Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Жапондор "акылдуу" шаарга көчө баштады


Токионун бир бөлүгү
Токионун бир бөлүгү

Буга чейин айтылып келген Жапониядагы “акылдуу” экологиялык таза Фужисава шаары ушул жылдан баштап алгачкы жашоочуларын кабыл ала баштаганы кабарланууда.

Фужисава “жашыл” шаары 2010-жылы жапон Panasonic корпорациясы тарабынан курулуп баштаган. Бул шаарда жаратылышка зыян келтире турган энергия булактары колдонулбайт жана бардык инфраструктура күндөн алынган электр энергиясынын негизинде иштейт.

Бул 3000 жашоочуга ылайыкталган эко шаар Fujisawa SST Square деген долбоордун алкагында курулууда жана ал 2018-жылга чейин толук бүтүрүлмөкчү.

Долбоордун авторлорунун айтымында, Фужисава “акылдуу” шаарынын курулушунда негизги беш багытка көңүл бурулган. Алар: Шаарда “акылдуу” жаңы технологиянын колдонулуусу, шаардын экологиялык тазалыгы, коопсуздугу, мобилдүүлүгү жана калаа тургундарынын ич ара камыр-жумур жашоосу.

Шаардагы ар бир үйдүн тамында күн батареялары орнотулган жана бул негизги энергия булагы болуп эсептелет. Фужисавада бир да унаага май куюучу жай жок анткени бул “жашыл” калаада жалаң гана электрлештирилген автомобилдер жана коомдук транспорттор жүрөт. Андан сырткары шаарда көпчүлүк жашоочулар велосипед менен жүргөндү жактырышат.

Буга кошумча фужисавалыктар электр унааларын жана эки дөңгөлөктүү велосипеддерди шаарда ижарага алып колдонсо болот.

Бул “жашыл” шаардагы батирлерде жана коттеждерде колдонулуучу техникалар да “акылдуу” болуп эсептелет. Энергияны сарптоону үнөмдөө үчүн фужисавалыктардын кондиционерлери адам отурган бурчту аныктап, ошол жакты гана муздак же жылуу шамал менен камсыз кылат. Ал эми алардын “акылдуу” сыналгылары каршысында адам жок экенин билип алса заматта өчүп калат.

Үйлөрдө колдонулган энергия ар бир жашоочуга атайын тиркеме аркылуу смартфондордон кабарланып турат жана үй тургундары ошого жараша энергияны үнөмдөгөнгө аракет кылышат.

Жада калса шаардагы көчөдөгү жарык лампалары да атайын сенсор аркылуу жакын жерде адам бар, же жок экенин билип, өзү өчүп-жанып турат.

Фужисаванын дагы бир өзгөчөлүгү - бул калаанын архитектурасы. Шаар тургундарынын социалдык жашоосун жакшыртуу максатында үйлөр жалпы тамак жасоочу жана эс алуучу бөлмөлөрү менен камсыздалган. Мындай шартта фужисавалыктар жумуш деп эле жүрө бербестен анча-мынча кошуналары менен “ушакташып” турса болот.

Маалыматтарга ылайык, бул “жашыл” шаардагы “акылдуу” үйлөрдүн баасы жарым миллион доллардын тегерегинде болмокчу.

XS
SM
MD
LG