Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Жалал-Абад: медресеге ыктаган окуучулар


Медреседе Куран окуп отурган бала
Медреседе Куран окуп отурган бала

Жалал-Абадда өзбек тилдүү мектептерде жогорку класста окуган окуучулар арасында медресеге каттагандардын саны көбөйдү. Бул мугалимдер менен ата-энелер ортосунда кайчы пикирди жаратууда.

Ата-энелер балдарын ыйман жолунда тарбиялоо максатында медресеге берип жатканын айтууда.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Насиба Искандарованын улуу кызы быйыл Сузак районундагы медреседе окуп жатат. Ата-эне кызын 8-класстан кийин эле медреседе окутууну чечкен.

- Кызыбыз буга чейин орус класста окучу. Байкасам мүнөзү өзгөрө баштады. Тоң моюн, корс болуп бараткандай. Бизде, мусулманчылыкта ата-энеге сый-урмат менен мамиле кылат эмеспи. Ошол себептүү медресеге барып куран жаттап, ыймандуу, ата-энеге күйүмдүү болуп чоңойсун дейбиз, - дейт Насиба Искандарова.

Жалал-Абад шаарындагы 20 мектептин тогузу өзбек тилдүү. Алардын бири - №6 Алым Осмон атындагы билим уясында быйылкы окуу жылында 9-классты аяктаган 20га чукул окуучу медресеге кетип калган.

Бишкек. 2013-жыл
Бишкек. 2013-жыл

Мектеп директору Махидил Исакова бул жагдай мугалимдерди ойго салып, жогорку класстын окуучуларын чогултууда кыйынчылык жаралып жатканын билдирди:

- Медресеге окуганы кеткен окуучулардын көпчүлүгү кыздар. Жогорку класстын окуучуларын мектепте кармап калуу кыйын болуп жатат. Айрыкча сабакты жакшы окугандар кетип калууда. Ата-энелерине айтып, сотко беребиз деп коркутуп, 9-класска чейин окутуп жатабыз. Буга кандайдыр бир чек коюлса жакшы болмок.

Учурда облус аймагындагы алты медреседе 830дан ашык окуучу билим алат. Былтыркы жылдан тарта Сузак районунда 7-8-класстын кыздарын окуткан кайрымдуулук мекемеси да иштей баштаган.

Облустагы казыяттын таалим-тарбия жана билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Түнкатаров жаштар биринчи кезекте мектепте билим алууга милдеттүү деди:

- Шарият жолунда да мектептеги билимди чанып, медресеге качкан туура эмес көрүнүш. Мектепти кыйратпаган бала медреседе да кыйратып билим албайт. Эгерде билимдүү жана илимдүү инсан болуп жетилем десең, биринчи кезекте мектепти жакшы окуп, андан кийин медресеге барсаң болот. Улуу аалымдар да биринчи мектептен толук билим алган.

Бирок Жалал-Абаддагы “Ислам таалими” коомдук бирикмесинин жетекчиси Дилмурат Орозов казыят өкүлүнүн пикирине кошулбайт. Ал өспүрүмдүн динге кызыгуусуна тоскоолдук болбошу керек, деген ойдо.

- Жаштардын ыйман жолуна бурулуусу, мечиттерге жана медреселерге каттоосу эч кандай коркунучтуу көрүнүш эмес. Балага жаштайынан тамак берип чоңойтууга жана кийинтүүгө, билим алуусуна шарт түзүүгө милдеттүү болсок, шарият жолунда да ата-эне баласына ыйман жолунда тарбия берүүгө милдеттүү. Азыр чоң класстын окуучуларын жума күнү намазга барбагыла деп жатышат. Бул да туура эмес. Эгер туура көрсө, жума күндү дем алыш кылып, жекшемби күнү окууну улантса болот.

Мечиттеги балдар
Мечиттеги балдар

Жаңы окуу жылынан тартып Жалал-Абадда сабак учурунда жума намазга каттаган окуучуларга атайын текшерүү жүргүзүлө баштады. Облустун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн рейддин алгачкы жыйынтыктары көрсөткөндөй, окуучулардын тең жарымы намазга каттагандыгы аныкталды. Бул багытта өкмөттүн облустагы өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова буларды айтты:

- Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн буйругуна ылайык атайын текшерүү комиссиясы түзүлүп, анын натыйжасында жума күндөрү мектептерде текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Буга чейин биз үч районду жана Жалал-Абад шаарын кыдырып чыктык. Сузактын мечитке жакын мектептеринде жума намаз учурунда окуучулардын сабакка болгон катышуусу 55% болгону аныкталды. Бул багытта биз мектеп администрациясына тапшырма берип, билим берүү мекемелерине ата-энелерге түшүндүрүү иштерин алып барууну айтып жатабыз. Алдыда да бул багыттагы рейддер уюштурулат.

Өкүлчүлүктөн алынган расмий маалыматтарга караганда, учурда облус аймагында 17 бала мектепке тартылган эмес болсо, анын ичинен бир гана окуучу медресеге барары аныкталган. Бирок казыят берген маалыматта жогорку класстын 600дөн ашык окуучу кызы учурда медреселерде билим алышат.

XS
SM
MD
LG