Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Жабыркаган ишкерлер: Жардам алуу кыйын


“Ширин” акционердик коомунун башчысы Мурадил Жалалов былтыр өрттөнгөн ишканасын көрсөтүүдө.
“Ширин” акционердик коомунун башчысы Мурадил Жалалов былтыр өрттөнгөн ишканасын көрсөтүүдө.

Жалал-Абадда былтыркы коогалаңда жабыр тарткан ишкерлер толук жардам алыша элек. Жардам алган ишкерлер өкмөттөн насыя алуу өтө машакаттуу экенин айтышууда.

Былтыр болгон улут аралык араздашуу маалында жабыр тарткан ишкерлер өкмөттөн насыя алуу өтө убаракерчиликтүү экендигин айтышууда.

Жалалабаддык Тамара Кац бардык ишкерлердей эле адегенде элүү миң сом кайтарымсыз жардам алган. Анын айтымында, аларга келишим толтуруунун жол-жоболорун түшүндүргөн киши болгон жок. Ошондуктан ага мамлекеттик күбөлөндүрүүчү уюмдун жардамы менен зарыл документтерди толтурууга туура келген.

"Тополоң маалында миллион сомдук буюм тоноттум", - деген бул аял Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы аркылуу үстөк пайызы жок карыз акчаны кыйынчылык менен алганын билдирди.

Карыз акчаны алгыча эки айдай убара тарткан Тамара Кац ири насыяга муктаж болгондо, аз болсо да ишкерлигин жөлөп-таяган өкмөткө ыраазы болууда:

- Насыя алаар алдында бизде өтө чоң көйгөйлөр болду. Себеби зарыл үлгү болгон жок. Биринчиден, келишимге кыймылсыз мүлктү киргизүү керек. Экинчиден, ал мүлктөрдүн үлгүсү болуусу – шарт. Үлгүлөр болгон жок, ал ооз жүзүндө гана болгон. Көптөгөн ишкерлердин папкелери табылбай жатты. Анын айынан алар документтерин кайра башынан толтурууга аргасыз болушту. Бул жүз элүү миң сом насыя мага кыйынчылык менен тийди.

Жалал-Абаддагы “Ширин” аттуу акционердик коомдун былтыр өрттөнгөндөн калган бөлүмдөрүндө жумуш жүрүп жатат. Коомдун төрагасы Мурадил Жалалов кондитердик азыктарды даярдоочу мекеме учурда жаңы жылдык таттууларды даярдап жатканын билдирди. Анын айтымында, мурда 50-60 адам иштеген ишкана мамлекеттен насыя алган жок. Ага мекеменин былтыркы окуяга чейин банктан алган карыздарынын кескин өсүп кеткени себеп болгон.

- Биз да элүү миң кайтарымсыз акча алдык. 150 миң сом алышыбыз керек эле, аны алган жокпуз, себеби ага күрөө коюш керек экен. Ишкананын өрттөнбөгөн жайларын өзүбүз ремонт кылдык. Цехтерди иштетип жатабыз. Азыр 25-30 чакты адам иштеп атат. Жаңы жылга кондитердик көп азыктарды чыгарып, көп акча таап алалы деген ниет менен иштеген адамдардын санын да көбөйттүк.

Коогалаңда жабыркаган ишкер айым Саламат Исакова
Коогалаңда жабыркаган ишкер айым Саламат Исакова
Анткен менен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы жабыр тарткан ишкерлерге насыя берүүнү улантууда. Дирекциянын Жалал-Абаддагы эксперти Түгөйбек Чекиев:

- 150 адам 150 миң сомдон алышты. Ал эми элүү адамдын арызын бүгүн-эртең кароо үчүн комиссия чогулат. Себеби биз өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн тартиптеги документтерди карайбыз.

Чындыгында ошол ишкерлер барбы, алар мамлекетке салык төлөп жүргөнбү, катталганбы, ошолор патент менен иштегенби? Документтерди текшергенде көп ишкерлердин патенттери жок болуп чыгууда. Экинчиден, тарткан материалдык зыяндарынын өлчөмү жетпей жатат, элүү миңден жогору болбой атат. Көп ишкерлердин жүз элүү миң сомдук ссудаларга илешпей калганы ошондон.


Облуста коогалаңда жабыр тарткан 472 ишкер катталган. Андан тышкары дагы жарым миңдей адамдан кошумча арыз түшкөн экен.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG