Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Ишкерлер мамлекеттен колдоо күтөт


Коогалаң жүздөгөн ишкерди зыянга учуратты.
Коогалаң жүздөгөн ишкерди зыянга учуратты.

Июнь коогалаңында жабыр тарткан жалалабаддык ишкерлер мамлекет тарабынан эч кандай жардам берилбегенине нааразы. Губернатордун орун басары аларга жеңилдетилген насыяларды берүү маселеси өкмөттө каралып жаткандыгын, ишкерлер 2012-жылдын акырына дейре салыктардан бошотулганын билдирди.

Жалалабаддык ишкер Тажикан Кадырова былтыркы башаламандыктарда өрттөлгөн ишканаларын кайра калыбына келтире албай кыйналууда.

7 миллион сомго жакын зыян тарткан аял өкмөттөн колдоо таап, кичи ишкана ачып болсо да, бизнесин кайра баштайын десе, акчалай жардам бере албаган бийликке капа болду.

- Менин чоң бизнесим – кафе, ресторан туташ жайгашкан “Элита”, “Курманбек” толугу менен тонолуп, өрттөлдү. Өкмөттөн же башка жактан жардам ала элекбиз. “Сабыр кылгыла, ишкерлер” десе эле сабыр кылып келатабыз. Жардам болсо ишкерликти өнүктүрөлү десек, жардам болбой, колубуз тушалуу бойдон турабыз. Мэрияга, обладминистрацияга канча кайрылдым. Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага кайрылдым. “Күтө туруңуз, мезгили келгенде жеке ишкерлерга жардам беребиз” деген жооп алгам.

Өзбек тектүү ишкер Лутфилла Камалов унааларды оңдоочу устаканасында иштеген адамдар жумушсуз калганын билдирди. Каражатка муктаж болгон ишкер былтыр тарткан зыяндардын кандайдыр бир бөлүгүн калыбына келтирип берүүсүн өкмөттөн өтүндү:

- Устаканада иштегендердин көбү бекер жүрөт. Айрымдары үй-бүлөсүн бакканы Орусияга иштегени кетти. Эч кандай жардам жок. Кайсы жакка барбайлы “күткүлө, күткүлө” дешет, андан башка сөзү жок. Бийликтен чыгымдын 20-30-40 пайызын кайтарып берүүсүн өтүнөбүз.

Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин облустагы бөлүмү ишкерлердин бирикмесин ачты. Бөлүмдүн башкы адиси Оролбек Казакбаев былтыркы коогалаңда төрт жүздөн ашык ишкер ар түрдүү ишканаларынан айрылганын, жабыр тарткандарды тактоо иши улантылып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, бирикме ишкерлердин муктаждыктарын камсыздоо үчүн алардын маселесин тиешелүү уюмдарга маалымдайт:

- Бүгүнкү күнгө чейин 406 ишкердин тизмесин тактадык. Ал иш апрелге дейре улантылат. Зыян тарткандардын суммасы үч жүз миллион сомдон ашты. “Возрождение” деген фонд бар, ошонун талабы боюнча отуз ишкердин тизмесин бердик. Жабыр тарткан отуз ишкерге пайызсыз насыя беребиз дешкен.

Ишкер Саламат Исакованын бизнесинен эч нерсе калган жок.
Жабыркаган ишкерлердин өкүлү Тамара Кац бийликтен кайтарымсыз акча берүүнү өтүндү.

- Биздин чиновниктер азыр баштапкы учурда кайтарымсыз кредиттер менен жардам берсе, эгер тогуз пайыз менен бере турган болсо, соода төмөн болот. Ар бир адамга жок дегенде 150-160 миң сом грант түрүндө берсе жакшы болмок.

Дагы бир ишкер Элмира Алимжанова техникалары тополоңдо уурдалган дүкөнүн карыз акча таап, иштетип жаткандыгын кошумчалады.

Өткөн жылы Жалал-Абаддын тургуну Азимжандын соода жайлары да иштен чыккан. Ал соода кеңселеринин абалын атайын комиссия изилдегени менен азырынча жардам боло электигин айтты.

- Мамлекеттен жардам болгон жок. Ошентип бекер жүрөбүз. Ал жерде 50-60 адам иштечү.

Облустук комиссия ишкерлердин тарткан зыяндарын аныктоодо. Губернатордун орун басары Кадырбек Жакыпов өкмөт каржы тартыштыгынан улам аларга акчалай көмөк көрсөтө албаганын ырастады. Анын айтымында, ишкерлерге аз үстөктүү насыяларды берүү маселеси өкмөттө чечилүүдө, алар кийинки жылдын аягына дейре салык төлөөдөн бошотулган:

- Биздин облустан ошол тизмеге 398 ишкер, 409 объект кирди. Жабыр тарткан ишкерлерге 2012-жылдын аягына чейин салыктан жеңилдиктер берилип атат. Мындан тышкары өкмөттөн ушундай чечим чыгыптыр. Улуттук банк менен эсептешүү сактык банкына ишкерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү жагы тапшырылган. Ишкерлердин тарткан зыяндарынын көлөмү өтө чоң болгондуктан жана анүстүнө бюджет тартыштыгына байланыштуу өкмөт түздөн түз акчалай жардам бере албады.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG