Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Гүлзат: "Тагдырым татаал, бирок үмүт өчпөйт"


Гүлзат Акунова ичкиликке берилип кеткен күйөөсүнүн запкысына чыдабай, акыры төрт баласы менен ажырашып кеткен. Турмуштун оордугунан улам эки жыл мурда мектепти таштап, иштөөгө аргасыз болгон эки уулу анын жашоосуна аралжы.

Гүлзат Акунова эки бөлмөлүү үйдү ижарага алып, өзүнүн төрт баласынан тышкары инисин аялы менен, анан дагы бир сиңдисин бөбөгү менен батырып алган. Ал мешке көмүр таштап, кечки тамакка камынууда:

- Казанга эт, пияз, сабиз салдым. Балдарыма кечкиге сорпо жасап берем. Эт күндө эле боло бербейт, эптеп жашап атабыз.

Гүлзат күйөөсү менен жашабай калган. Жолдошу көп жыл мурун ичкиликке берилип кеткен экен. Аны арактан алаксытуу үчүн эмне гана аракеттерди көрүшпөдү!

“Аргам түгөнгөндө аны үйдөн чыгарып салууга туура келди. Антпесе мас болуп келген кезинде балдарым менен кошо уруп-согуп, кошуналарымдын көзүнчө сөгүп-мазактап, айлабызды кетирчү", - дейт Гүлзат Акунова:

- Күйөөмдү туугандары Москвага чейин алып барышып, дарылатып, айыктырууга аракет кылышты. Үч-төрт ай ичпей жүрүп, кийин ичип алды. Беш-алты жыл болду. Балдарды кийин өзүмдүн фамилияма өткөрүп, пособияга туураладым. Күйөөм Жалал-Абадда эле жүрөт, бизге каралашпайт. Ичкен адам каяктан жардам берчү эле!? Жаман кептерди айтып, кээде кошуналардын көзүнчө жок сөздөр менен сөгүп, уруп-согуп, кордочу. Балдар чоңоюп калды, андайдан уялышат экен, "атам ичи жүрөт" деп ыйлашат. Ичкен адам аны билбейт экен, түшүнбөйт экен. Ошон үчүн үйгө киргизбей койдум.

Оор турмуштун айынан Гүлзаттын 12 жана 14 жаштагы эки уулу мындан эки жыл мурда окууну таштоого аргасыз болушкан. Ошондон бери алар базарда араба түртүп, апасына жардам беришет. Кышка камылгасы жок Гүлзат балдары кечээ иштеп тапкан акчага бир кап көмүр сатып алганын жана эмчектен чыга элек бөбөгү менен үч жаштагы кызы болгону үчүн аларды кимге таштаарын билбей, жумушсуз отурганын айтууда:

- Мэриядагылар Соцфондго бар дешти. Соцфондго барып, "жок дегенде кышкыга жыйырма кап көмүр бергиле", - деп кайрылсам, бири-бирине шылташып, ошону менен кабары жок. Кышкыга көмүрүм жок. Мына эки балам араба тартып иштеп, эки жүз сом таап келишиптир. Анан көмүр саткан бир эже баламды жакшы көрөт. Ошол эже баасын сексен сомго түшүрүп, бир кап көмүр берди. Аны эми себелеп, үч-төрт күн жагабыз.

Гүлзаттын балдарына жөлөк пул төлөнбөйт. Анткени өзүнүн паспорт алганына араң эки жума болду. Гүлзат кенже чүрпөлөрүн балдар бакчасына жайгаштырсамбы дейт:

- Балдарымды бакчага бере элекмин. Ага шарт керек, анан буларды бага турган адам жок. Бизди ушул эки балам багып жатат. Буларды быйыл мектепке берейин дедим эле, мектептегилер албай коюшту. Шартым оор болуп калды, бир жыл калып калган эле, анан "ордунда бир жыл калтырабыз", - дешти. Мен макул болдум, бир нерсени билип калсын дедим. Анан алар "балдар чүнчүп кетет, башкалар мазактайт", - дешти. Аны балдарым угаар замат мектепке баруудан баш тартышты. Турарым 5-класс болчу, Уларым 2-класс. Азыр квартирада турам. Бир жарым миң сом төлөйм. Сиңдим кызы менен, иним аялы менен, өзүм төрт балам менен турабыз.

Үй-жайы, жумушу жок бул келинге каралашкан адамдар да, бийликтер да көрүнбөйт. Баарынан да окубай калган балдарына убал болуп жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG