Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Биогаз элеттиктерди жыргатмак


Биогаз экологиялык жактан да зыянсыз
Биогаз экологиялык жактан да зыянсыз

Жалал-Абадда фермерлер биогазды колдонууну үйрөнүштү. Көмүр-отун, электр тогунун каатчылыгын бодо мал, кой-эчки, канаттуулардын кыгынан алынуучу биогаз менен жеңилдетсе болот.

Биогаздын калдыктары арзан жана экологияга зыянсыз органикалык жер семирткичке жарайт. Жалалабаддык илимпоздор биогазды эң жөнөкөй ыкма аркылуу 25 миңден 100 миң сомго дейре өндүрүүгө болоорун айтышууда. Элеттиктер карапайым калкка мынча акчага биогаз орнотуу кымбатка тураарын билдиришти.

Айыл, мал чарбасы басымдуулук кылган Кыргызстанда биологиялык отун өндүрүүнүн шарты мол. Отун-көмүр кымбаттап, электр тогу чыңалуу менен иштеген кезде биогаз алуу оңой жана арзан турат.

Жалал-Абаддагы Энергетика жана геоэкология интитутунун кызматкери Бактыгүл Эрназарованын айтымында, биоотун үй жаныбарлары менен канаттуулардын кыктарынан, өсүмдүктөрдөн, тамак-аш чириндилеринен өндүрүлөт.

Биогаздын калдыктары жасалма минералдык заттарга караганда арзан жана табиятка зыянсыз, көп түрдүү органикалык жер семирткичке жарайт. Андай жер семирткич чачылганда отоо чөп чыкпай, талаанын түшүмдүүлүгү артат. Демек мындан элет калкынын социалдык абалы жакшырат.

"Биогазды бир жолу орнотуу менен чейрек кылымдан ашык убакыт бекер энергия алуу мүмкүн", - дейт химия илимдеринин кандидаты Бактыгүл Эрназарова:

- Жалал-Абад облусунда жылына орто эсеп менен болжолдуу түрдө 10 700 тонна субистраттан айына 45 584 куб метр газ алсак болот экен. Бул экологиялык жактан пайдалуу. Биз ар бир үйгө биогаз орнотмосун орнотуп ала турган болсок, кыш мезгилинде отунду кыюу да азаят. Себеби ар бир үйдө жылуулук, газ болот. Азыр жаз жакындаган сайын жер семирткич көйгөйлөрү чыгып жатат. Себеби жер семирткичтер кымбат, азыр мына 25 сомдон 28 сомго чыгып кетти.

Биогазды өндүрүүгө 5 чарчы метрден 500 чарчы метрге чейинки ичине аба кирбегидей темир, же таштан, кыштан, кутудан жасалган идиш жарайт. Ага салынган кыктын 85-90 пайызы суюлтулуусу зарыл. Кык улам аралаштырылып, анын жылуулугу 25-30 градуска жеткен жети-он күн ичинде биогаз алынат.

Бир үй-бүлөнүн керектөөсүнө жараар биогаз үчүн эки-үч бодо малдын кыгы жетиштүү. Беш чарчы метр суюк кыктан 30 чарчы метр биоотун өндүрүлөт. Үч күндөн кийинки кык, же кургатылган көң биоотунга жараксыз. Кыкты суюлтуу үчүн жайында суу, кышында ага антифриз кошуу зарыл. Биогаз калк жыш отурукташкан аймактардан сырткары сүт, же тамак-аш бышырганга жайлоого да ыңгайлуу.

Институттун кызматкери Мазакбай Разаковдун айтымында, биогаздын жанында тамеки тартуу, же от жагуу мүмкүн эмес. Ал БУУнун Өнүктүрүү программасы Ысык-Көлдө 48 үй-бүлөгө биогазды акысыз орнотууга жардамдашканын, Жалал-Абадда азыр бир да адам аны иштетпегендигин билдирди. Бирок Бишкектеги бир фирма биогаз орнотмосун жол кире, куруу иштеринен сырткары 5320 доллардан 54500 долларга чейинки баада жасайт экен. "Энергетика институту андан бир кыйла арзанга кура алат", - деди Мазакбай Разаков:

- Силерге баа көп көрүндү да, ал идеалдуу вариант. Себеби баары жаңы, заводдуку. Бул жерде бош идишти кайсы жерден болсо да он миңге сатып алсаң болот. Компрессору беш миң, майда-чүйдө түтүктөрү беш миң, кеп-кеңеш кызмат акысы беш миң. Ошондо баары биригип 25 миң сомго бүтүрүп алсаң болот. Жыйырма беш градус жылуулук болот. Жыйырма беш градус үйгө нормалдуу жылуулук да.

Жалал-Абаддагы “Нур” ишканасы үч жылдан бери биогаз өндүрүүчү өтө чакан жабдууларды жасоодо. Анын баалары 10-12 миң сом болот экен. Мекеме өкүлү Шавкат Нажимидинов жабдууну жылына 50-60 адам сатып алаарын айтууда. Бул жабдуу саман-топонду, жыгач таарындыларын иштетип, бир бөлмөнү жылыта алат экен;

- Бир бөлмөнү ысытса болот. Муну бизде көбүнчө жайлоого алышат. Ал жерде отун көп кетпеши үчүн биогазды сатып алса, ал биогазды бир жолу толтуруп алып, аны беш-алты саат жаксаң болот. Эртеси күнү кайра толтуруп туруп, чокту өчүрбөй, отун жакпай, кайра эле жага берсеңиз болот.

Анткен менен Жалал-Абадда биогазга өткөн адам аз. Мунун себебин Ноокен райондук агродепартаменттин өкүлү Жаныш Ганыбаев биогаз жабдууларынын кымбаттыгы, ал тууралуу элди кабардар кылуунун жетишсиздиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, жери тартыш айылдыктарга жайкысын мал кармоо кыйын:

- Айылда малы көп адамдар бар, бирок ошолорго жеткиликтүү болбой жатат да. Ар бир айылда, же болбосо айыл өкмөттөрүндө элди чакырып, практикалык жактан көрсөтүш керек. Эгерде ошентип көрсөтсө,элдин газга, жылуулукка болгон муктаждыгы жеңилдемек. Жөнөкөй эл эмес, мына ири фермерлерди да ошо баасы кыйнап атпайбы.

Чет өлкөлөрдө табийгый газ, электр кубатына оордук келтирбөө, табиятты сактоо максатында күн, шамалдан энергия алышаары белгилүү. Биогаз өндүрүү адегенде Британияда көчөлөрдү жарык кылуудан башталып, азыркы учурда Кытай чейрек энергиясын биогаздан өндүрөт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG