Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Сот айткан "соодалашуу" төркүнү...


Акыркы жылдары сот системасындагы коррупция менен күрөш натыйжа бербегени айтылып келет.
Акыркы жылдары сот системасындагы коррупция менен күрөш натыйжа бербегени айтылып келет.

Жалал-Абад облусундагы райондук жана облустук соттордун төрагаларынын ортосундагы тирешүү кылмыш ишинин козголушун шарттады.

Райондук соттун төрагасынын милдетин аткаруучу облустук сот төрагасы менен прокуратура кызматкерин пара талап кылды, коркутуп-үркүтүп жатат деп айыптаса, облустук прокуратура райсотко мурда соттолгон жана жалган маалымат таратып жатат деген кине койду. Факт боюнча козголгон кылмыш ишин эми Башкы прокуратура көзөмөлгө алгандыгы кабарланууда.

Эрланбек Токтосунов 2012-жылдан бери Аксы райондук сотунун төрагасынын милдетин аткарып келет. Ага чейин ушул эле сотто судья болуп иштеген. Ал өткөн жумада бир катар маалымат каражаттарына кайрылып, облустук соттун төрагасы Кадыралы Жапакбаев менен облус прокурорунун улук жардамчысы Абдыманап Темиркулов үч миң доллар талап кылып, коркутуп-үркүтүп жатат деп билдирген. Токтосунов бул маселеге байланыштуу “Азаттыкка” толугураак маалымат берүүнү каалаган жок:

- Азырынча материалдарды чогултуп жатам, интервью бере албайм. Эгерде алар мен тууралуу ар кандай маалымат берсе, "Дело№..." гезитине чейин чыгам.

Судьялардын араздашуусуна Эрланбек Токтосуновдун мурда соттолгондугу тууралуу маалыматтын ачыкка чыгышы себеп болгондой. Облус прокурору Кылычбек Токтогуловдун айтымында, Токтосуновду Казакстандын Капшагай шаардык соту 2004-жылы юридикалык фирмалардын биринде иштеп турган кезде жасалма документ даярдаган деген кине менен 2007-жылы үч жылга соттогон. Ага карабастан Токтосунов 2008-жылы Аксы райондук сотунун судьялыгына дайындалган:

- Токтосуновдун үстүнөн соттолгон деген сөз жүргөндө Башкы прокуратура Казакстанга билдирүү жөнөткөн. Казак прокуратурасы Эрланбек Токтосунов 2007-жылы соттолгондугун тастыктап берди. Ошол себептүү мен август айында эмгек өргүүсүнө кетерде соттолгон судьяны бошотуу тууралуу Сотторду тандоо кеңешине жана тийиштүү тараптарга билдирүү жөнөтүү тууралуу тапшырма бергем. Октябрдын башында кеңеш жыйынга чогулуп бул маселени карап, президентке сунуштоо керек,- деди облус прокурору Кылычбек Токтогулов.

Эрланбек Токтосунов буга чейин облустук соттун төрагасы Кадыраалы Жапакбаев менен облпрокурордун өкүлү Абдыманап Темиркулов 10 миң доллар талап кылып, анын 3 миң долларын алышканын билдирген. Соттор ортосундагы соодалашуу райсоттун соттолгондугу тууралуу маалыматты жашыруу максатында жасалган. Маалымат коомчулукка тарап кеткенден кийин Эрланбек Токтосунов убадага турбаган облсоттон берген акчасын кайтарып берүүнү талап кылган жана бир эле учурда тартип кызматтарына арыз менен кайрылган. Токтосунов буга чейин “Кадыралы Жапакбаев параны кайтарып берип жаткан жеринен кармалды" деп билдирген болчу. Бирок Кадыралы Жапакбаев мындай дооматты толугу менен четке какты:

- Мен ал убакта эмгек өргүүсүндө жүргөм. Эрлан телефон аркылуу чалып, "сырды ачып коюпсуңар, эми мындан кийин эмне болот, чай үстүндө сүйлөшпөйлүбү" дегенинен баргам. Ал жерде жөн гана сүйлөшүп отурганбыз. Мен акча алган да, берген да эмесмин. Эрлан прокуратура жашыруун сырды ачып жиберди деп ушул кадамга барып жатат. Ар кандай чагымдарды уюштурууда. Менин ал менен мамилем мурдатан эле жакшы болчу. Азыр мен эмгек өргүүсүндөмүн жана ордумда эле иштеп жатам.

Облпрокурор Кылычбек Токтогулов болсо, өзүнүн жардамчысына карата пара алууга тиешеси бар деген доомат тастыкталбагандыгын билдирди. Анын айтымында, прокуратура азыр жалган маалымат таратуу фактысы боюнча райсоттун жоопкерчилигин карап жатат:

- Билдирүү таратылгандан кийин УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тергөө амалдарын баштап, менин кызматкериме тиешелүү эч кандай жагдай аныктаган жок. Ал эми облсоттун төрагасы пара алды деген божомолдуу жагдай бар. Жапакбаев мага айтканы боюнча алган эмесмин дейт, бир нерсе берсе, мотив болушу керек эле. Бул дагы жалган маалымат болушу мүмкүн. Эми судьянын үстүнөн жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатат.

Ошентип, райондук жана облустук соттордун төрагаларынын ортосунда чыккан жаңжал эмне менен аяктаары азырынча беймаалым. Сотторду тандоо кеңешинин ишине байкоо салган Коомдук анализ институтунун директору Рита Карасартова бул өңдүү көрүнүштөр соттордун жана жалпы эле сот системасынын кадыр-баркына көлөкө түшүрдү дейт. Карасартова бул жагдайды соттордо реформа жүрбөй жаткандыгы менен байланыштырды:

- Сот системасында реформа эбак эле башталганы менен бул көрүнүш анын канчалык деңгээлде жүрүп жаткандыгын ачыктап отурат. Азыркы күндө Жогорку жана облустук соттордун судьялары тандалып бүткөн. Жумушка жаңыдан орношуп жатып, азыртан облустук соттун төрагалары ушундай жолго барса, анда аларга ишеним болбойт. Өлкөдө мыйзамдар азыр карапайым калкка гана иштеп, соттолуп жатат. Мына ушул кезге чейин бир топ судьялар пара менен кармалышты, УКМК аны ачыкка чыгарды, карга карганын көзүн чукубайт дегендей эч кимиси бүгүн жоопкерчиликке тартылган жок. Ошол себептүү, жергиликтүү тургундар укук коргоо органдарына жана сотторго ишенбей айыптууларды өз алдынча жазалоого барууда.

Акыркы маалыматтарда облустук жана райондук деңгээлдеги сот тармагынын жетекчилерине байланышкан чатакты Башкы прокуратура өз көзөмөлүнө алгандыгы, бирок, тергөө иши жандана электиги айтылууда.

XS
SM
MD
LG