Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Таеженин таягынан секелек өмүрү кыйылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Базар-Коргон районунда жети жаштагы кыз таежесинин ур-токмогунан жарык менен кош айтышты.

Милиция окуяга байланыштуу кылмышка шектүү аялды камакка алып, тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бирок каза тапкан кыздын апасы эжесине эч кандай доосу жоктугун айтып, аны эркиндикке чыгарууну суранууда.

Ооруканага жетпей үзүлдү...

Ушул жылдын 8-декабрь күнү Базар-Коргон райондук ооруканасына Тахмина Кенжебаеваны тез жардам унаасы өтө оор абалда алып келген. Анткени бир күн мурда сабалган окуучу кыз мектепке баратып эс-учун жоготуп койгон. Тахмина ооруканага жетпей эле жолдон үзүлүп кеткен. Дарыгерлер анын денесинде көгала тактарды байкашкан. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Абдужалил Умаров буларды айтты:

- Ооруканага кызды алып келгенде текшердик. Жүрөгү сокпой калган экен. Денесинде көгала тактар бар экен. Биз эч кандай жардам бере албагандан кийин милицияга кабар бердик. Тергөө тобунан кызматкерлер келип, кыздын сөөгүн өлүкканага алып кетишкен.

Жогорудагы окуядан улам маркум кыздын таежеси камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгы Тахмина катуу сабалганын көрсөткөн. Анткени ал каза болордон бир күн мурда аны тууганы сабаган дейт Базар-Коргон РИИБнын тергөөчүсү Нурбек Жоробеков.

- Кыздын колу-буттарында көгала тактар болгондуктан аны аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө туура келди. Анын жүрүшүндө 2008-жылы туулган Тахмина Кенжебаеванын бутунда, колунда жана башында так бар экендигин байкадык. Жараат катуу буюм менен ургандан кийин пайда болгону аныкталган. Бул ишке шектүү катары Тахминаны убактылуу багып жаткан таежеси кармалды. 12-декабрдан тарта эки ай камакта болот.

Каза болгон Тахмина Кенжебаеванын атасы Орусияда иштейт. Ал эми апасы да чет өлкөгө барып иштөө максатында кызын бир тууган эжесине үч ай мурда тапшырып кеткен. Кылмышка шектелип кармалган аял окуя болгон күнү жолдошу менен чырдаша кетип, ачуусун секелек кыздан чыгарганын айтты:

- Сиңдим сентябрда "акча таап келейин, кызымды карап туруңузчу" деп суранганынан багып жүргөм. Тахмина өзү оорукчан болчу. Мен башында бага албайм деген элем, болбой таштап кеткен. Өз баламдай эле мамиле кылып, жаман оюм жок болчу. Ошол күнү коноктон келдим, жолдошум менен бир аз араздаша кетип, ачуум менен кызды уруп койдум. "Эмнеге күн сайын сабак жасабайсың?" деп ургам. Мындай болот деп ойлогон эмесмин. Эртеси күнү жакшы эле сабакка жөнөгөн. Жолдо баратып ээси ооп жыгылып түшүптүр. Анан эле ооруканага алып барганча ушундай болуп калды.

"Апамды сагындым, эже"

Тахмина Базар-Коргон районундагы №8 Карача орто мектебинде 1-класста окучу. Мектеп мугалимдеринин айтымында, алгач сабактан жетише албай жүргөн. Бирок соңку учурда ал эжесине апасын сагынганын айтып, окууга болгон мамилеси өзгөргөнүн мугалими Айнаш Султанкулова айтып берди:

- Бул кыздын ата-энеси Ноокен районунан болгонун жана ата-энеси жанында эместигин эске алып, башында мектеп администрациясы аны мектепке кабыл алууга макулдугун берген эмес. Кийин таежеси жоопкерчилигин өз моюнуна алып, бизге кайрылганда гана кабыл алынды. Сентябрь айларында сабактардан жетише албай кыйналып жүрдү, аны мен апасын сагынып, чүнчүгөнү менен байланыштырдым. Кээде сабак учурунда "апамды сагындым, эже" деп айтып калчу. Мен анын турмушун билгеним үчүн "апаң жакында келет" деп сооротуп койчумун. Бирок анын ооруганын же таяк жеп мектепке келбей калганын көргөн эмесмин.

Тергөөчүнүн маалыматына караганда, кыздын апасы кылмышка шектүү эжесине доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазып берген. Жергиликтүү жашоочулардын айрымдары да бул окуяны кокустук катары баалашууда. Алар каза болгон кыз буга чейин тубаса жүрөк оорусунан жабыркап келгенин айтышат. Учурда Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Соңку учурда балдарга карата зордук-зомбулуктун тыйылбай жатышын адистер турмуш шарттын начардыгы жана миграция кесепети менен байланыштырып келишет.

Жалал-Абад облусунда 15 миңге чукул мектеп курагындагы балдардын ата-энеси сыртта иштеп жүрүп, алар туугандарынын колунда тарбияланып жаткандыгы аныкталган. Тергөөчү Нурбек Жоробеков маркум кыздын башка бир туугандары балдар үйүндө тарбияланганын айтат.

- Кыздын ата-энеси Ноокен районуна караштуу Тоскол айылында жашачу. Атасы Бейшеев Каныбек 2014-жылдын май айында чет жакка иштөө үчүн кеткен. Тахминадан башка дагы үч баласы бар. Эки баласы Кочкор-Ата шаарындагы туугандарынын үйүндө жашап, интернатта окушат. Ал эми кичүү кызын апасы өзү менен чогуу алып жүрчү. Бардыгын суракка алган кезде каза болгон кызды буга чейин да опузалап уруп жүрчү экен, "бирок катуу урган эмеспиз" дейт.

Статистикалык маалыматтарга караганда, өткөн жылы балдарга карата өлкө аймагында 900дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган.

XS
SM
MD
LG