Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Малчылар чыгымдарын эсептөөдө


Жалал-Абадда чечектин эмдөөсүнөн кийин өлгөн койлорду көмүү уланууда. Дарыгерлер үйлөрдү кыдырып жүрүшөт. Кой ээлери чыгымдарын төлөп берүүнү мамлекеттен өтүнүүдө.

Облуста чечекке каршы эмделгенден кийин өлгөн койлордун саны 25-сентябрда 1837 башка жетти. Алардын ичинен 1488 баш койдун өлүгү өрттөлүп көмүлдү.

Облустук ветеринардык департаменттин башкы адиси Эрмамат Калмаматов ооруну андан ары жайылтпоо максатында тармактык адистер тарабынан эмдөөдөн арткан дарылар элден сураштырылып жаткандыгын билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлгөн койлорду көмүүгө 400 литр дизелдик отун бөлүштүргөн. Өлгөн койлорду көмүү иштерине тармактын кызматкерлери да катышууда:

- Азыр өлгөн койлорду көмүп, дезинфекция кылып, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жасап жатабыз. Карантин 20-сентябрдан коюлган. Оору аныкталгандан кийин ошол оорунун инструкциясы боюнча карантинди токтотобуз. Азыр Жалал-Абаддагы мал базар жабылды. Базар-Коргон жана Ноокен районундагы мал базарларга эскертүү берилди.

Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак кыштагында эмдөөдөн кийин өлгөн 420 баш кой жерге көмүлдү. Айыл башчы Маматкарим Кудайбердиев аталган айылда өлгөн койлордун этин жеген адамдар жергиликтүү дарыгерлердин көзөмөлүндө тургандыгын, алардын арасында ооруга чалдыккандар жок экендигин айтты:

- Ушул короо менен биригип, биздин айылда койлор өлгөн беш жер бар. Өлгөн койлорду улам көмүп атабыз. Эл эт алган, эт таркалып кеткен. Бирок дагы жакшы, доктурлар күнүнө эки сыйрадан үйлөрдү кыдырып жүрүшөт. Сузактан, облустан келишип, бардыгын бир сыйрадан текшерип кетишти.

Көк-Арт айыл өкмөтүнө бүгүн Саламаттык сактоо министрлиги жиберген дарыгерлердин атайын тобу келди. Алар бул айылдан тышкары койлор өлгөн Кыз-Көл жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүнүн калкынын саламаттыгын текшеришет. Облуста малдан адамга жугуучу ооруларды дарылоо үчүн Сузак аймактык, Багыш айылдык жана облустук ооруканаларда алтымыш орун камдалды.

Ал арада койлору өлгөн жарандар менен койчулар чыгымдарын төлөп берүүнү талап кылышты. Эмдөөдөн кийин өзү менен элдин 235 коюнан ажыраган Калмурза ажы Шамурзаев мамлекеттен жардам күтүүдө:

- Ушул өкмөт элге жардам берсе деп суранам. Бардыгы өз маңдай тери менен мал өстүрүшкөн. Мен койлорун баккан адамдардын арасында бир да бай киши жок. Өзүмдүн отуз эки коюм бар эле, ошолордун ичинен 27си өлдү. Элдин коюнан 235 баш кой чыгым болду. Эң кеми ар бир койду беш миң сомдон эсептегенде да чыгым миллион сомдон ашып кетти окшойт.

Облустук бийлик башчынын 1-орун басары Жумагүл Эгембердиева элдин чыгымын өкмөт төлөөр-төлөбөшүн айта алган жок. Анын ырастоосунда, учурда биринчи кезекте өлгөн койлорду көмүү, алардын этин жеген адамдардын ден соолугун көзөмөлдөө башка мал-жаныбарларды сактап калуу милдети турат:

- Бул маселе боюнча өкмөттүн позициясын айта албайм. Биздин жетекчибиз – өкмөттүн өкүлү Бишкекке барып, өкмөт менен сүйлөшөт. Менин оюмча бул маселе ал жерде да каралат болуш керек. Өкмөт жактан чыгым тарткандарга жардам болобу, же жокпу, аны мен айта албайм. Тилекке каршы биздин элибиз чечекке каршы эч кандай маалыматы жок. Эч ким менен кеңешпей, сурабай, ветеринардык дарыгерлер менен кеңешпей туруп, эмдөөнү сайдыра беришкен да. Биз күнүгө кечинде саат алтыда штаб өткөрүп жатабыз. Бүгүнкүгө чейин бир да адам өлгөн койдун этин жегенден кийин ооруганы боло элек. Болбосун дагы!

Жалал-Абаддын базарында бүгүн койдун эти сатылган жок. Атайын адистер ага уруксат бербегендигин эт сатуучулар билдиришти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG