Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

"Адилеттик": абакта кыйноолор болгон


Жалал-Абаддагы адам укугун коргоочу “Адилеттик” уюму жайында убактылуу кармоо жайларында болгондордун ичинен 25 киши кыйноого дуушар болгонун билдирди.

Аталган уюм облустук прокуратура кыйноо фактылары боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айтса, облустук прокуратура кыйноо фактылары тастыкталбагандыктан кылмыш иши козголбогонун билдирди.

"Адилеттик" уюму Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун долбоору боюнча июнь-август айларында облустун убактылуу кармоо жайларын изилдөөгө алган. Уюмдун юристи Уткир Жаббаров ошол көзөмөл учурунда убактылуу абакта кылмышка шектүү катары жана сот өкүмүн күтүп отурган, же эркиндигинен ажыратылгандардын ичинен 25 адам ыдык көргөнүн айтышканын билдирди.

“Адилеттик" уюму бул окуяларга байланыштуу кылмыш ишин козгоо өтүнүчү менен облустук прокуратурага кайрылган. Бирок прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тарткан жана анын себебин сураган укук коргоочуларга кылмыш ишин козгобогону жөнүндө токтомдордун көчүрмөлөрүн берген эмес:

- Убактылуу кармоо жайларында соттолуп бүткөндөр да отурат. Мунун өзү укукту бузганга тете. Алардын кээ бирөөлөрү оозеки, айрымдары жазуу түрүндө, бирок 25и жазуу түрүндө кыйноо тууралуу маалымат беришти. Кыйноонун түрлөрү – көбүнчө уруп-согуу, башына желим баштык кийгизүү, уруп-согулганы тууралуу айтып беришти. Ушул фактылар боюнча биз жазуу иретинде прокуратурага кайрылдык. Прокуратура ар бир факты боюнча кылмыш белгилери аныкталган жок деп, арызыбызды канааттандырган жок. Кылмыш иштен баш тартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөлөрүн берүү боюнча Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү бар.

"Адилеттик" уюмунун директору (солдо) Валентина Гриценко жана Бактыкан Жапарова
"Адилеттик" уюмунун директору (солдо) Валентина Гриценко жана Бактыкан Жапарова
Уюм кызматкери Бактыкан Жапарованын ырастоосунда, облустун убактылуу абак жайларында отургандар кыйноо болгону тууралуу өз ыктыярлары менен билдиришкен:

- “Бизди урушкан, кыйноолорду көрсөткөн, зордук-зомбулуктан жабыр тартканбыз” деп, бизге берген арыздарын алар колдой турган болсо, прокуратурадан ошол ишти тергеген адам кылмыш ишин козгошу керек. Опер кызматкерлерби, тергөөчүбү, же ИВСтин кызматкерлери урганбы, ошол милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгошу керек. Бирок бул процедура өтө кыйын. Себеби адамдар зордук-зомбулуктун белгилери жоголуп калгандан кийин кайрылышат. Биз убактылуу кармоочу жайдагыларга аларга сурамжылоонун мааниси, алардын укуктары тууралуу түшүндүргөндөн кийин мониторинг өткөргөнбүз. Убактылуу кармоо жайына жеткиргенче эле кармалган маалда, же жолдо уруп коюшу мүмкүн.

Облустук прокуратура жыл башынан бери кыйноолорго байланыштуу 37 кайрылуу алган. Прокуратуранын бөлүм башчысынын орун басары Карим Олжобаев бул кайрылууларда айтылгандардын көпчүлүгү ырасталбаганын тастыктады. Анын жообунда убактылуу кармоочу жайда отургандардын өздөрүнөн бир да арыз түшкөн эмес жана ал жайларда орнотулган видеокамералар аркылуу прокурорлор убактылуу кармоо жайларын көрүп турушат.

- 25 материалдын ичинен Башкы прокуратура бизге бир материалды кошумча текшерүүгө жөнөттү. Аны да кайра текшерип, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу чечими менен бердик. Ошол чечимди да Баш прокуратура мыйзамдуу деп таап чыкты. 25 адамдын беш-алтоо сот болуп аткан убакта "бизди январда урган, мартта урган” деп айтып атат. Конкреттүү мисалдарды келтирчү болсок, Аксы убактылуу кармоочу жайда отурган Мырсалиев Бакытбек Кара-Балтада кармалганда ошол жерден уруп койгонун айтты. Эшенкулов Токтогулдагы убактылуу кармоо жайында отурган, “2010-жылы Бишкекте ГУБОП МВД кызматкерлери урду” деп атат. Сагыналиев деген Майлуу-Суу кармоочу жайында отурат, ал “Таш-Көмүрдө бир жыл мурун урган” дейт. Биз экспертизадан өткөрсөк, "анын денесинде эч кандай жаракат жок" деп берип атат. Кылмыш ишин козгоо үчүн конкреттүү адам болуш керек да. Маселен "мына, бул кызматкер, аты-жөнү мындай, ушул жерде, баланча күнү урду, минтип кыйнады" деп. Мындай фактылар жок болгону үчүн кылмыш иштери козголгон жок.

Олжобаевдин айтымында, кылмыш ишин козгоо же андан баш тартуу тууралуу токтом көчүрмөлөрү "Адилеттик" өңдүү уюмдарга эмес, жабырлануучуларга, же алардын адвокаттарына гана берилет.

Прокуратура текшергенде убактылуу абакта отурган сузактык беш киши “Адилеттик” уюмуна арызданбаганын билдирген экен. Кыргызстанда камоо жана кармоо жайларда кыйноолор бар экени дайыма айтылат. Бирок ачыкка чыгарарга келгенде камактагылар кыйноо болбогонун айтышат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG