Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Сузак: Паспорт машакаты калкты кыйнады


Жалал-Абаддын Сузак районунда көптөгөн адамдар жаңы жылдан бери паспорт алалбай, убара тартууда.

Колу бош болгон Акиш Алимкулов карыя жумуш менен окууда жүргөн кыз-күйөө баласына жана небересине паспорт алып берүү үчүн райондук калкты каттоо бөлүмүнө жыл башынан бери каттайт. Ал паспортко керектүү кагаздарды даярдоого 300 сом, башка чыгымына миң сомдой акча жумшаганын айтууда. Буга чейин кезекке жетимишинчи болуп турган аксакал балдарынын документтерин тапшыра албай калган.

Карыя район борборунан 80-85 чакырым ыраак жашаган тоолуу айыл-кыштактардын тургундары паспорт үчүн бөтөнчө убара тартаарын билдирди:

- Мына бул биринчи форма, экинчи формадагы кагаздарды айыл өкмөттөн толтуруп беришкен. Кызым иштейт, доктурканада, неберем окуйт. Күйөө балам да иштейт. Мен бошмун да, пенсионермин. Алар окуусун, ишин таштап, эки-үч айлап жүрө алышпайт да. Ошон үчүн мен аларга жардам кылып, жүгүрүп жүрөм. “Өзү келсин” дегени ал төрө пейилдик да. Ким болсо да туура документ тапшырып, паспорт алып берсе жаманбы? Жетимишинчи кезекте болсом, ошондо да жетпей калды. “Өзү келсин“ дейсиңер, мен эки айдан бери каттайм. Эми алар окуусун таштап, ишин таштап, эки-үч ай салпактап жүрө бериши керекпи?

Жумушсуз жүргөн Улукбек Шарабидинов бул карыядан үч эсе көп чыгым тартыптыр. Ал 19 түрдүү документ даярдаган. Бирок дагы эле паспорт ала элек:

- Паспорт алам деп эки айдан бери жүрөм. Паспорт алганы бардык нерсени топтодук. Мен паспортту биринчи жолу алып жатам, ошон үчүн документтери көп болуп кетти. Соттон чечим чыгарттым. Эсеп өзгөрдү дегенинен кайра-кайра банкка барып, төлөп жүрөбүз.

Райондук калкты каттоо бөлүмү паспорт менен биринчи кезекте мектеп бүтүрүүчүлөрүн камсыздоого аракеттенүүдө. Бөлүм башчы Муктар Исмаилов паспорт берүү түстүү баракчанын январь айынан бери келбегени менен кечеңдегенин, былтыр мындай көйгөй болбогондугун билдирди.

Анын айтымында, паспортту алгач алууга алты документ керек болот. Ага 170-180 сом сарпталат. Алар менен Кыргызстандын ички жана сырткы паспортторун алууга кеткен чыгым 800 сомго жетет. Андан ашык жол кире чыгымдары жарандардын өздөрүнө тиешелүү.

Паспорттук документтерди тапшыруунун создугушу алардын өздөрүнө байланыштуу. Себеби, бөлүм башчынын айтымында, документти даярдоодо жарандар көп ката кетирет. Паспорт алууга ага тиешелүү адам гана келүүсү керек.

1988-жылы төрөлгөн Улукбек Шарабидинов мурда паспорт алган эмес. Ошондуктан атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүүгө тийиш болгондуктан ал он тогуз кагаз даярдоого милдеттүү. "Райондун үч жеринде паспорт документтерин кабыл алуу жайы бар", - дейт Муктар Исмаилов:

- Анда жүз бланк келген, ага элүү адам тапшырат. Себеби ID картага бир бланк, тышкы паспортко бир бланк толтурулат. Ошондо элүү адамга жазылат. Жетимишинчи эмес, элүү биринчи болсоңуз да жетпей калат. Өздөрү бир да жолу келе элек. Мына, Зулайка деген кызыңыз өзү жок. Болгону жүздөн, эки жүздөн бланк алып атабыз. Ал деген бизге эки, же үч саатка жетет, болду. Түстүү бланк азыр келди, биз документтерди токтотпой алабыз, жетиштүү. Инвалид болобу, же башка болобу, өзү келип кол коймоюнча, мен документтерди ала албайм. Себеби өкмөттүн Уставы ушундай. Группада турса группасынын кагазы болот. Ата-энесинин да, нике күбөлүгүнүн да көчүрмөсү жок, муну мен ала албайм. Чийки документ. Биздин облуска да түстүү бланка бөлүнүптүр.

Паспорт алса, иш издөөнү чечкен Абдикарим Хайдаралиевдин документтери бир нече ирет бузулган:

- Мен деле беш-алты жолу келип атам. Бланк бир айдан бери келбей атат. Мына документтеримди кайтарышты. Үч жолу кагаздарыбызды алмаштырып келдик. Барсак эле, алмаштырып кел дей берет. Он сомдуктан жыйырма бир сомдук кагаз кылып кел дей берип жадатып ийди.

Замира Тажикулова паспорт төлөмдөрүн кабыл алуучу эсеп номердин өзгөрүүсүнөн улам үч ирет акча төлөсө да, атайын баракчанын жетишсиздигинен документи эмдигиче паспорт алууга жөнөтүлбөгөнүн айтууда:

- Бланк жарабайт дешет. Декабрда акча төлөгөн элек, январда эсеп өзгөрдү дейт. Анан кайра төлөдүк. Январда кеткен документибиз кайра келди, дагы акча төктүк. Эми документибизди кайра жөнөттүрө албай турабыз, түстүү бланк жок. Мына февраль бүтүп, март айы келип калды.

Сузак райондук калкты каттоо бөлүмүнүн маалыматында райондо 260 миң калк жашайт. Жыл сайын 60-65 миң адам паспорт алат. Советтик үлгүдөгү паспорт менен жүргөн миң чакты адам бар.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG