Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:20

Чаткалга калың кар түштү


Кыргызстан калың жааган кардан кыйналууда. Жалал-Абад облусунун алыскы Чаткал районундагы абал туурасында аким Акматбек Таласбай уулу "Азаттыкка" маек курду.

- Чаткалда кар калың жаап, унаа жолу жабылган эле. Тазалоо иштери бүттүбү, азыр абал кандай?

- Кабар алганыңыздар үчүн рахмат. Чындыгында эле Чаткалда тынбай кар жаап жатат. Буга чейин ноябрь айында мындай кар түшкөн эмес. Башка жылдагыларга салыштырмалуу бул жолу март айындагыдай суу кар жааганы менен да айырмаланып жатат.

Азыр биз коопсуздукту камсыздоо үчүн жолду убактылуу жаап турабыз. Чаткал районунда сегиз техника иштеп жатат. Айылдара арасында байланыш бар. Жогору жактагы үч айылда убактылуу жарык өчүп калды. Учурда Чакмак-Суу, Коргон-Сай, Башкы-Терек айылдарында эки бульдозер иштеп жатат.

- Сиз айткан үч айылда жарык качан өчтү, эми качан калыбына келтирилет?

- Кечээ эртең менен өчкөн, кардын калыңдыгынан ал жакка жете албай жатабыз. Техникалар сүргөнгө өтө оор болуп, өтө жай жылып жатат. Элдин каттоосуна кичине тоскоол болуп атат. Бүгүн түштөн кийин жарыкты беребиз, ортодогу оор кардан үзүлгөн линияларды калыбына келтиребиз.

- Жылуулук маселеси кандай болуп атат? Кар эрте түшүп, эл көмүр, отун-суу жагынан кышка даяр беле?

- Мектептерге, элге көмүр ташылган. Отун менен камсыз болгон. Ал жагынан биз даяр болчубуз.

- Азыр кардын калыңдыгы канча?

- Айылдардын аралыгына жараша кардын калыңдыгы ар кандай. Кечээ Чакмак-Суу айылында эсептегенде болжолдуу 1 метр 58 см. болчу. Бирок ортосунда жамгыр, суу кар жаагындыктан кар отуруп атат.

- Кар көчкү түшүү коркунучун изилдеп көрдүңүздөрбү?

- Азыр деле кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бирок жолдун жабылганына эки күн болду. Чапчыма ашуусунан Курулуш айылына чейинки аралык тазаланып бүттү. Мен ал жактан кечээ кечки саат 11лерде кеттим. Азыр эки техника Чапчымага чейин сүрүп келатат. Бүгүн бул ашууну тазалашыбыз керек.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG