Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Кумтөр жаңжалын уюштургандар аныкталды


Кумтөр кенин иштетүүгө каршы чыккандар, Жети-Өгүз району, 30-май, 2013.
Кумтөр кенин иштетүүгө каршы чыккандар, Жети-Өгүз району, 30-май, 2013.

Жети-Өгүздөгү калайман башаламандыктын негизги уюштуруучулары аныкталды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин тергөө башкы башкармалыгынын өкүлү Рустам Махмутов 17-июлда маалымат жыйында билдирди. Ошондой эле Жалал-Абаддагы бийликти басып алуу, жол тосуу фактыларынын тергелишин айтып берди.

Майда жана июнда аталган жерлерде жол бөгөлүп, администрациялык имаратты ээлөө окуялары катталган болчу.

Мындан бир жарым айдай мурда Жети-Өгүздө жана Жалал-Абадда болгон окуяларды күч органдары териштирип жатат. Жети-Өгүз чатагында электр жарыгын өчүрүүдөн “Кумтөр оперейтинг компани” 270 миллион сомдон ашык чыгым тартты. ИИМдин тергөө башкы башкармасынын өкүлү Рустам Махмутов алдын ала төмөнкү маалыматты ачыкка чыгарды:

- Негизги уюштуруучулар аныкталган. Азыр иш тергелип жатат. Кылмышка шектүү катары эч ким кармала элек. Мыйзам боюнча тергөөнүн мөөнөтү эки ай. Азыркы учурда кимдер жоопко тартылып, кимдер шектелип жатканын айта албайм. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтууга болбойт.

31-май, 2013-жыл, Барскоон
31-май, 2013-жыл, Барскоон
Жети-Өгүз, андан кийин Жалал-Абадда орун алган нааразылык акциялар жөнүндө түрдүү божомолдор айтылган. Президент Алмазбек Атамбаев Нарынга барганда бул калайман башаламандыктардын артында үчүнчү күчтөр бар экенин экенин билдирген:

- Жети-Өгүздө балдарды башкарып жүргөн, эки жолу соттологон каракчы Бактияр Курманов экологияны билет дейсиңерби? Кээ бирлери мен кайрадан башкы прокурор болом, кайрадан каржы полициянын башчысы болом, кайра жыргайм деп ойлоп отурат. Эмнеге Жалал-Абадда облакимчилик басылды? Мына, ачык айтайын, муну күч органдары деле айтат, ошо Караколдон Жалал-Абадга бирөө чалып, “эй, он чакты киши өлдү, азыр баарын талкаладык, эми Караколду алабыз, анан Бишкекке барабыз" дегенде Жалал-Абадды басып алып жатпайбы, “чабал өрдөк мурда учат” болуп. Сузактыктарды облакимчиликти басып алгыла, жолду буугула дегендерге экология да, Ташиевдин да тагдыры бир тыйын. Акча берип, түрткөндөрдүн максаты Ташиевди бошотуу эмес, бийликти алмаштырып Атамбаевди кетирүү.

Башаламандыктарды уюштурду дегендер арасында бир катар таанымал инсандар аталган эле. Алардын бири, мурунку депутат Кубанычбек Исабеков ошол маалда чет өлкөдө дарыланып жүргөнүн, Жети-Өгүз жаңжалы боюнча тергөө органдарына чакырылбаганын, тиешеси жоктугун айтууда:

- Ооруп жатсам да башкы прокурор Аида Саляновага чалдым. "Сизге эч кандай доомат жок" деп айтты. ИИМ, УКМКга чалдым. Мени жөн эле уюштуруп атат дебестен, акча да берип жатат деп чыгарып жиберишти. Ким президентке ошондой доклад кылды, аныктап туруп жоопко тартыш керек. Туура эмес маалымат берип, докладын туура эмес даярдаган кишилерди президент жоопко тартыш керек. Себеби анын айтканы жөнөкөй кишинин айтканы эмес да.

Талдоочу Санжар Тажыматовдун баамында, бул окуялар боюнча сот кай тараптан болбосун басымга алдырбай күнөөсү далилденгендерге катаал чечим чыгарыш керек:

- Сот бийлигине митингдердин, жол тосуулардын негизинде басым жасагандар көбөйүп жатпайбы. Эгер алардын тарапкерлери ошондой кыла турган болсо сотко басым болуп, коомдук коопсуздук маселесинин негизинде сот алардын ишин жеңилдетип, бошотуп жибериши да мүмкүн. Бирок мындай нерсе менен биз келечекте жакшы жолго барбайбыз. Анткени бул өнөкөт, прецедент кийин да ушундай окуялардын уланышына шарт түзөт. Ошондуктан мамлекет, сот бийлиги өз позициясын так кармаш керек дагы, мыйзам бузганы далилденген болсо аларды соттош керек. Бул жерде сот бийлиги, же расмий бийлик эле мыйзамдын иштешин көзөмөлдөбөстөн, жарандык коом да өзүнүн позициясын билдириши керек.

28-майда Жети-Өгүздө эл Кумтөр кенине байланыштуу нааразылык акцияга чыгып, окуя 31-майда курчуп, нааразы тарап менен милиция кагылышып, натыйжада өзгөчө абал жарыяланган.

ИИМ Жалал-Абадда май айынын этеги, июндун башындагы окуялардын да тергелери тууралуу маалымдады. Ага ылайык, ошол кезде камакта жаткан депутаттардын тарапкерлеринин облустук акимчиликти басып алуу, мамлекеттик мекемелерге зыян келтирүү жана жол тосуу фактылары боюнча козголгон үч кылмыш иш сотко өттү. Натыйжада төрт адамга айып тагылды.

XS
SM
MD
LG