомдук иликтөөлөр институтунун төрайымы Рита Карасартованын айтымында, буга чейин коомчулукта катуу сындалып жүргөн соттордун да өтүп кетиши тандоонун калыстыгынан күмөн санатат.

- Биз экинчи тур бүткөндөн кийин талдоо жүргүзүп, эгер алдыңкы эки айлампада койгон баа боюнча добуш берилсе, “бул адамдар өтөт, ал эми тигил адамдар өтпөйт” деп жыйынтык чыгарганбыз. Бирок жакшы баа алгандардын жарымы өтпөй калды, ошол эле кезде төмөнкү баа алгандар өтүп кетти. Биринчи жана экинчи айлампада аларга баа коюп, алардын мүлкүн, кынтыксыз жүрүм-турумдарынын баарын текшерип, баалап, бирок добушка келгенде тескери добуш берип коюшту. Бул деген Сотторду тандоо кеңешинин кээ бир мүчөлөрү добуш берүүдө өз пикирлерин өзгөртүп жибергенин билдирет.

Президент карайт

Ага чейин эле тандоо жүрүп жаткан Бишкектеги Президенттик башкаруу академиясынын алдына нааразы адамдар чогулуп, айрым талапкердин сот болуусуна каршылыгын билдиришкен болчу. Бирок Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шаамарал Майчиев "бул сапар тандоо алда канча калыс өттү жана тандап алуу ыкмасы өзүн актады" деген ойдо. Ал иргелип алынгандардын тизмеси эми президентке жөнөтүлөрүн айтты.

- 10 күндүн ичинде талапкерлер сотко кайрылууга укуктуу. Ушул 10 күндүн ичинде бардык сот иштери бүтүшү керек. Андан кийин биз президентке жөнөтөбүз. Президент алардын айрымдарын же баарын кайра артка кайтарып бергенге укуктуу. Эгер ал кайтарган талапкерлерди биз 3/2 добуш менен ашып өтсөк, анда кайра президентке жиберебиз. Президент болсо талапкерлерди парламентке сунуштайт.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев жалпы сынактын өтүшү боюнча буларды айтты:

- Бул жолу тандоо үч баскычтан турду. Ал жерде талапкерлердин кесиптик, моралдык, укуктук жана башка сапаттарын аныктаганга мүмкүнчүлүктөр көбүрөөк болду. Бирок акырына келгенде Сотторду тандоо кеңеши мурдагы чыгарылган бааларын эске албастан, өздөрү добуш беришти. Бул жерде ар кандай ой-пикирлер жаралбай койбойт.

Байкоочулар да биринчи жана экинчи айлампадагы баалар добуш берүүдө эске алынбай турган болсо, убакыт жана каражат коротуп, аларды өткөрүүнүн зарылчылыгы бар беле деген суроо коюушууда.

Кыргызстанда сот реформасы 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин жарыяланган. Бирок өткөн жылы Сотторду тандоо кеңеши тарабынан тандалып алынган Жогорку Соттун судьяларына катуу нааразычылыктар айтылган эле. Натыйжада бир топ талаш-тартыштан соң жаңы сынак жарыяланган болчу.

Ал эми Жогорку Соттун курамы 35 соттон турат. Андыктан бош калган үч орун үчүн жаңы сынак жарыяланары белгиленүүдө.

Сотторду тандоо кеңешине каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG