Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Чек арадагы мал уурулук чектен ашты


Милиция имаратынын алдына илинген уурдалган жана табылган уйлардын сүрөтү. Аксы району, 6-март, 2014.
Милиция имаратынын алдына илинген уурдалган жана табылган уйлардын сүрөтү. Аксы району, 6-март, 2014.

Жалал-Абаддын Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы мал уурулуктун саны кескин өсүп кетти.

Кылмышка шектелип кармалгандар арасында коңшу Өзбекстандын жарандары, жергиликтүү өспүрүмдөр жана аялдар да бар. Ушул тушта кыргыз-өзбек чек арасындагы айылдарды түнкүсүн милиция элдик кошуун менен бирге күзөтүп жатат.

Аксы районундагы Падыша-Ата айылынын тургуну Акан Стамалиев ушул айдын башында 8 баш бодо малын жоготкон экен. Кийинчерээк уурдалган малы Өзбекстанга сатылып кеткени анык болгон.

- Адырга эртең менен айдаганбыз. Малыбыз ушул жердеги Өлөн-Булак деген айылга келчү эле. Ушул жерден Өзбекстандын Нанайына өткөрүп жиберген. Биз чек арада турабыз да. Ал жакка өтүп кетсе эле болду. Кайра эч ким алып чыгып бербейт. Падыша-Ата айылында мал уурулук көп. Былтыркыдан беркини санай кесең 100 баштан ашты.

Акан Стамалиевдин малын уурдаган деп жергиликтүү 16 жаштагы өспүрүм шектелип жатат. Ал өспүрүмдү 6-сентябрга караган түнү дагы бир уйду Өзбекстанды көздөй жетелеп бара жаткан жеринен элдик кошуундун өкүлдөрү кармап алган. Күзөтчүлөрдүн арасында арасында мектеп окуучулары да болгон:

- Мен 10-класста окуйм. Кечинде такай күзөткө чыгабыз. Участковый менен чогуу ууруну кармап алдык. Милицияга тапшырдык. Өзүбүздүн эле айылдык бала эле. Биз менен чогуу окучу. 9-класстан кийин мектепти таштап салган, - дейт окуучу-күзөтчү

Жергиликтүү милициянын маалыматына ылайык, былтыр Аксыда сегиз айда мал уурулук боюнча үч гана кылмыш катталса, быйыл жыл башынан бери мындай кылмыш 50дөн ашты.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Момуналы Добулбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, кылмышка шектелип кармалгандар арасында өспүрүмдөрдөн сырткары аялдар жана коңшу өлкөнүн жарандарды да бар:

-Жакында эле Өзбекстандын бир тургуну кармалды. Төрт жолу мал уурдаганы аныкталды. 6-сентябрга караган түнү өзүбүздүн эле райондо жашаган өспүрүм бала бир уйду Өзбекстанды көздөй жетелеп бараткан жеринен кармалды. Ушул эле күнү үч баш уйду унаага жүктөп бараткан жеринен эки аял колго түштү.

Жалал-Абаддын Аксы району да Өзбекстан менен 130 чакырымдай чектешип турат. Азыр 11 участок тактала элек. Падыша-Ата айылынын тургуну Үсөн Наралиев кыргыз тарап чек арасын жакшы кайтарбай жатканын кеп кылууда:

- Биз Өзбекстан менен тутамдаш жашайбыз. Ал жакка барсаң чек ара бекеттери турат. Бизде болсо чек арачылардын карааны да жок. Бул деген чек ара да. Ушул жерлерде чек арачылар болушу керек эле...

Коңшу өлкөнүн чек арасынан өтүп келип мал уурдаган, аларга кыргызстандык жарандар жардам берген учурлар Жалал-Абаддын Өзбекстан менен чектешкен бардык райондорунда бар. Облустук милициянын маалыматына караганда, жалпысынан 100дөн ашык кылмыш иш козголду, чыгым жалпысынан 10 миллион сомго чамалады.

XS
SM
MD
LG