Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

"Малчы эмес, кул болдум"


Жаанбек Чилетиров
Жаанбек Чилетиров

Жалал-Абаддын Сузак районунда түзүлгөн ыкчам топ зордук-зомбулукка кабылган үй-бүлөнү куткарып, коопсуз жайга жеткирди.

Жаанбек Чилетиров бир аптадан бери эки баласы жана аялы менен бирөөнүн үйүндө баш калкалоодо. Ага дейре ал оозеки келишим боюнча бир ай бою Сузак районундагы Жоон-Күңгөй айылындагы Үрүмбаш деген кыштоодо Руслан Кыралиев аттуу адамдын коюн багып жүргөн.

Макулдашууга ылайык, жазга дейре иштөөнү чечкен Жаанбекке мал ээси айына беш миң сомдон айлык төлөп, тамак-аш менен камсыз кылуу жагын да мойнуна алган. Бирок, Жаанбектин айтымында, кой ээлери кетейин десе кетирбей, аны кулчулукта кармап, убадасын толук аткарган эмес.

Отун-суусу, жарыгы жок кыштоодогу жашоо жана мал ээлеринин оокатты ченеп-бычып бергени көңүлүн иренжиткен малчы январдын ортосунда башка жакка көчүп кетмек болот. "Каш карайганда жол тосуп чыккан кой ээлери машинадагы жүгүмдү чачып, өзүмдү жулмалашты", - дейт Жаанбек Чилетиров:

- Баш-терисин ээндери менен бергем. “Өлгөн койду төлөп бересиң, кетпейсиң”, - деп кармап калышты.



Ошентип кой ээлери аны кыштоого кайтарышып, кетүүгө уруксат бербей, бир күн кармап турушат. Аргасы түгөнгөн Жаанбек Чилетиров жардам сурап, акыйкатчыга телефон аркылуу кайрылат.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү койчуну бошотуп алуу ишине жергиликтүү уюмдардын кийлигишүүсүн өтүнөт. Өкүлдүн билдирүүсүнөн кийин Сузак райондук прокуратурасы тармактык жана коомдук тартип кызматкерлеринен ыкчам топ түзүп, топту кыштоого жөнөтөт. Ыкчам топтун аракети менен Жаанбек Чилетиров 18-январда кыштоодон бошотулат. Ал аялын төрөт үйүнө жеткиргени жана карышкыр жеп кеткен кой үчүн да үй ээлери айлыгын өөнөп калганын билдирди.

Мындай дооматтар менен Кыралиевдердин үй-бүлөсү макул эмес. Чилетировдун Токтогул районунан Сузактын тоосуна көчүп келүүсү жана аны менен өз үй-бүлөсүнүн келишиминин башында болгон Венера Кыралиева Жаанбек кимдир-бирөөлөрдүн тилине кирип, короодогу койлорду өткөрүп бербей, түндө эскертүүсүз көчүп кетмек болгонун айтууда.

Кыралиеванын ырасташынча, оорулуу иниси Русландын адамды ураар күчү жок. Чилетиров эмгек акысын ай сайын эмес, бир нече айдыкын топтоп алууга өзү макул болгон, ал барымтада кармалган эмес. Мал ээлери аны ай жарымында келген жагына жеткирип коймок болушканда Жаанбек өзү андан баш тарткан. Оперативдүү ыкчам топ барган күнү да ал кой ээлерине кайыр-доосу жоктугун билдирген.

- Иним Руслан Кыралиев алты-жети жылдан бери ооруп жүрөт, төрт-беш жолу операция болгон, анын ура турган абалы жок.



Сузак райондук прокуратура түзгөн ыкчам топ Жаанбек Чилетировдун үй-бүлөсүн куткаргандан кийин кооптуу жайга жеткирген. Төрөт үйүнө 18-январда жаткырылган жубайы көз жарган. Чилетиров кайрылгандан кийин 20-январда райпрокуратура кылмыш иш козгогонун прокурор Талантбек Акышев билдирди:

- Арыздын негизинде биз ошол эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин биринчи бөлүмүнүн негизинде кылмыш ишин козгоп, азыркы күндө милиция тарабынан тергелип атат. Иш "Кулчулукка пайдалануу" беренеси боюнча козголду. Кыралиев Руслан андай болбогонун айтат.

Прокурордун айтымында, кылмыш ишти тергөө Сузак районундагы Октябрь айылдык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG