Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Аймактык кабарчынын көзүнөн учкан калем акы


Оштогу журналисттер иш үстүндө, 8-январь, 2013-жыл
Оштогу журналисттер иш үстүндө, 8-январь, 2013-жыл

Жети облустагы мамлекетке таандык гезит жана телерадиокомпанияда иштегендер 14 айдан бери калем акысы тийбей жатканын айтып чыгышты.

“Ош жаңырыгы” гезитинин кабарчылары тогуз айдан бери калем акысыз иштеп жатышат. Башкы редактордун орун басары Канымгүл Кыдыралиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин акча бөлүүгө уруксат берген токтомго өкмөт кол койбой жатканы айтылып келсе, эми маселе Каржы министрлигинде каралууда деген жооп болууда.

- Жыл башынан бери калем акыны көрө элекпиз. Кыйынчылык менен жашап атабыз. Маданият жана туризм министри Алтынбек Максүтов биздин редакцияга келип, премьер-министр гонорар боюнча документке кол койбой жатканын айткан. Кийинчерээк каржы министри кол кое элек дешти.

Ош облусуна тараган “Ош жаңырыгы” гезити жумасына бир жолу 3-4 миң нуска менен сегиз бет болуп чыгат. Калем акысы тийбеген кабарчылар тогуз айдан бери 4-6 миң сом маяна менен күн көрүшүүдө. Кыдыралиеванын айтуусунда, гонорар менен кошо кызматтык сапардын чыгымдарын төлөө да токтоп калган.

Бирок аталган гезиттин башкы редактору Маматазим Жуманазаров калем акы маселеси чечилгенин айтууда.

- Бир-эки күн ичинде колго тийип калат. Жалпысынан 2014-жылдын акыркы төрт айынын, 2015-жылдын тогуз айынын калем акысы бүт төлөнүп берилет. Мындан 15 күн мурун редакторлор чогулуп, Каржы министрлигинде болгонбуз.

Калем акыга байланыштуу маселе бардык аймактарда болууда. Нарындагы облустук "Теңир-Тоо" гезитинин башкы эсепчиси Айнура Жумамидинова кабарчылар бир нече айдан бери тиешелүү акчасын ала электигин айтты:

- Тогуз айдан бери калем акы төлөнө элек. Маселе эми араң чечилип жатыптыр. Күтүп эле келдик. Журналисттерибиз жакшы кабарды уккандан бери сүйүнүп жатышат.

Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезитинин башкы редактору Арстанбек Якубовдун айтымында, гонорардын жыл аягына чейин берилбей калганы биринчи жолу эмес:

- Гонорар албай келгенибиз чын. Бирок азыр акча которулду. Департамент өзү көзөмөлдөп отурат. Биз эки-үч жолу маданият министрине киргенбиз. Башка редакцияларды билбейм. Бирок биз былтыр деле калем акыны жыл аягында алганбыз.

Маалымат жана массалык коммуникация департаментинен бир эле гезиттердин эмес, облустук телекопаниялардын да калем акысы да тогуз айдан бери төлөнбөй келгенин билдиришти.

Аталган департаменттин жетекчиси Бактыгүл Норузбаева Каржы министрлиги менен макулдашуулар аяктаганын, эки-үч күн ичинде калем акылар кабарчыларга берилип бүтөрүн билдирди:

- Бул акыбал республика боюнча гезиттер эле эмес телерадиокомпанияларда болуп жатат. Редакциялар бир жылдык гонорарынын планын беришкен. Ошонун негизинде акча которулду.

Анткен менен азырынча бир да редакциянын эсебине акча түшө электиги маалым болду. Экономикалык серепчи Эркин Абдразаков журналисттердин акчасыз калтыруу кайра эле мамлекет үчүн баш оору жаратат деген пикирде:

- Мамлекеттик теледе, гезиттерде иштеген журналисттерге бизде жакшы айлык төлөнбөйт. Анысы аз келгенсип, жылдап калем акы күтүү кабарчыларды бузат. Анткени акчага муктаж болгондо кимдир бирөөнү атайылап каралаган же мактаган жолго түшөт. Айрыкча шайлоо маалында ар кандай жол менен курсагын тойгузганга аракет кылышы мүмкүн. Мамлекет журналисттерди жалган маалымат таратты деп айыптоодон мурун алардын маянасын жок дегенде өз убагында берип турушу керек.

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментине өлкө боюнча 12 облустук, 37 райондук гезит жана 6 облустук телерадиокомпания карайт. Ар бир гезиттин бир айлык калем акысы 10 миң сомдун тегерегинде. Ал акча кабарчыларга ай сайын 2-3 миң сомдон берилет.

XS
SM
MD
LG