Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

"Санпанын" жанында өлтүрүлгөндөргө эстелик тургузулду


7-декабрда Ош – Бишкек жолунун боюнда коогалаңда набыт болгондордун элесине арналган эстелик ачылды. 2010-жылдын май, июнь окуяларында облустун 73 тургуну набыт болгон.

“Мындан ары былтыркыдай коогалаңды көрбөйүн” деп, жүзүн чыгыштан батышка бурган эненин бейнеси түшүрүлгөн эстеликке өткөн жылы май-июнь окуясында жакындарынан айрылгандар менен коомчулуктун өкүлдөрү гүл коюшту.

Бир нече адамдын өмүрүн алган былтыркы калаба миңдегендердин жүрөгүнө так салды. Бирок мезгил улам артка жылган сайын эл ичинде сабырдуулук, кечиримдүүлүк түптөлүүдө.
Өлкөбүздө бир да бала атасын, же апасын жоготуп, ыйлабасын.

"2010-жылкы улут аралык жаңжалдын себептери изилденип, күнөөлүүлөр жазаланууда", - деген губернатордун биринчи орун басары Жумагүл Эгембердиева эстелик 5-декабрда бүткөнүн билдирди.

Ага Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы 2,6 миллион сом, Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү бийлик менен облустагы мекеме-уюмдар 787 миң, Жогорку Кеңеш 500 миң, Жалал-Абад шаар мэриясы 300 миң сом чегерген.

- Жашоо уланууда, бирок кандайдыр бир жабырланган сезим менен... Элибизде “сабырдуулук бардык кыйынчылыктарды жеңет” деген сөз бекеринен айтылбаганын былтыркы коогалаң окуялардан кийинки мезгил тастыктап койду. Анткени аз убакыттын ичинде облусубуздун көп улуттуу өкүлдөрү бир атанын балдарындай болуп, ынтымакта жашап жатканы – биздин зор байлыгыбыз, чоң бактыбыз болууда.

Сузак районундагы “Санпа” заводунун айланасында былтыр Ош – Бишкек жолу менен үйлөрүнө кайтып бараткан жүргүнчүлөр жазыксыз набыт болушту.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясын убактылуу башкарган Жусупжан Жээнбеков кайгыга батырган окуялардын мындан ары кайталанбоосун белгиледи:

- Эненин, атанын, ар бир баланын жүрөгү сыздап, өткөн шоокумдуу окуя экинчи кайталанбасын. Эстелик ошон үчүн коюлду. Ага-ини каршылашпасын, эже-сиңди жулмалашпасын деген максатты алдыга коюп жашашыбыз керек. Ушундай эстеликтер ачылбасын, башкача эстеликтер ачылсын. "Кыргызстан мен үчүн эмне кылды эмес, мен Кыргызстан үчүн кандай жумуш бүтүрдүм" дейли.

Жалал-Абад университетинде окуган Нургиза Мамарасулованын атасы да 2010-жылы “Санпа” заводунун жанында өлтүрүлгөн. Энеси беш баласы менен жесир калганын белгилеген бул студент өкмөттөн жардам алганын билдирди. Анын айтымында, элге тынчтык, ал эми бийликтегилерге таза иштөө зарыл:

- Атам бир да уулун үйлөндүргөнгө үлгүрбөй калды. Эң улуусу менмин. Мамлекет тараптан акчалай жардам берилип атат, үй бөлүндү. Өлкөбүздө бир да бала атасын, же апасын жоготуп, ыйлабасын. Элибизде эч качан мындай жамандык окуя болбосун, тынчтык, бейпилдик өкүм сүрсүн. Былтыркыдай окуялар болбоосу үчүн бийлик башындагылар ката кетирбесин!

Облус тургуну Арстан Жээнбеков улуттар аралык жаңжалга жол бербөө үчүн өткөн жылкы окуялардын чет жерде качып жүргөн күнөөкөрлөрүн жоопко тартууну сунуштады. Анын айтымында, ал окуяларды борбордук (облустагы прокуратура, сот эмес, Жогорку Кеңеш менен Жогорку Соттон, Башкы прокуратура менен өкмөттөн) уюмдардан куралган эркин комиссия изилдөөсү абзел:

- Ошондо да бийликтегилерден бир дагы адам жазаланган эмес. Чоңдордун баары качып кетип, карапайымдардын балдары жазаланган. Ошон үчүн кечээ күнкү окуя кайталанды. Ушул окуяларды кимдер баштаган, кимдер уюштурган, ошолорду жазалаш керек. Кыргызстанда өмүр бою түрмөгө кесилгени менен чет мамлекетке качып кетип, башка мамлекеттин жарандыгын алып алган, былтыркы окуяны баштаган сепаратисттерди кармоо керек.

Эстелик тургузулган Ош – Бишкек жолунун боюнда былтыр расмий маалыматтарда он адам набыт болуп, эки киши дайынсыз жоголгон. Май- июнь окуяларында облустун 73 тургуну набыт болгон. “Санпа” окуясына байланыштуу 19 адам соттолгон.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG