Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Ысык-Көл: жол кырсыгы 14 адамдын өмүрүн алды


23-июлда Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учурады.

Кырсыкка учураган кичи автобус Кытай айылы туштан түздөн чыгып, жол боюндагы бакты сүзгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Насипбек Калмырзаев билдирди.

Кырсык болгон учурда 10 адам мүрт кетип, 4 адам кийин ооруканада каза тапты. Учурда 8 адам Караколдогу облустук ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен экөөнүн абалы оор бойдон калууда.

Жараат алгандардын ичинде 5 жаштагы кыз бар. Каза болгондордун жарымы аял, жарымы эркек, унаанын айдоочусу Асанов Жаныбек да кырсык болгон жерде жан берген. Жол кырсыгында каза тапкандардын улуусу 61, кичүүсү 16 жашта болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыкка учурагандардын бирөөсүнүн аты-жөнү азырынча белгисиз болууда.

Кырсыкта каза тапкандардын аты-жөнү:

1. Асанов Ж.Ж. 1970-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну, унаанын айдоочусу;
2. Мусаев Э.М. 1952-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
3. Калканова К.Ж. 1975-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
4. Байдылдаева А.О. 1991-ж.т., Ак-Суу районунун Кереги-Таш айылынын тургуну;
5. Нурбек уулу Эрлан. 1997-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6. Байсеркеев У.Д. 1980-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
7. Асантаева Н.К. 1970-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
8. Тургунбекова Н.А. 1975-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
9. Жумалиев А.А. 1998-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
10. Поляков В.А. 1953-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
11. Султангазиева Ч.С. 1971-ж.т., Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылынын тургуну;
12. Мукамбетова К.Б. 1976-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
13. Шаршеева Н. 1968-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
14. 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адам.

Жабыркагандар:

1. Касенов А.Б. 1980-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
2. Жумалиев Н.К. 1998-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
3. Мамытов С.Ж. 1998-ж.т., Ош облусунун Алай районунун тургуну;
4. Супатаева А.К. 1982-ж.т., Тоң районунун Ак-Сай айылынын тургуну;
5. Касымбеков К.К. 1992-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6. Асаналиев Ч.К. 1989-ж.т., Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну;
7. Акылбекова Г.2008-ж.т., Н. Шаршееванын кызы;
8. Абдырахманова Н. 1990-ж.т., жашаган жери такталууда.

Алдын-ала божомолдор боюнча кырсыкка кичи автобустун айдоочусу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы себеп болушу мүмкүн.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берилээрин убада кылды. Анын айтымында, берилчү жардамдын өлчөмү учурда такталууда. (BkA\MK)

XS
SM
MD
LG