Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:50

“Санпа”: сот өкүмү дээрлик өзгөргөн жок


"Санпадагы" башаламандык боюнча соттолуп жаткандар.
"Санпадагы" башаламандык боюнча соттолуп жаткандар.

Жалал-Абад облустук соту 9-мартта “Санпа” заводунун жанындагы башаламандык боюнча жабырлануучулар менен соттолуучулардын апелляциялык арыздарын териштирип бүттү.

9-мартта кечинде угузулган өкүмгө ылайык, ушул ишти былтыр караган райондук соттун өкүмүнө өзгөртүү киргизилди. 19 соттолуучунун улуусу Усманжан Аблазовду 25 жылга эркинен ажыратуу жазасы күчүндө калып, Сузак райондук соту өмүр бою эркинен ажыраткан он жети айыпталуучуга дагы бир соттолуучу кошулду.

Соттук курамдын төрагасы Жолдош Ибраевдин баяндамасы боюнча, Сузак райондук соту өмүр бою эркинен ажыраткан он жети соттолуучунун тобуна былтыр 25 жылга түрмөгө кесилген эки адамдын бири Абдужобаров Фуркатбек кошулду. Аны менен кошо чейрек кылым абак чегерилген соттолуучу Усманжан Аблазовдун жазасы ошол бойдон калды. Он тогуз соттолуучунун баарынын үй-мүлкү мамлекет пайдасына чегериле турган болду. Алар коюлган айыптар менен макул эместигин билдиришти. Бирок сотто күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү, буюм далилдер жана соттук-медициналык тыянактар далил катары келтирилди. Соттолуучулардын биринчи сотто суралбаган кырктан ашык күбөлөрүнүн көрсөтүүлөрү уктурулду.

Жабырлануучулардын материалдык чыгымдарды өндүрүү доо арызы жарым-жартылай канааттандырылып, мында моралдык чыгымдары да эске алынды:



Соттолуучу Гафуржан Абдурахмановдун ден соолугун текшерүү жана ага байланыштуу кылмыш ишти өзүнчө бөлүп кароо жөнүндөгү анын жактоочусунун сунушу четке кагылды. Судья Амангелди Молдобаев ырастагандай, “Санпадагы” окуя маалында аталган соттолуучунун акыл-эси жайында болгон, аны дарыгерлер да аныктаган. “Тергөө жана баштапкы сот учурунда ал бирдей көрсөтмө берген” деген судья өкүмдү тараптарга мындайча түшүндүрдү:

- Абдужаборов Фуркатбек өмүр бою эркинен ажыратылды, калгандарына соттун мурдагы өкүмү ошол бойдон өзгөрүүсүз калды. Аблазов Усманжандыкы 25 жыл бойдон калды, мүлктөрү мамлекеттин пайдасына чегерилди.

Атын атагысы келбеген жактоочу өз коргоосунда турган милициянын мурдагы ардагери Г. Абдурахмановго карата облустук сот туура эмес өкүм чыгарды деп баалоодо.

- Күнөөлөр далилденген жок, сот бир тараптуу болуп калды.

Өзбек тектүү соттолуучулар Махаматрасул Абдурасулов менен Миродил Абдуваитов да өздөрүнө кечээ угузулган өкүм менен макул болбой, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү эске алынбаганын айтышты:

- Мен Абдурасулов болом. Сот бир жактуу болду. Менин күбөлөрүм келип, булардын жалган айткандарын далилдесе да сот мени өмүр бою эркимен ажыратты.

Соттук материалдар боюнча 12-13-июнда “Санпа” заводунун жанында болгон башаламандыктын айынан Ош – Бишкек жолу менен жүргөн жолоочулардын арасынан он адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, эки адам дайынсыз жоголгон. Ошол маалда инисинен айрылган Расул Асанов 19 соттолуучунун баары жогорку жаза алышы керек деп эсептейт:

- Усманжан Аблазовго аз берип койду, ал ушулардын башчысы да. Алтымыш бешке чыгабы, жетимишке чыгабы, буга кошуш керек эле. Мен ушуга нааразымын.

Жолдошу үйүнө кайтып келатып, жол тоскон сузактыктардын колунан набыт болгон Кызбурак Сулайманова облустук соттун өкүмүн Жогорку Сотто бекитилишин өтүндү:

- Соттун бүгүнкү өкүмүнө мен ыраазымын, биздин 5-6 айдан бери болгон ыйыбызды, муңубузду укту. Мен Жогорку Соттон суранам - өкүм ушул бойдон калсын. Менин күйөөм Жалал-Абаддан Базар-Коргондогу үйүнө келатып, жолдо ушулардын колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Өмүр бою абакка кесилгендердин биринин энеси уулу “Санпанын” жанындагы башаламандыкка катышпаганын ырастайт:

- Мен Мамадалиев Абдулбокинин энеси болом. Биздин балдар “Санпага” барган эмес, сот туура эмес өкүм чыгарып койду. Биздин балдардын эч айыбы жок, жолго чыкса бир жөн эле...

Соттолуучулардын бир жактоочусунан башкасы өкүм угузууга катышкан жок. Соттук курамдын төрагасы нааразы тарап Жогорку Сотко даттанууга укуктуу экенин билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG