Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Караколдо кармалгандар кыйноого кабылдыбы?


Каракол митинги, Тимур Акбашевдин фотосу, 7-октябрь, 2013-жыл
Каракол митинги, Тимур Акбашевдин фотосу, 7-октябрь, 2013-жыл

Кармалгандарды коргоо комитети УКМКнын тергөө абагындагы он бир адамдын сегизи кармоо учурунда милиция тарабынан кыйноого алынганын айтып чыкты.

7-октябрда Караколдогу митингде кармалгандар милиция тарабынан ур-токмокко алынып, катуу сабалган. Мындай маалыматты Караколдогу митингде кармалгандарды коргоо комитети таратты. Аталган комитеттин төрагасы Акматкарып Чакибашев Көлдөгү башаламандыктарда кармалган 11 адамдын бири Нурлан Бектургановдун көгала болгон сүрөтүн көрсөттү.

- Мынакей бул жигиттин моюну көгала болуп турат. Бул он күндөн кийинкиси. Бөйрөк тушу да көпкөк. Такыр эзилген.

Анын ишендиришинче, УКМКнын тергөө абагындагы 11 адамдын сегизин милиция кызматкерлери кармоо учурунда ур-токмокко алышкан. Чакибашев сабалды делген балдардын сүрөттөрүн кайдан алганын айткан жок. Ал Саруудагы азыркы абалды мындайча түшүндүрдү.

- Биздин комитет баарын көзөмөлдөп турат. Сарууда абал азыр тынч. Бирок эки боз үй дагы деле тигилип турат. Анткени биздин акциябыз мөөнөтсүз. Кумтөр маселеси чечилмейин токтобойт. Бул жерде эч кандай саясий боёк жок. Элдин эки эле талабы бар. Кумтөрдү элдин пайдасына чечүү жана кармалган балдарды бошотуу.

"Милиция балдардын башына кап кийгизген"

Саруудагы митинг
Саруудагы митинг
Анткен менен Караколдо кармалгандардын жактоочусу Аскар Насирдинов УКМКнын тергөө абагындагылар эч кандай кордук көрбөгөнүн айтууда.

- Мен алардын ар бири менен тергөөчүнүн көзүнчө сүйлөшүп чыккам. Мага эч кандай кыйноо жөнүндө айтышкан жок. Азыр алардын абалы жакшы. Тамак-ашы убагында эле берилип жатат.

Тергөө абагына кирип кармалгандар менен жолугуп чыккан ЖК депутаты Равшан Жээнбеков жигиттер сабалган деген пикирде.

- Аларды Бишкектен эч ким сабаган эмес. Азыркы абалдары дурус эле. Бирок Караколдо кармап жатканда баштарына мүшөк кийгизип ур-токмокко алышкан. Өздөрүнүн айтымында, Караколдун четине алып барып 8 баланы кыйнашкан. Айрымдарынын мурду сынган, мээси чайкалгандар да бар. Көбүнүн денеси көгала.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев кармалгандар менен 10-октябрда жолугуп чыккан. Ал кармоо учурунда көгала болгондорду ошондо эле сүрөткө тартып, Башкы прокуратурадан кыйноо фактысы боюнча териштирүүнү өтүнгөн. Балдардын сабалганын убагында айтсам өлкөдөгү кырдаал ого бетер курчумак деген Аманбаев буларды билдирди.

- Бул балдар кармоо учурунда таяк жешкен. 2-3 баланын көзү ошондо көгөргөн экен. Тергөө абагында эч кандай сабоо болгон эмес. Кармоо учурунда алар милиция менен мушташкан. Алардын ичинен бирөө гана милиция тарабынан кыйноого кабылган. Аларды милиция кызматкерлери баштарына кап кийгизип алып, “артыңарда кимдер турат?” деп сурашкан экен.

Ал эми Караколдо кармалгандарды коргоо комитети акыйкатчынын балдардын сабалганын көрүп туруп айтпаганына нааразы болушууда.

Минскиге ким качты?

Ал ортодо президент Алмазбек Атамбаев Нарынга болгон сапарында Көлдөгү башаламандыктарды уюштургандардын бири Минскиге качып кетти деген билдирүү жасады.

- Бардык нерсени ойлонуп жасаш керек. Кызуу кандуулукка алдырбаш керек. Анткени айрымдар жаш балдарды кылмышка түртүп коюп өздөрү акырын жүрүшөт. Караколдогу, Жети-Өгүздөгү жаш балдарды түрткөндөрдүн бирөө азыр Минскте отурат. Жакын арада балким тиешелүү кызматтар айтаттыр. Алардын тиешеси бар экенине далил таппай жатабыз. Бирок билебиз азыр Минскке качып кетти. Бирок түрмөгө отургандар жаш балдар. Анткени кээ бирөө ишенип жатат аларга. Кумтөрдү басып алсак же трансформаторун өчүрсөк, Кыргызстан оңолуп кетет дегенге.

Ушул тапта Минскиде бир тууган инисине бир бөйрөгүн берем деп жүргөн Садыр Жапаров менен байланышып Атамбаевдин сөзүнө комментарий алдык.

- Ооба, мен азыр Минсктемин. Караколдо 2 күн жатып митингдерди уюштурган деген карандай калп. Президент болгондон кийин маалыматтарды тактап туруп анан айтыш керек да. Мен 5-октябрдын түнүндө Алматы аркылуу Москвага учкам. Москвадан Минскиге поезд менен келдим.

- Сизди айрым маалымат каражаттары Курманбек Бакиев менен жолугат деп жазып чыгышты. Чын эле жолугуу ниетиңиз барбы?

- Эми айрым маалымат каражаттары оюна келген нерсени эле жаза берчү болду. Менин андай деле ниетим жок. Ал оюма деле келген жок.

Көлдөгү башаламандыктар боюнча 11 адам УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Алардын арасында акцияларды уюштурду делген Наристе Калчаев менен Улан Чибутов да бар. Саруулуктар алар менен кошо "Кумтөрдүн" топ менеджеринен 3 млн. доллар талап кылды деп камалган Эрмек Жунушбаев менен Бахтияр Курмановдун чыгышын да талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG