Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

“Санпа”: дагы бир киши соттолууда


Жалал-Абад облустук соту 2010-жылдагы коогалаңга байланыштуу өмүр бою абакка кесилген Сузак айылынын орусиялык жарандыгы бар тургуну Шамшидин Ниязалиевдин кылмыш ишин кароодо.

Соттун баяндамасында айтылгандай, 2010-жылдын 12-14-июнунда Бишкек-Ош жолунун боюнда пахта тазалоочу "Санпа" заводунун айланасында болгон окуяларга 28-ноябрдан бери кылмыш иши териштирилип жаткан Шамшидин Ниязалиев да катышкан.

Сузак райондук соту “аны адам өлтүрүүлөргө, массалык башаламандыктарга тиешеси бар", "курал алып жүргөн" деп айыптап, 25-октябрда өмүр бою абакка кескен. Соттолуучунун жактоочулары бул өкүмгө макул болбой, аны актоону өтүнүп, облустук сотко даттанган.

Ниязалиевдин өзү окуяга тиешеси жок экендигин, окуяга чейин Өзбекстанга өтүп, ал жактан Орусияга кеткенин айтууда. “Санпа” окуясы боюнча кылмыш ишке ылайык, ал издөөгө берилип, быйыл январда Казакстанда кармалган соң, Кыргызстанга кайтарылган экен. Айыпты моюндабаган соттолуучу мындан эки жыл мурунку тополоңдон улам Сузакка кайта албаганын билдирди:

Санпа окуясы боюнча айыпталгандардын соту, 11-ноябрь, 2010-жыл
Санпа окуясы боюнча айыпталгандардын соту, 11-ноябрь, 2010-жыл
- 2010-жылдын 20-майында Кыргызстанга минералдык жер семирткич алып келем деп, ошол иштин артынан Өзбекстанда жүрдүм. Балдарым, карындаштарым Өзбекстанга өткөн экен, аларга ар нерселерди алып баргам. Фергана шаарында эки ай каттоого тургам. Акем “сен келбей тур. Мага УКМК келип, сурап атат” дегенинен бул жакка келбей, сабыр кылып жүргөм.

Орусиялык жарандыгы бар Ниязалиевдин 2010-жылы Кызыл-Кыя чек ара бекети аркылуу Өзбекстанга өткөнү күмөндүү. Анткени июнь коогасында чек ара жабык турган. Мамлекеттик айыптоочу Абдыманап Темиркуловду соттолуучунун “Санпа” окуясына катышпаса, июнь окуясынан бери кыйла убакыт өтүп, абал турукташса да үйүнө келбей качып жүргөнү кызыктырды:

- Сиз бул окуяга катышпасаңыз, "Санпа" окуясында ак болсоңуз, эмне үчүн өзүңүздүн ак экениңизди тартип коргоо уюмдарына далилдеп берүүгө аракет кылбадыңыз? Кыргызстанда кыргыз-өзбек кучакташып, ынтымактуу жашап жатканда, арадан эки жыл убакыт өтүп, абал турукташып калганда, эмне үчүн келген жоксуз?

Айыпталуучу туугандарынын “бул жакка келсең жалган доомат менен сени да кармап салышы ыктымал” деген сөздөрүнөн улам Сузакка келе албаганын бетке тутту.

Санпа жолу
Санпа жолу
Кылмыш ишти териштирген облустук соттук коллегиянын төрагасы Амангелди Молдобаевдин айтымында, Ниязалиевдин айыбын тастыктаган күбөлөр бар. Анын ырасташында, жабырлануучу кыз соттолуучуну сүрөттөн тааныган. Муну иштин 4-томунун 133-бетиндеги токтом далилдейт. "Шамшидинди 2010-жылы 20-июнда Сузакта көргөн күбөнүн каты бар", - деди судья:

- “Ушул киши "Санпа" окуясында жүргөн эле" деп көрсөтмө берген. “Мылтык такаган, "Санпа" заводунун ичине сүйрөп кирип баратканда, мен Шамды тааныгам" деп сизди айтып атат. Мына, көрсөтмөлөрү бар. 25-июлда, 2012-жылы күбөлөрдүн катышуусунда тергөөчүнүн бөлмөсүндө таануу үчүн сүрөткө тартышканда, сизди Мамарасулова Нургиза деген жабырлануучу тааныган.

Сот эми кийинки аптада, 4-декабрда улана турган болду. Азырынча ал качан аяктаары белгисиз. Себеби эки күндөн бери 44 жабырлануучудан бирөө да катышкан жок. Кылмыш иши боюнча катталган 49 күбөнүн бешөө алар 2010- жылдын 11-июнунда Өзбекстанга качып өтүшкөндө Ш. Ниязалиевди 12-июнда Өзбекстанда, Кан-Абаддагы качкындар лагеринен көрүшкөнүн айтышты.

Сузак районундагы "Санпа" окуясы боюнча мурда Ш. Ниязалиевден башка 19 адам соттолгон. 2010-жылдын июнь айында заводдун жанында болгон окуяда он адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, талап-тоноолордон тышкары эки киши дайынсыз жоголгон. Облустук милиция тогуз машине өрттөлгөнүн маалымдаган.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG