Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Майлуу-Суудагы жетим балдар үйү жабылганы жатат


Жалал-Абад облусунун Майлуу- Суу шаарында жетим балдар үйү расмий түрдө жабылган, бирок анда ушул тапта 7 бала жашайт.

Балдар үйүнүн жетекчиси аны калтыруу жана республикалык бюджетке өткөрүү өтүнүчү менен жогору жактагыларга кайрылууда. Шаардык мэрия ал жерде жергиликтүү казынанын эсебинен балдар бакчасын ачуу буйругун чыгарган.

Мындан он бир жыл мурда ачылган Майлуу-Суудагы кароосуз балдар үйү 30 орунга эсептелген. Балдар үйүнүн деректири Кылычбек Абдыбеков бул аралыкта жүздөгөн жетим балдар тарбияланып чыкканын айтууда:

- Шаардык мэрия жана социалдык тармак кызматкерлери балдарга психологиялык басым жасоо менен бул үйдү жаап, аны өз керегине жумшоонун аракетин көрүүдө.

Ушул тапта бул үйдө эки томолой жетим жана турмушу начар адамдардын 5 баласы жашайт. Алардын тамак-ашы үчүн ай сайын жергиликтүү казынадан каражат суроого туура келет.

Кылычбек Абдыбеков ошол себептүү жетим балдар үйүн калтыруу жана аны республикалык бюджетке өткөрүү өтүнүчү менен президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү бийликтерге кайрылууга аргасыз болгонун белгиледи:



Ата-энесинен алты жашында жетим калган Курманбек кызы Элзаданын баш калкалап бараар тууганы жок. Ал балдар үйүндө ачылгандан бери турат. Балдар үйү жабылса, кайда бараарын билбейт, анткени иши жок, Майлуу-Суу шаарынан берилди деген батирде жашоого мүмкүн эмес:

- Квартира беришкен, бирок ал жерде жашаганга болбойт да, ремонт кылыш керек, анын документи да, ордери да жок. Мен күнүгө ойлоном, бул интернатты жаап койсо, кантип жашайм?

Ноокен районунун тургуну Бүзейнеп Стамова өз балдарынан сырткары жол кырсыгынан набыт болуп, мурда ушул үйдө иштеген сиңдисинин балдарын да багууда. Эми ошол жана Өзбекстандан келген дагы бир сиңдисинин 7 чүрпөсүн ушул балдар үйүнө жайгаштыруу жана батир берүү өтүнүчү менен Майлуу-Суу шаардык бийлигине кайрылганы балдар үйүнө келген кези:



Анткен менен Майлуу-Суу шаардык кеңешинин 2011-жылдын 30-июнунда өткөн сессиясы жетим балдар үйүн жабуу токтомун кабыл алган экен.

Балдарга психологиялык басым көрсөтпөгөнүн жана ал үйдү сатуу шаар бийликтеринин оюнда жок экендигин ырастаган мэрдин социалдык иштер боюнча орун басары Зирекан Батырбекова 7 бала балакатка жеткенге дейре ошол үйдө жашап кала берерин маалымдады.

Анын сөзү боюнча шаардык мэрия сентябрь айында жетим балдар үйүн балдар бакчасына айландыруу тууралуу буйрук чыгарган. Балдар үйүнө жыл аягына дейре каражат ажыратуу жагы каралган. Быйыл 18 жашка толо турган балдар үйүндөгү томолой эки жетимге жергиликтүү бюджеттин эсебинен батир бөлүнүп берилген:



Ал жетим балдар үйүнүн тегерегинде турган көп кабаттуу үйлөрдүн 70 чакты тургунунун кайрылуусу боюнча ачыла турган балдар бакчасы да жергиликтүү казынанын эсебинен иштей тургандыгын билдирди.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG