Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Сузак: абактагы чуу кыйноодон улам тутанганбы?


Кыргызстандагы абактардын бири
Кыргызстандагы абактардын бири

Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турган кылмышка шектүүлөр камералардын ичинде чуу чыгарышты.

Ызы-чууга камактан шектүү адамдын качып кетиши, ага байланыштуу милициянын катаал мамилеси себеп болгону айтылууда. Милиция камактагылар келтирген жүйөнү төгүндөп жатат. Укук коргоочулар окуяны иликтөөгө алышты.

Кармоочу жайдын алдында ыйлап жаткан аялдар "балдарыбыз сабалды" деп доомат коюшту. Алардын арасындагы Сузактын тургуну Шербетхан Мырзаеванын уулу Дастанбек өткөн айда уурулукка шектелип, убактылуу кармоочу жайда жатат:

- Ичинде балдарыбыз кыйкырып, "жардам бергиле" деп жатат. Анын колу-бутун сындырды деп ойлойм, антпесе ал мынчалык кыйкырбайт болчу. Эмнеге аларды мынчалык кыйнашат, эмне күнөөсү бар? Карыган кишилер кыйкырып жатат. Эртең менен келгенбиз бул жерге, тамак-ашыбызды да бере албай жатабыз. Адам укугу бузулуп, кыйноого кабылып жатат. Жардам бергилечи.

2012-жылы түрмөлөрдө жапырт нааразылык акциясы башталганда оозун төөнөп алгандардын бири
2012-жылы түрмөлөрдө жапырт нааразылык акциясы башталганда оозун төөнөп алгандардын бири

Убактылуу кармоочу жайдагы ызы-чуу ооруканага дарылануу үчүн барган кылмышка шектүү жаран качып кеткенден кийин башталган. Ошол себептүү 17-июнда жакындары менен жолугушуу күн экенине карабай аларды көрүштүрбөй, тамак-ашын жеткирип беришкен эмес. Мындан улам кылмышка шектүү катары камалып тургандар камера ичинде ызы-чуу сала баштаган.

Райондук ИИБнын жетекчиси Нурбек Жаныбеков аларды тартипке чакыруу максатында гана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтат:

- Качып кеткен жаранды кармоо учурунда өзүнүн денесин шишенин сыныгы менен тилип алган экен. Эки сааттан кийин аны жакын туугандарынын чатырынан таап келишти. Тез жардам чакырып, кесилген жерин тиктирели десек өзү көнбөй койду. Ошол учурда башка бир камерадагылар ызы-чуу салып, камералардын эшиктерин тепкилей башташты. Ошол күнү бул жерде облустук ИИБнын да кызматкерлери бар болчу, прокуратураны чакырып, анан аларды сыртка алып чыгып, түшүндүрүү иштерин гана жүргүздүк. Аларды эч ким өлтүрүп, сабап, же токмоктогон жок. Сыртта турган жакындары ошентип ызы-чуу салып жиберишти. Бирок азыр камера ичинде абал тынч жана баары өз жайына келди.

Жагдайды 17-июнь күнү "Кылыш шамы" адам укугун коргоо борборунун юристтери абал менен жеринде таанышып чыгышты. Борбордун өкүлү Абдуназар Маматисламов камера ичиндеги жагдай оор экенин билдирип, ал терең иликтенип чыгууга тийиштигин айтты:

- Мен бул жерге келгенде 20дай спецназ чыгып бараткан экен. Сыртта турган аялдардын айтымында, камактагыларды урганда катуу кыйкырык үндөр чыгып жаткан экен. Бирок кечээ бул жерде абал аябай жаман болчу. Бул жактагылар ызы-чуу салып, жардам сурап жатышыптыр. Мен кээ бирлеринин абалы менен таанышканымда денесинде көгала тактар бар экен. Денеси титиреп турду. Менимче аларга күч колдонулгандай сезилип жатты. Албетте бир тараптуу бир нерсе деп азырынча айтуу кыйын. Баарын бир жолудан кароодон өткөрүп, дагы текшерип чыгуу керек.

Арыз жазылды, текшерүү жүрүүдө

18-июнда убактылуу кармоочу жайдагы абал менен Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилени, жазаны алдын алуу боюнча улуттук борбордун адистери таанышып чыгышты. Борбордун Оштогу өкүлү Худаяржан Нарматов текшерүү учурунда 30 жаран күч колдонулганы тууралуу арыз жазышкан жана көпчүлүгү денелеринен жараат алган.

- Биз атайын билдирүү боюнча келип, текшерүү иштерин жүргүзүп, сүйлөшүп чыктык. Кечээ ызы-чуу болгон. Ар бир камерада жаткандар ур-токмокко кабылганын айтып беришти. Денелеринде көгала тактар бар экен. Аларды сүрөткө тартып алдык. Кыйноого кабылдык деген кайрылуу катка абактагылардын 90% кол коюп беришти. Алардын арасында кээ бирлери кыйноолорго чыдабай колдорун тилип жибериптир. Эки өспүрүмдүн колдору тилинген. Биз бул багытта райондук прокуратурага материалдарды чогултуп беребиз. Ал эми колунда кишени жок дарыканага алып барып, качырып жиберген кылмышка шектүүнүн үстүнөн да ИИБ өз алдынча иликтөө иштерин жүргүзөт.

Сузак райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайында учурда 34 жаран кармалууда. Бирок эреже боюнча бул жай 30 гана адамга ылайыкташкан. Июнь айынын башында да ушул убактылуу кармоочу жайда кармалгандар милиция тез жардам чакырбай жаткандыгын айтышып, ызы-чуу көтөрүшкөн болчу.

XS
SM
MD
LG