Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Гуревич Максим Бакиевди кантип саткан?


АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун агентинин жашыруун иликтөөсү Максим Бакиев менен Евгений Гуревичтин ишкердик өнөктөштүгү 2010-жылдан кийин дагы уланганын ачыктайт.

Максим Бакиев АКШда кандай мыйзам бузуулар үчүн күнөөлөнүп жатканы расмий айтыла элек. Бирок Wall Street Journal гезитинин кабарчылары Алан Калисон жана Девлин Баррет тергөөгө жакын адамдардын маалыматына таянып, АКШда Максим Бакиевге баалуу кагаздар биржаларындагы мыйзамсыз соодадан 2010-2011-жылдары миллиондогон доллар киреше тапкан деп айыпталышы мүмкүн деп жазып чыгышты.

“Азаттык” макаланын автору Алан Калисон менен байланышты:

- Тергөөгө ылайык, Максим Бакиев америкалык биржалардагы мыйзамсыз соода жүргүзүүгө шарт түзгөн схемага аралашкан. Андан пайдаланып, ал америкалык биржалардагы жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жол менен алып турган. Муну "инсайдерлик соода" деп атап коюшат.

- Жөнөкөй тил менен түшүндүрсөм, тигил же бул компаниянын абалы, пландары купуя кармалып, бардыгына бир убакытта шардана кылынышы керек. Себеби мыйзамдар боюнча брокерлердин бардыгы ошол компаниялардын акцияларын сатуу, же тескерисинче сатып алууну бир мезгилде чечүүгө тийиш. Бакиев болсо жашыруун бир булактын жардамы менен керектүү маалыматты алдын ала алып, киреше тапкан деп айыпталууда.

"Азаттык": Ушул жерден тактоо киргизсеңиз, Максим Бакиев бул мыйзамсыз иштерди Британияда жүргөн кезинде жасаганбы?

- Болжол менен ал бул иштерди Британия аркылуу акчасы сакталган латвиялык банктагы эсебин пайдаланып жасап келген. Мыйзамсыз соода америкалык биржаларда жүргүзүлгөндүктөн, АКШ аны камакка ала алат. Биздеги документтерде анын Кыргызстандагы ишмердигине байланышкан иликтөө тууралуу айтылган эмес.

"Азаттык": Иликтөөчүлөрдүн документтеринде кайсы конкреттүү фактылар жөнүндө айтылат экен?

- ФБР 2010-2011-жылдар аралыгында Максим Бакиев биржадагы мыйзамсыз соода кылуу жолу менен миллиондогон доллар киреше алган деген доомат артууда. Документте 3 конкреттүү факт келтирилет. Биринчиси - Нью-Йорк фондулук биржасындагы (NYSE) Tyco International компаниясы, экинчиси – NASDAQ же баалуу кагаздар рыногундагы InterMune inc. компаниясынын жана үчүнчүсү - ошол эле NASDAQ аркылуу Global Industries компаниясынын акцияларына байланышкан махинациялар.

Tyco International компаниясынын акцияларынын соодасы Бакиевге 390 миң доллар киреше алып келген имиш. Бирок калган иштерден канча киреше тапканы так белгилүү эмес.


"Азаттык": Макалада сиздер кыргызстандыктарга тааныш бир ысымды атаптырсыз. Евгений Гуревич бул иште кандай роль ойногон?

- Евгений Гуревич, сыягы, Максимдин финансылык кеңешчиси болгон. Ал аны купуя маалыматтарга ээ адамдар менен тааныштырып турган. Болжол менен Гуревич биржалардагы мыйзамсыз сооданы уюштурууда негизги адамдардан болгон. Максим Бакиев болсо “кутумдун №1 катышуучусу” деп аталган.

"Азаттык": Бакиев камакка алынган күнү Гуревич Римге келип, сот менен кызматташууга макул болду деген кабар тарады. Сиздин пикириңизде, эки окуя ортосунда байланыш барбы?

- Менимче, эч кандай байланышы жок. Себеби Гуревич айыпталып жаткан Италиядагы иш абдан чуулгандуу жана дыкат териштирилүүдө. Менин билишимче, алар Гуревичтин акыр аягында сотко келишин камсыздоо үчүн чечкиндүү чара көрөт эле.

Ал сот менен кызматташууну эмне себептен чечкенин айтуу кыйын. Кээ бир маалыматтарга караганда, Гуревич апрель окуяларынан кийин бир жарым жылдай Беларуста жашап жүргөн. Эмне үчүн Беларустан АКШга кеткени да түшүнүксүз. Менимче, ал сот маселелери кала берээрин аңдап, андан көрө кызматташуу жолун тандаса керек.


"Азаттык": Гуревич Максимдин ишинде “конфиденциалдуу же ишенимдүү жашыруун булак” деп аталат экен...

- ФБР конфиденциалдуу же жашыруун булактын аты-жөнүн өзүнүн иликтөө кагаздарында атабайт. Аны коопсуздук себептерден улам ачык атабай, шарттуу бир ат берүүгө аракеттенишет. Бирок бул иштин жагдайлары айдан ачык болгондуктан, ошол конфиденциалдуу булак Гуревич болчу деп ишенебиз жана, албетте, Максим Бакиев өзү, мен жана айткандай, “кутумдун №1 катышуучусу” деп шарттуу аталган.

"Азаттык": Башкача айтканда, Гуревич Максимди сатып кеткен деп айтсак болобу?

- Гуревич ФБР менен кызматташкан көрүнөт. Ансыз ФБР Максим Бакиевди камакка алуу үчүн негиз болуп бере турган фактыларды топтой албайт эле.

"Кутумдун №1 катышуучусу"

Алан Калисон сөз кылган документ “Азаттыктын” да колуна тийди. АКШнын Федералдык иликтөө бюросу - ФБРдин Нью-Йорктогу агенти аны британиялык Али Тайиб Мунир аттуу кишини камакка алуу үчүн негиздеме катары быйыл апрелде жазыптыр. Аталган адам жакында Нью-Йорктун Федералдык сотунда биржаларда көз бойомочулук кылуу максатында кылмыштуу кутумга катышканын мойнуна алды.

ФБРдин агенти жүргүзгөн иликтөөгө кайрылсак, чындыгында эле агент "жашыруун булак" деп атаган адам Евгений Гуревичке окшогону дароо сезилет.

Документте жазылгандай, "жашыруун булак" – АКШнын жараны, 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрелине чейин Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринде финансылык кеңешчи болуп иштеп жана Нью-Йорктогу консалтинг компаниясын жетектеп турган. Көбүнчө ошол өлкөдө жашаган.

Анын кардарлары өкмөттүк мекеме, ишканалар болгон. Булактын өкмөттөгү жогорку бир жетекчи менен жеке жана профессионалдык байланыштары бар болчу. Ал адам шарттуу түрдө “кылмыш кутумунун №1 катышуучусу” деп аталыптыр. Апрелдеги ыңкылаптан кийин ошол жетекчи Англияга, ал эми “жашыруун булак” Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн бирине качкан.

Сыягы, сөз чындап эле Максим Бакиев тууралуу жүрүүдө.

ФБРдин агенти эки кишиге Борбор Азия өлкөсүндө коюлган айыптар тууралуу айтылып, “жашыруун булак” Италияда да арам акчаны адалдоо, салыктан качуу сыяктуу чуулгандуу кылмыш иши үчүн айыпталууда деп жазат.

2011-жылдын 2-июнунда АКШнын соту аны Борбор Азия өлкөсүндө күчкө салып акча өндүрүү ишине байланыштуу ордер чыгарган. 2011-жылдын декабрында “жашыруун булак” Кошмо Штаттарга кайтып келип, АКШ өкмөтү менен кызматташууга макул болот. Ал инсайдерлик соода жана башка мыйзамсыз иштерин моюнга алды. Анын сөздөрүн банктан, башка күбөлөрдөн алынган маалыматтар, үн тасмалар бышыктайт, - деп жазылат агенттин иликтөөсүндө.

Миллиондор айланган биржа

Гуревич деп шектелген “жашыруун булак” болжолу менен 2010-жылдын апрель айынан бери Максим Бакиев деп шектелген адамдын Латвия банкындагы эки эсебиндеги акчаны инвестициялоо максатында биржалардагы акциялардын соодасына активдүү киришет. Банк эсептеринин бириндеги акциялардын жалпы баасы дээрлик 45 миллион долларды түзөт. “Жашыруун булак” Британиянын жараны Мунир аттуу адам жана башкалардан алган жашыруун маалыматтарга таянып, ошол инсайдерлик соода жүргүзүп келген деген тыянакка келет ФБРдин агенти.

Документке ылайык, финансылык операциялардын бардыгын “жашыруун булак” Максим Бакиев деп шектелген адамдын уруксаты менен Нью-Йорк, Мадрид, Милан, Лондон биржаларында жүргүзүп келген.

Нью-Йорк биржасындагы ортомчу сатуучулар, 2010-жыл
Нью-Йорк биржасындагы ортомчу сатуучулар, 2010-жыл
​Мисалы, Мунир былтыр апрелде Tyco International компаниясы сатылышы мүмкүн экен деген маалымат менен бөлүшкөндөн кийин 5 миллион долларга анын акцияларын сатып алышат. Tyco сатылбай калганы менен, анын айланасындагы имиштер анын акцияларынын биржадагы кескин кымбатташына алып келген. Бул операциядан 390 миң доллардай киреше түшкөн.

Көп узабай InterMune биотехникалык компаниясы фармацевтикалык 2 же 3 фирма менен кошулат экен деген сыр маалыматка ээ болгондон кийин “жашыруун булак” кайра эле кылмыш “кутумунун №1 катышуучусунун” уруксат менен 9 миллион долларга анын акцияларын сатып алат. Бирок компаниялар азыркыга чейин кошула элек. Натыйжада Бакиев деп шектелген адам чыгымга учурап, компаниянын арзан акцияларын кармап турат.

Иликтөөдө келтирилген үчүнчү факт - Global Industries компаниясына тиешелүү. Өткөн жылдын сентябрь айында компаниянын контролдук пакетин башка бирөөлөр сатып алат экен деген купуя маалымат алгандан кийин, Гуревич деп шектелген ФБРдин жашыруун булагы 3,6 миллион долларга акцияларды сатып алат. Бирок көп узабай АКШнын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясы бул абдан кирешелүү трансакция күмөн жаратарын айтып, сооданы убактылуу токототуп койгон.

"Жашыруун булак" Америка өкмөтү менен кызматташа баштагандан бери анын макулдугу боюнча бул иштеги негизги актерлор, анын ичинде Мунир жана Максим Бакиев деп шектелген адам менен сүйлөшүүлөрдү жашыруун жаздырылып турган. Алсак, Мунир жашыруун маалыматтар менен бөлүшкөн адамдар буга чейинки ийгиликтүү иштер үчүн 122 миң доллар талап кылып жатканын улам-улам эскерткен. Ал киреше табуу үчүн дагы 8дей компания боюнча маалыматтар бар экенин айткандан кийин, “жашыруун булак” жана Максим деп шектелген адам ошол 122 миң доллар карызды төлөп берүүгө көнгөн.

ФБРдин агенти жүргүзгөн иликтөөнүн кыскача мазмуну мына ушундай.

Максим Бакиевдин адвокаты Майкл О`Кэйн менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок. Ал тапта жогоруда сөз болгон Евгений Гуревич шаршембиде Римге келип, дароо камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" телефондон анын адвокаты Астолфо Ди Амато тастыктады.

Ушул тапта Гуревич Италиянын "Режина Чели" түрмөсүндө кармалууда. Италияда ага негизинен "Фаствэб" ишине байланыштуу арам акчаны адалдоо үчүн айып тагылууда. Айыптоочу тараптын ырастоосунда, айрым телебайланыш фирмалары көз бойомочулук жасап, Гуревич андан түшкөн арам акчаны адалдоого жардамдашкан.

Е.Гуревич: Дүйнөлүк каржы базарына жол ачабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:27 0:00
​Гуревич 2011-жылы Кыргызстандын соту тарабынан коррупциялык иштерге айыпталып, 15 жылга сырттан кесилген. "Мегаком" компаниясына Максим Бакиев менен ээлик кылган адамдардын бири экени айтылып келет. Андан сырткары 2010-жылга чейин Кыргызстандагы MGN Capital деген финансы тобунун жетекчиси катары Бакиевдердин финансылык консультанты болгон деген маалымат бар. Ал 2010-жылдын апрель окуясынан кийин Бакиевдин башка жакындары сыяктуу өлкөдөн чыгып кеткен.


Сот адилеттиги

Экстрадиция – бул кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү кызматташтыктын бир түрү. Тигил же бул өлкөнүн өтүнүчү менен кылмышка шектүү же айыптуу адамды кармап, сот жообуна тартуу үчүн аны сураган тарапка өткөрүп берүү.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинин юридика факультетинин профессору жана адвокат Кристофер Свифт “Азаттыкка” курган маегинде Максим Бакиевдин иши британ бийликтери ага баш паанек береби же жокпу - ушул суроого түздөн-түз байланыштуу экендигин белгилейт. Ал 1954-жылкы Качкындардын укугу боюнча конвенцияга ылайык расмий качкын деп саналабы же жокпу? Андан кийин экинчи суроо – экстрадициялоо. Эгер Британия ага качкын макамын бербесе, анда аны өз өлкөсү - Кыргызстанга же АКШга өткөрүп берүү маселесин тезинен чечүүгө болот.

Түз линк
(маектин толук аудиосу)

Британ соту Максим Бакиевдин ишин кароону 7-декабрга белгиледи. Айрым маалыматтарга ишенсек, күрөөгө 250 миң фунт стерлинг же 400 миң доллардай коюлган.

​Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Фарнворт Британияда калыптанган жоболорго ылайык, жеке баш паанек берилген учурлар боюнча комментарий берилбестигин билдирген. Элчинин айтымында, баш паанек берүү жөнүндөгү британ мыйзамдарынын жалпы принциби негизинен баш калка алган адамды үчүнчү бир өлкөгө өткөрүп берүүгө тоскоол болбойт.

Элчи айым Британ полициясы АКШ өкмөтүнүн Максим Бакиевди экстрадициялоо өтүнүчүнө жооп бергенин белгилеп, Максим Бакиевге байланыштуу жараяндар кадимкидей эле тартипте, бирок Британиянын сот системасынын талаптарына ылайык өткөрүлөөрүн бекемдеген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу, ошол тушта президентке караштуу Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) жетекчиси Максим Бакиевге Кыргызстанда миллиондогон долларлык мамлекеттик каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган жана Апрель окуясынан кийин өлкөдө болгон кутумчул окуяларга тиешеси бар деген айып тагылып, эл аралык издөө жарыяланган.

Кыргызстандын өтүнүчү менен Интерпол издеген адамдардын тизмесине экс-президент Бакиевдин эки иниси да киргизилген.
XS
SM
MD
LG