Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

Күйдүргү ылаңы бир айылды чочутту


Жалал-Абад облусунун аймагында күйдүргү соңку ирет 2013-жылы Ноокен районунда катталып, бир адам ооруканада дарыланып чыккан. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Жалал-Абад облусунун аймагында күйдүргү соңку ирет 2013-жылы Ноокен районунда катталып, бир адам ооруканада дарыланып чыккан. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Жалал-Абад облусунда күйдүргү дартына шектелип, колдорун жара баскан жети адам учурда ооруканада дарыланууда жана 180 адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

Ооруган малдын эти союлган айылга карантин жарыяланып, көзөмөл-өткөрүү бекеттери орнотулган.

Ылаңдаган уй Майлуу-Суу шаарынын жанындагы Көк-Таш айылында 24-январь күнү союлуп, анын 35 бөлүккө бөлүнгөн эти жергиликтүү элге таратылган. Үч күндөн кийин малды сойгон жети адамдын колунда жара пайда болгон. Дарыгерлер так диагноз коюшкан эмес. Качан гана алардын биринин абалы начарлаганда, баарын ооруканага алып келишкен. Бул тууралуу облустук ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын башчысы Жумабек Аскаров билдирди.

- 27-январда колдоруна жара чыкканын көргөн мал догдурлар "ооруканага баргыла" деп айтышкан. Аларды көргөн дарыгерлер жеңил экен деп, үйдө дарыланууга уруксат берген. Бирок алар өз алдынча элдик медицина ыкмасы менен кийизди күйгүзүп, жараларына баса беришкен. Качан гана биринин температурасы көтөрүлүп, ооруканага түшкөндө, калган жети адам күйдүргүгө шектелип, ооруканага жаткырылган. Бирок азыркы учурда союлган мал күйдүргүгө кабылгандыгы так аныктала элек. Биз анализдерди лабораторияга жөнөткөнбүз. 35 үй-бүлөгө таратылган малдын эти кайрадан алынып, жок кылынды. Ошондой эле мал союлган жер да дезинфекцияланды.

Бишкектеги эт базар
Бишкектеги эт базар

Аталган аймактагы жагдайга байланыштуу 5-февралда шаар мэринин буйругу менен карантин жарыяланган. Учурда Майлуу-Суу шаардык бейтапканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан жети адамдын абалы жакшы жана дарыгерлердин көзөмөлүндө. "Айыл жашоочуларына дары-дармектер таратылган", - дейт Көк-Таш аймактык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Зулая Базаркулова.

- Биринчи келгенде бейтаптардын биринин дене табы түшпөй жаткан. Азыр бир калыпка түшүп калды. Биздин дарыгерлер айылды кыдырып, дары-дармектерди берип жатышат. Башка ооругандар, бактыга жараша, байкалган жок.

Ылаң катталган Көк-Таш айылынын Түштүк деп аталган аймагына өткөн жуманын соңунда эки жерге көзөмөл бекеттер орнотулуп, бул айылдан мал - жандыктарды сыртка чыгарууга тыюу салынган. Илдетке чалдыккан жана өзгөчө көзөмөлгө алынган жергиликтүү тургундар менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Өзүн Калыбек деп тааныштырган айыл тургуну эл арасында кооптонуу бар экенин билдирип, айылга дары-дармектер таратылганын айтты:

- Азыр эт жештен деле коркуп жатабыз. Биз билген жокпуз да, мурун деле ушинтип, союлган малдын этин бөлүп алып, жеп жүргөнбүз. Мал биздики, каалашыбызча багабыз, бирок мал догдурлар деле айыл аралап, көз жүгүртүп койсо болмок да. Качан гана ызы-чуу чыкканда көңүл буруп калышат.

Бишкектин жанындагы Ала-Тоо-1 конушунундагы күйдүргү көмүлгөн аймак.
Бишкектин жанындагы Ала-Тоо-1 конушунундагы күйдүргү көмүлгөн аймак.

Аймакка киргизилген карантин качанга чейин уланары азыр белгисиз. Шаардын вице-мэри Камбар Расулов тургундардын ден соолугу текшерилип жатканын айтып, кооптонууга негиз жок экенине ишендирди:

- Азырынча кооптонууга эч кандай негиз жок. Оору катталган жерлер биздин көзөмөлдө. Учурда медиктер, ветеринарлар биригип, айылда адамдардан тартып, мал-жандыктарга чейин эмдөө жүргүзүп жатат. Майлуу-Суу шаарында оорунун очогу жок, бирок тоолуу аймакта бар, алар тосулган.

Облус аймагында учурда Сибир жарасы же күйдүргүнүн 296 очогу бар. Алардын 200дөйү азыр кайда жайгашканы белгисиз. Адистер эми мыйзам аркылуу мал ээлеринин жоопкерчилигин арттырууну көздөшүүдө. Облустагы башкы ветеринар Жумабек Аскаров буларга токтолду.

- Жыл ичинде эки жолу күйдүргүнүн очокторуна көзөмөл жүргүзүп, анализдерди алып турабыз. Азыр ал жерлер тосулган. Тургундардын малын да жыл сайын эмдөөдөн өткөрөбүз. Ал эми 200 очок азыр кайда экени белгисиз. Негизги очоктор: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда деп эсептелет. Жаңы мыйзамга ылайык, мал ээлеринин да жоопкерчилиги күчөтүлдү. Малды талапка ылайык кароо, ветеринардык кароодон өткөрүү жана санитардык талаптарды сактоо милдеттерин коюп жатабыз.

Жалал-Абад облусунун аймагында соңку ирет 2013-жылы күйдүргү Ноокен районунда катталып, бир адам ооруканада дарыланып чыккан. Учурда облус аймагында 1 млн. 220 миң майда жандык, 300 миң кара мал жана 60 миң жылкы катталган болсо, аларды болгону 90го чукул гана мамлекеттик ветеринар көзөмөлдөйт.

XS
SM
MD
LG