Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Өкмөт менен журналисттер кайым айтышууда


Биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов журналисттерди тартипке сала турган жобо иштеп чыгуу тапшырмасын бергени айтылууда. Ал эми журналисттер бийликтин мындай билдирүүлөрүн сөз эркиндигин чектөө аракети катары баалашты.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кыргыз тилинде жазган журналисттер акты кара көрсөтүп, жоопкерчиликтен четтеп кетти деп сынга алды.

- Журналисттик публика өздөрү ойлоп тапкан же ойлогон нерсесин эле жазып атат. Журналистика акча табуунун жолу болуп калды. Алар макаласын жарыялап, анан акча алышат. Акты кара деп жазып атышат. Азыр журналисттер коомчулукта пикир жаратарын, коомчулукта кандай күч экенин биз билебиз. Бирок алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толук түшүнбөй, күчүн жакшы баалабай жатышат. Журналисттердин жоопкерчилиги чиновниктердей эле аз эмес. Биз жасаган ишибизге жооп берип келсек, ал эми аларда такыр жоопкерчилик жок. Мунун үстүнөн ойлонушубуз керек. Менимче эксперттер муну ойлонушу керек.

Журналисттердин жоопкерчилиги маселесине буга чейин президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, депутат Камчыбек Ташиев да кайрылган болчу. Журналисттер бийликтин мындай аракеттерин сөз эркиндигин чектөө, оздуктоо аракети деп сыпаттоодо.

“Учур” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев айрым журналисттерге шылтоолоп, бардыгына тыюу салуу же тартип киргизүү мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал бийликтин мындай аракеттерин сөз эркиндигине жасаган кысым деп баалап жатат.

- Мисалы мен өзүм жетектеген гезит, басылма жоопкерчиликти сезебиз. Эгер биз туура эмес жазсак, же алар айтып аткандай акты кара деп жазып жатсак сот жоопкерчилиги бар, сот менен чечсе болот. Негизи эле айтылган жобо ишке кире турган болсо, бул - сөз эркиндигине кысым, аны муунтуу. Жобону кандай гана эксперттер иштеп чыкпасын анын натыйжасы болбойт. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей арасында ошондой журналисттер деле болушу мүмкүн. Бирок жалпы журналисттерге жалаа жаап, тескери пикир айткан туура эмес.

“Фабула” гезитинин баш редактору Эрнис Балбаков бийлик киргизген тартиптен улам журналисттердин сөзү кыскарат деп кооптонууда. Баш редактор журналисттер чектен чыккандай деле иш кылган жок деген ойдо.

- Эмнегедир акыркы күндөрү Келдибеков, Бабанов деле ушундай маселелерди козгоп атышат. Негизи кыргыз журналисттери чектен чыккан деле иш кылды деп айта албайм. Кандай тартип колдонгону атышат, эмне кылганы жатышат - аны азыр алдын ала айта албайм. Эмнеси болсо да бул аша чапкандык го дейм. Сөз эркиндиги деп ушунчага келдик, кысым жасайм деп Бакиев бийлиги кетти. Албетте эгер жобо кабыл алынса кандайдыр бир чектөө койот да. Эксперттер өздөрүнүн адамдары болот, өздөрүнө ыңгайлуу болгондой мыйзамдарды кабыл алып койсо сөзүбүз кыска болуп калабы дегендей коркунуч бар.


Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият, маалыматтык жана дин саясаты боюнча комитетинин төрайымы Жылдызкан Жолдошева тартипке келтирчү жоболорду журналисттердин өздөрү иштеп чыкканын колдойт. "Бирок жоопкерчилик, этика деген нерселерди да ала жүргөнү жакшы",-дейт ал.

- Сөз эркиндигин президент, өкмөт же парламент тарабынан кысымга алуу боюнча ой жок. Бирок массалык маалымат каражаттарынын өздөрүнүн жазылбаган мыйзамы бар. Ар бир журналист бирөө жөнүндө же тастыкталбаган маалымат берерде өзүнүн жоопкерчилигин сезиш керек. Чындыгында акыркы убакта бизде абдан көп ушак, такталбаган маалымат, бирөөнүн аброюна келтирген шектүү нерселер жазылып эле жатат. Кайсы гезитти окууруңду билбейсиң.

Ал эми “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин айтымында, азырынча жаңы жобо иштеп чыгуунун кажети жок. Ал азыркы мыйзамдар менен деле маалыматтарды териштирип, далилдеп алууга болот деп эсептейт.

- Бир кездерде Өмүрбек Бабанов өзү оппозицияда болгондо сөз эркиндиги деп, массалык маалымат каражаттарын кысымга албагыла деп жүрдү эле. Анан бийликке келгенде тартипке салам дегени бир аз кызык болуп атат. Чындыгында журналисттерде да бар, аша чаап кеткендери, фактыны тактабай, текшербей чыгарганы, божомолдор, ушактар. Бирок алардын бардыгын учурда эле иштеп жаткан мыйзам чегинде, маалымат каражаттары аркылуу өздөрүнүн далилдерин келтирип билдирип турса болот эле.

Медиа эксперттер расмий бийликтин ушул темага байма-бай кайрылып жатканынан кооптонуп жатышат. Ал эми бийлик тараптан кандай жоболор иштелип чыгары тууралуу комментарий берилген жок.
XS
SM
MD
LG