Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:40

Атайын иликтөө

Маркумга да жер талаш

Бишкек шаарында жана анын тегерегиндеги жаңы конуштарда көзү өткөн адамга жай табуу, сөөктү жерге берүү түмөн түйшүктөр менен коштолууда.

Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү.
Текст көлөмү - +
Шаардыктарга бөлүнгөн бирден бир түштүк-батыш көрүстөнүндө орун калбай, жаз менен жабылганы турат. Жер жетишсиздигинен шаардыктар эми Аламүдүн жана Сокулук райондорунан жай сатып алууга аргасыз. Ал ортодо көрүстөндөгү бир укум жерди ашыра саткан шылуундар пайда болду. Бишкектин айланасында көрүстөнгө жер жетпегендиктен, айрым адистер сөөктү өрттөөнү сунуш кылууда. Бирок ислам диниятчылары буга караманча каршы.


Көрүстөнгө чейинки узак жол


Бишкекте көз жумган бир маркумдун жасатын жакындары түбөлүк жайга узатууда. Салтка ылайык, алдыга сөөк салынган чоң машине түшүп, артынан жеңил машинелер чубап жөнөдү. Кеминде 250-300дөй киши салган ондогон машинелер башкалаанын бирде кууш, бирде кенен, бирде даңгыл, бирде уңкул-чуңкул көчөлөрүн аралап, шаардан өйдө тоо этектеги көрүстөндү көздөй жай жылып баратат.


Берүүнүн биринчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз



Маркумга топурак салууга чубаган машинелер кесилиштерде жолчырактарга карабай өтө берди, эки жактан үйүлгөн башка унаалар аргасыздан тиштене күтүп турушту. Эмне кылышат, жамандык ар кимдин башында бар эмеспи?

​​Сөөк коюу зыйнаты Бишкектеги жол коопсуздугуна көз салган МАИчилерди да кыйла түйшүккө салат. Муңга батып турган кишилерге кантип жол эрежесин сакта деп айтасың? Тек гана баары өтүп болгуча чыдап күтүүгө туура келет.

Айрыкча шаардын чок ордосунан сөөк чыкканы маркумдун жакындарына да, шаардын тургундарына эселеп азап жана түйшүк жүктөйт.

Бишкек шаардык жол кызмат башкармасынын жетекчи орун басары Шаршен Алиевди угалы:

- Жамандыкта бул нерсени чектөөгө эч кимдин деле акысы жок болуш керек. Адамды акыркы сапарга узатууда, айрыкча мусулмандардыкында үйдүн айланасына боз үй тигилип, машиналар топтошуп калат. Ошол маалда туугандары, жакындары кайрылса, сөзсүз өз жардамыбызды көрсөтөбүз. Атайын постторду коёбуз, кызматкерлерибиз жолдорду көзөмөлгө алышат.

Шаардан сөөктү көрүстөнгө жеткиргенче кымгууттан бир машине экинчисин чийип кеткен, же кагып алган учурлар да кездешет экен. Автоунаалар проблемасы шаар ичинде гана эмес, көрүстөнгө жеткенде да өзүнчө баш оору: 

Түштүк-батыш көрүстөнү
​​- Машинелерин жолдун жээгине токтотушат, баткандары мүрзөнүн ичине кирип кетишет. Батпай калгандары мына ушул жерден тээ кайрылышка чейин созулат, - деп Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнүнө жакын жашаган Кубан демейдеги көрүнүштү айтууда.

Маркумду бейитке жеткирүү – бул маселенин бир гана өңүтү. Эми экинчи өңүтүнө келели. Азыр жакынынан айрылган же жакыны ана үзүлөт, мына үзүлөт деп турган шаардыктардын негизги көйгөйү - жакыныраак көрүстөндөн алы жеткидей баада жай табуу...


Жай табуу азабы


Бишкек четиндеги конуштардын биринде жашаган Батма Марипованын башына салганды башкаларга салбасын!  Бул үй-бүлөдөн соңку жылдары эле беш адамдын сөөгү чыккан. Мындан бир айча мурдарак жол кырсыгынан кызынан ажырады.

Бул конушта көрүстөн жайы канча жыл бою чечилбегендиктен, бешөө беш башка жерге коюлган. Кызынын күйүтүнө батып, абдан эле шайы кеткен Батма апа менен аны караган кызы Айгүл маркумга жай табуу азабы тууралуу айта отурушту: 

​​- Бизге жакын, эртели кеч барып куран окутуп туралы деп Арча-Бешикке коёлу дегенбиз. Бирок бул жерден он беш миң сом дешиптир, акчанын айынан Озерный айылындагы мүрзөгө төрт жарым миң сомго койдук.


Жүктөө
​​
Бишкекти тегеректеген конуштарды кыдырып чыгып, көрүстөн тартыштыгы ал айылдарда сөөк чыккан ар бир үй-бүлөнүн башына түшкөнүнө көзүбүз жетти. Мындай жагдайдын чоо-жайын билүү үчүн борбор калаадагы көрүстөндөрдү көзөмөлдөгөн Бишкек шаардык аза кызматын көрсөтүү ишканасына бет алдык. Ишкана мусулмандар менен христиандарга кызмат көрсөтөт. Эң башкысы - Бишкек шаарына караштуу көрүстөндөрдөн жай алууга уруксат берет.

​Бишкектеги эски жайма базардын жанында жайгашкан муниципиалдык ишкана эски типтеги бир кабаттуу имаратта. Короосунда маркумдарды көрүстөнгө жеткирүүчү автобустар кыдырата тизилип турат. Көчө тарабында гүлчамбар, казан, табыт өңдүү керектүү буюмдарды ижарага берчү дүкөн бар.

​​Мэрияга караштуу бул ишкананын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында жалпы беш көрүстөн бар. Төрт гектардай аймакты ээлеген Дунгандар көрүстөнү менен 13 гектарлык Боордоштор көрүстөнү 1956-жылдан бери жабык. 86 гектар аянттагы Түндүк көрүстөнү 1976-жылы жабылган.

Ал эми 31 гектарлык Ала-Арча көрүстөнүнө өкмөттүн токтому менен мамлекетке эмгеги сиңген инсандардын сөөктөрү гана коюлат. Ошентип, азыр жөн-жай шаардыктарга бир гана Түштүк-батыш көрүстөнүнөн жай берилүүдө. Ал шаардан жогорку Чоң-Арык конушу тушта.
Аза кызматтарын көрсөтүү боюнча муниципалдык ишкана жетекчиси Кадырбек Чикеев бул көрүстөн да жакынкы эки айда жабылаарын кабарлады:

- Учурда бул көрүстөнгө мусулмандар, христиандар болуп бардык улуттар коюлуп атат. Аларды аралаш койбойбуз, атайын чарчыларга бөлүп койгонбуз. Көрүстөндүн аянты белгиленген 330 гектардан ашып, 350 гектарга жетти. Себеби жер жок, коктуларга чейин коюуга туура келүүдө, жер чечилбей жатат. Мына эми жазында эки айдан кийин ал көрүстөн да жабылат.  

​​Түштүк-батыш көрүстөнү 1970-жылдары ачылып, өтө тездик менен толо баштаган. Мисалы, 2011-жылы эле 2027 маркумдун сөөгү коюлган. Азыр көрүстөндө баш-аягы 340 гана орун калды:

- Христиандарга 240 орун, мусулмандар үчүн 100 орун калды. 340 дегеним эки айга гана жетет. Биз бир айда болжол менен эки жүздүн тегерегинде сөөк коёбуз.

Негизинен бир мусулман мүрзөсүнө 10 чарчы метр, христиандардыкына 5 чарчы метр жер бөлүнөт. Казанак болгону үчүн мусулмандарга көбүрөөк аянт талап кылынат экен.

Кадырбек Чикеев Түштүк-батыш көрүстөнүнөн шаар тургундарына жай бекер берилерин маалымдады. Болгону көр казууга гана акча төлөнөт. Европа тибиндеги мүрзөнү казуунун эң жогорку баасы 3358 сом болсо, мусулман көрүн казуу 4345 сом турат. Мындан башка каражат төлөнбөшү керек. Бирок иш жүзүндө бул эреже сакталбай жатканына өзүбүз күбө болдук.


Жүктөө
​​

Айлаң жок, айткан акчаны бересиң


Жаңы жылдын биринчи күнү Нуржан Ботоканова Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашаган атасынан ажырады. Нуржандын үй-бүлөсү кыштын суугунан улам маркумду туулган жери Нарынга алып бара албай, Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнүнө коюуга мажбур болушат.

Көз жумган адам Арча-Бешик конушунда мыйзамдуу каттоодо турган. Андыктан жай үчүн эң көп дегенде 4 жарым миң сом гана төлөнүшү керек эле. Бирок иш жүзүндө жайдын баасы эки эсе кымбатка турганын билдик. Эмесе, маркумдун туугандары менен кошо көрүстөн маселесин чечүүгө катышкан кошунасы  Асанкул Иманкуловго кулак салалы:

Асанкул Иманкулов
​​- Алгач эски жайма базардын жанындагы сөөк коюу бюросуна бардык. Ал жерден жайга тил кат алыш үчүн төрт жарым миң сом төккүлө деди. Андан чыгып жайды алганы келсек, жай көрсөткөн адамдар мүрзөнүн ордун көрсөтүп туруп, алты миң сом төккүлө дешти. Мындай акча кымбат болуп жатат десек, анда беш миң төккүлө дешти. Ошол жерден беш миң сом төгүп бердик.

Акчаны кимге бердиңиздер?

- Жайдын чоңдору бар экен. Ошол жерде турушат.

Кыскасы, кошумча төлөнгөн беш миң сом үчүн эч кандай кагаз жазып беришкен эмес. Маркумдун үй-бүлөсү жай үчүн ырасмий канча сом төлөнүшү керектигин буга чейин билишпептир. Бөтөнчө кабыргасы кайышып турганда аки-чүкүсүнө анчейин көңүл бурулбай калат тура. Бирок колу жукалар, же колунда жоктор кандай абалга кабылаарын өзүңүз деле элестетип турсаңыз керек?

Ошентип, биз маркумга жайды кантип алышарын жеринен көрүп-билүү үчүн Түштүк-батыш көрүстөнүнө сапар алдык. Көрүстөн алыстан карасаң, өзүнчө шаар сыяктуу. Бишкектен чыккан кара жол түз эле бейиттин темир дарбазасына барып такалат. Көрүстөндүн ичинде тоону көздөй түптүз жол салынган. Бул жолдун эки тарабында катары менен тизилген мүрзөлөр жана аларды аралап өткөн чыйыр жолдор бар.

Түштүк-батыш көрүстөнү
​​Тээ этектен башталган бейиттер тоо бооруна жайылып, андан ары чокусуна чейин жетиптир. Адеп келген кишинин башы айланкөчөк атат. Кай жакты караба, узун-кыска эстеликтер, таштарга чегилген маркумдун аты-жөнү, сүрөттөрү, христиандардын кресттери менен айдын сөлөкөттөрү.

Көрүстөн дегенди укканда адатта демибизди ичибизге тартып, кишинин сесин алган жымжырттык көз алдыга келет эмеспи. Бирок Бишкектин айланасындагы кайсы көрүстөнгө кирбе - кайнаган жашоого кабыласың. Не дегенде дээрлик күн сайын сөөк коюлуп тургандыктан, күрөктөрүн шакылдата иштетип,  жай казып жаткандарды ар жерден көрүүгө болот. Бир жагынан жакындарынын мүрзөсүнө куран түшүргөнү келгендердин аягы да үзүлбөйт.


Көр-бизнес


Көрүстөнгө өтүп, тоо тарапка бет алганда бир колуна баштыгын көтөрүп, шыпылдай баскан 35тер чамасындагы адамга жолуктук. Өзүн Саламат деп тааныштырган адам баккан атасы көз жумуп, эми маркумга жай каздырууга келе жатыптыр. Саламат менен андан ары сырдаша кеттик.

Анын баккан атасы христиан болгондуктан, муниципиалдык ишканага жай үчүн 3358 сом төлөгөн экен. Ишканадагылар башка акча төлөбөйсүң дешкен. Бирок Саламат көрүстөндү тейлеген кызматкерлерге келген жайын түшүндүрө баштаганда алар көр казган кызматкерге дагы эки миң сом берип, ыраазы кылып кой дебеспи.

​​Баккан атасын жоктоп, кабыргасы кайышып турган Саламаттын миң сомго ыраазы болгула деп жалооруганы да көрүстөн кызматкерлерин жибиткен жок. Көрсө эки миңде башкалардын да үлүшү бар экен:

- Азыр булар кайра эле миң сомун алып алышат. Миң сом берип коё бер. Эртең келгенде дагы миң сом берип коёсуң да.

Саламат маркум атасына деген жайды соодалашып бүтүп, үйүнө сапар алганда, көр казган жигит менен да кенен сүйлөшө кеттик. Баарлашып жатып, бул көрүстөндө жер сатыларын айтты:

- Биз мусулман көрүн казып миң, эки миң сом алабыз. Бирок мусулмандарга жерди булар 15-17ден сатат. Ошондо карабайсыңбы...

- А эмне үчүн христиандардыкы андай сатылбайт?

- Христиандардыкы жана көрсөттүм го... Алар 18-19дан сатат.

- Бул акча каякка кетет?

- Чөнтөгүнө түшөт.

Жай казган жигит бул көрүстөндө миң долларга чейин жай сатылган учурлар бар экенин, буга кылмыш дүйнөсүнүн да тиешеси болушу мүмкүн деп кошумчалады. Бирок бул айтылгандарды факт түрүндө далилдөө өтө кыйын экенин түшүнсөңүз керек. Кийинки барышта көр казган жигиттен көргөн-билгендерин ачык айтып берүүсүн өтүнсөк, өз жанынан кооптонуп, баарын ачык айтуудан баш тартты.


Берүүнүн экинчи бөлүгүн бул жерден угуңуз




Жай бекер берилип, аны казууга эң көп дегенде 4 миң 400 сом төлөнөрү айтылганы менен, иликтөөнүн бул бөлүгүндө көр казгандарга деп кеминде эле 1000-2000 миң сом кошумча алынаары анык болду. Эгер бул көрүстөнгө жылына 1,5-2 миңден ашык адамдын сөөгү коюлганын эске салсак, орто жерде канча акча сол чөнтөктөргө солоноорун эсептөө кыйын эмес.

Мынча калың акча кимдердин чөнтөгүнө түшөт? – бул суроого жооп табыш бир жагынан оңой, бир жагынан эң эле кыйын. Оңою - кимдерге кетип жатканы көрүнүп турат, кыйыны - кол менен кармап албагандан кийин, же арга жоктон ашык акча бергендер ачык айтып чыкпагандан кийин ууру деп атай албайсың.

Руслан Бачиев
​​Түштүк-батыш көрүстөнүнүн кароолчусу Руслан Бачиев болсо кардарлардан ырасмий суммадан ашык акча алынат турбайбы деген суроону четке кагууда: 

- Көрүстөндө жер кымбат сатылат, жер бекер болсо да жең ичинен сатылган учурлар болуп жатат деген шек саноолор, сындар бар. Буга эмне дейсиз?

- Жок, ал туура эмес да. Биерде жерлерди кымбаттаткан айыл өкмөттөрү. Мисалы, айыл өкмөттөрү он миңден жыйырма миңге чейин алышат. Бизде андай жок да. Биз деген мэриянын көзөмөлүндө жүрөбүз.

- Өткөндө бир эжеге барсак айтып жатат. “Бул көрүстөнгө сөөк коёлу десек 15 миң сом сурады. Ошондуктан башка жакка коюп калдык”, - деп...

- Жок, андай боло элек да. Мисалы мага заказ-наряд менен келишет. Мен карайм, ошону менен эле жер бөлүштүрүп берем.

-  Ошондо көрүстөндүн өйдө, ылдый жагы деле бир баабы?

- Бир баа. Болгону мусулмандарга, христиандарга деп бөлүнөт.

- Бул жерде иштегендер да айлык алабы?

- Айлык алат.

- Кандай жол менен алат?

- Жанакы 4 миң 400 сом деп айтып жатпайбызбы. Кызмат көрсөтүү ошонун ичине кирет да. Казганы, көмгөнү кирет. Баарынын коэффиценттери бар. Ошону менен бөлүнүп, айлык алышат.

Көрүстөндөрдү көзөмөлдөгөн мэрияга караштуу Бишкек шаардык аза кызматтарын көрсөтүү ишканасы да “жер сатылат, жең ичинен пайдага туйтунгандар бар” деген дооматтарды четке какты. 

Бишкекте көрүстөндөрдө жер сатылып жатканын декабрь айында Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары айтып чыккан. Эл өкүлдөрү аза агенттиктери жерди алып сатарлык кылышы мүмкүндүгүн жоромолдогон.

Биз Бишкектеги андай агенттиктердин эң ириси “Рамадант” ишканасы менен кардар катары байланышканыбызда, алар жөн гана кызмат көрсөтүшөрүн, маркумдун жайы үчүн жерди кардарлар көрүстөндүн администрациясы менен өздөрү сүйлөшүүсү керектигин айтышты. Ал эми “Черный лотос” ишканасынан болсо жайды казуу үчүн мэрия белгилеген каражаттан ашык каражат сурашкан жок.

Валентина Лисниченко
​​​Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко шаардык кеңеш көрүстөндөрдөн жер берүү маселесин иликтеп, кызыл кулактык бар же жогун аныктоо максатында комиссия түзүлгөнүн билдирди: 

- Мен эмне үчүн бул суроону сессиядан көтөрүп чыктым, себеби биздин  шайлоочулар жайга берилчү жерледи алып-саткандар бар экенин көп айтышты. Шаардык кеңеш чындыгында ушундай маселе барбы деп, атайын комиссия түзүп териштире баштады.


Байтикке жатам десең 20 миң сом камда


Көрүстөндө жер тартыштыгынан улам соңку мезгилде бишкектиктер да, айланадагы конуш тургундары да шаарга жакын жайгашкан Байтик, Маевка, Кара-Жыгач, Ново-Павловка өңдүү айылдарга да сөөк коё башташты. Бирок бул айылдарда бир чети шаардыктарды өгөйлөппү, же рыноктун жайы ушундайбы – көрүстөндөгү жердин баасын көтөрүшүүдө. Алгач Аламүдүн районундагы Байтик айылына аттандык.

Жергиликтүү өкмөт айыл четиндеги бөксө тоолордун боорунда жайгашкан көрүстөндү шаардыктарга жана жергиликтүүлөргө деп экиге бөлүп коюптур.

Байтик айыл өкмөт башчысы Максат Абдразаков көрүстөнгө муктаждык тынбай өсүп жатканын, жергиликтүү тургундарга бейит бекер берилерин, шаардыктарга болсо 20 миң сомго сатыларын тастыктады: 

Максат Абдразаков
​​- Биринчиден, шаардын ичиндеги жердин аздыгынан эл чет жактарга коё башташты. Экинчиден, Байтиктин жери ыйык жер деп шаардын ичиндегилер биз жакка койгонго аракет кылат экен. Жергиликтүү эл жайды бекер алат, ал эми шаардан, башка жаткан келгендерге жыйырма миң сом. Себеби башка жерден келип койгондор көбөйүп, анын аркасы менен жердин тарып бараткандыгынан бул бааны айылдык кенештин депутаттары койгон. Ал эми жайды казган үчүн ошол жердеги балдар менен келишип чечип алышат.

Айыл өкмөт башчысы кээде мансабы бийик адамдар аркылуу чыгып, көрүстөндөн жер берүүнү талап кылгандар да бар экенин кошумчалады.

Андан соң Маевка айылындагы көрүстөндүн абалы менен тааныштык. Бейиттин кароолчусу Николай Аникеев жер жетиштүү экенин, бирок баары бир шаардыктарга сатыларын айтууда:

- Бизде бардык айылдардын ичинен эң арзан баа. Бардык жерде 12-15 миң болсо, бизде шаардыктар үчүн 8 миң сом. Мындан тышкары согуштун ардагерлерине жардам көрсөтүлөт. Ленинский, Ново-Покровка, Военно-Антоновкага барып көргүлө. Аларда жер 15 миң сомдон.

Байтик
​​Маевка айылында мындан үч жыл мурда жайдын баасы беш миңдин тегерегинде болчу. Бейит баасы эмне үчүн 8 миң сомго чыкканын билүү үчүн айыл өкмөттүн салык боюнча инспектору Светлана Штенкеге суроо узаттык: 

- Мындай чечимге айылдык депутаттар келишти. Кечирип коюңуз, шаардыктарды бул жерге коё берсек, кийин биздикилерди каякка коёбуз, эмне башка жерге он-он беш миңге койгула дейлиби. Ал эми түшкөн акча жергиликтүү жамаатка кетет, мисалы жолдорго кум себүү ж.б.


Жаңы көрүстөн кайдан чыгат?

Бишкекте көрүстөн тартыштыгын жоюу үчүн борбор калаадан 30 чакырым алыстыктагы Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Гроздь айылынан 80 гектар жер алуу пландалууда. Мындай чечимди шаардык кеңеш декабрь айында кабыл алып, азыр өкмөттүн чечимин күтүп турушат.

Бирок Гроздь айылынан жер берилген күндө деле, ал шаардыктардын көрүстөнгө муктаждыгын алдыдагы 30 жылга гана канааттандырат экен. Бул чейрек кылымдан кийин шаардыктардын көрүстөн маселеси кайрадан көтөрүлөт дегенди билдирет. Жылдап эмес, айлап калкынын саны көбөйүп жаткан Бишкектин көрүстөн маселесин чечүүнүн кандай башка, альтернативдүү жолдору бар?

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Чубак ажы Жалилов шарият боюнча бир көрүстөнгө акыркы сөөк коюлгандан 25 жыл өткөндөн кийин ал жерди кайра иштетүүгө мүмкүн экенин айтууда:

Чубак ажы Жалилов
​​​-  Бул жерде маселени оңой эле жөнгө салууга болот, болгону шарияттын өзүнө кайрылуу керек. Мисалы, жер шарын карап көрсөк мазар болбогон жер жок, азыр экөөбүз отурган жер да бир убакта мазар болгон. Бул деген сөз ошол жер акыркы өлүк көмүлгөндөн кийин болжолдуу түрдө жыйырма беш жылдан кийин, сөөк чирип топуракка айлангандан баштап, ошол жерди кайра иштеткенге болот. Ал жерге бак-дарак тигип же кайрадан мүрзө кылып колдонсо болот. Мунун бардыгы муктаждыктан келип чыгат.

Бирок мөөнөтү бүткөн көрүстөндөрдү кайра колдонуу маселесине келгенде мүрзөлөргө коюлган эстеликтер өзүнчө баш ооруга айланууда. Бишкек четиндеги Чоң-Арык айылында жайгашкан эстелик жасаган ишкананын атын атагысы келбеген кожоюну миң жылга чейин кебелбей тура берген эстеликтерди жасаткандар бар экенин кеп салды:

​​- Менимче, граниттин эң чоң тыгыздыктагы габбро түрү миң жылга чейин тура бериши мүмкүн. Бул аябай бекем таш. Граниттин башка түрлөрү 500-600 жыл чыдашы мүмкүн. Мрамор болжол менен 200-300 жыл турса, мрамордун майда таштарынан цементтелип жасалган эстеликтер 20-25 жылдан кийин бузула баштайт.


Сөөктү өрттөйлүбү?

Көрүстөн тартыштыгын чечүүнүн радикалдуу жолун сунуштагандар да бар, Алар крематорий куруп, маркумдардын сөөгүн өрттөш керек дешет. Алардын бири белгилүү журналист Жаныбек Жанызак:

- Кремация - эң оптималдуу чечим. Мисалы Нью-Йорк, Лондон, Парижде кремация кылышат. Ансыз аларда айла жок. Ошондой эле кыйын болсоң ар бир чарчы метрди сатып ал! Же өрттө!

Бишкекте крематорий куруу демилгеси Союз тараар алдында эле көтөрүлгөн. Бирок долбоор түзүлүп, каржы маселесине келгенде, иш токтоп калган. Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов крематорий курууга азыр да кеч эмес деген ойдо:

​​- Ошо долбоорду каржы маселесин чечип бер деп, кайрылып аракет кылгандарын мен жакшы билем. Бул жыйырма жыл мурда болгон окуя. Бул эбак эле чечилчү маселе эле. Азыр крематорий дүйнө элдерине таандык тажрыйба болуп калды. Калкынын саны бир миллиондон ашык шаарлар мындай кылып жерге жашыра албайт. Жер жетишсиз. Ошону үчүн крематорийди куруп койсо, бул ата-бабалардын салтына деле каршы келбейт. Себеби кайсы бир доордо биздин бабаларыбыз сөөктү өрттөгөн.

Бирок өлгөн адамдын сөөгүн өрттөөгө ислам дини жол бербейт. Ошондой эле Кыргызстандагы экинчи чоң дин саналган христианчылыкта да кремациялоо жат болуп саналат.
Бишкектеги борбордук чиркөөнүн эпискобу Феодосий:

- Христианчылык мындай учурларды колдобойт. Бирок башка жол табылбай, муктаждык пайда болгон учурда гана жасалышы мүмкүн. Бирок бул өзгөчө учурларда гана.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө көрүстөндөр жана сөөк коюу жөрөлгөлөрү боюнча атайын мыйзамдар бар. Маселен, Орусияда көрүстөн маселесин атайын федералдык мыйзам жөнгө салат. Эстонияда жаңы жылдан тарта күчүнө кирген мыйзамга ылайык, көрүстөндөрдү 75 жылдан кийин кайрадан колдонууга уруксат.

​​Кыргызстанда болсо көрүстөндөр жөнүндө атайын мыйзам жок. Болгону Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө мыйзамдын 2011-жылдын 15-июлундагы редакциясына ылайык, бейиттерди көзөмөлдөө жана ритуалдык кызматтарды уюштуруу жагы жергиликтүү бийликтин ыйгарым укугунда экендиги жазылган. Мындан улам ар бир айыл өкмөт бул маселени өз алдынча чечүүгө өткөн. Көрүстөндөрдө ар кандай баанын пайда болушу да ушуга байланыштуу.

Мындан улам айрым окумуштуулар мыйзам кабыл алуу зарылчылыгын билдирүүдө. Алардын бири философия илимдеринин доктору Үмүт Асанова:

- Эң башкысы биздин депутаттарга кайрылат элем. Ушул маселени тез арада козгоп, чечкенге аракет кылуу керек. Бир мыйзам чыгаруу керек. Мыйзамдын үстүндө иштөө абзел. Элибизге болсо пендечиликтен арылыш керек деген каалоолорумду айткым келет. Эң негизгиси - Куран окуу да. Эскерүү үчүн чоң эстеликтерди тургузуудан башка да жолдор бар да. Бирок жерди ээлеп, жакындарына ири эстеликтерди салсак жашаганга жерибиз калбай калат.

Түштүк-батыш көрүстөнү
​​Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттигинин адиси Николай Параманов азыр Бишкек шаарындагы көрүстөндөр 1980-жылдары коммуналдык чарба министрлиги тарабынан түзүлгөн инструкцияга ылайык жөнгө салынаарын “Азаттыктын” кабарчыларына тактап берди. Бул инструкцияда санитардык эпидемиологиялык көзөмөл адистеринин чечими менен көрүстөндөр кеминде 50 жылдан кийин кайрадан колдонууга берилери жазылган.

​​Ошондой эле турак-үйлөр көрүстөндөн эң аз дегенде 500 метр алыста жайгашуу зарылчылыгы айтылган жана бул аралык шамалдын багытына, топурактын өзгөчөлүгүнө жараша белгиленери так жазылган. Ал эми биз барган көрүстөндөрдүн алды шаарга чейин кирип келип, турак үйлор менен аралаша баштаганы да бар.

Бир сөз менен айтканда, Бишкекте жана ага ирегелеш райондордо тирүүлөргө там салууга жер жетпей турганда эми маркумдарды жайына берүүгө тартыштык кошул-ташыл боло баштаган кез. Бизнестин учугу болсо минтип эми бир укум көрдөн да акча жасоого жетип отурат.

Баарыбыздын бараар жерибиз ошол жак демекчи, өкмөттү да, жергиликтүү бийликтерди да, ар бир кыргызстандык пендени да ойго сала турган дагы бир проблема бышып турган чак.


Жүктөө
​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.02.2012 14:10
Олук комуу зыйнатын дин менен байлабасак.Мусулман десе эле,бешиктен бели чыга элек жатып сакал коюп атышат,ошол эле учурда ТВ да,араб олколорундогу элдик толкундолорду корсотуп жатат,миндеген адамдардын арасында бирин серин эле сакалчан болбосо,деерлик копчулугу татынакай эле кырынып алышкан.Мындан улам исламды бизге ТАЛИБтер таркатып жатабы деген ой келет.Соок койуу болсо биз учун тирунун азабы,бир эле гор маселеси эмес,анын кара ашы,учулук,жетилик,кыркылыгы,эстелик коюп бейит башысын откоруу,жыл айлантпай чон ашын беруу.Мына ушунун баарында малдар союлуп,толгон токой продуктылар сатылып алынат.Анан чабалырак уй булолор итке минип отуруп калышат.Ушунун кереги барбы бизге...андан коро КРИМАТОРИЙ куруп,маркумдун соогун орттоп туруп,таза бир термоско салып беришсе,бала бакырасы туулуп оскон жерине чачып келсе сонун эле болбойбу.Соок тирилип тура калчудан бетер мовзолей салабыс тантырап,олгондор кайра келер болсо козу откондор кайда..Анан да молдокелер,ансыз да манкурт болуп бараткан балдарды бузганынарды токтотсонор.Силерди кызыктырган нерсе башка,ал жаназа акы,доорон акы,куран тушуруп алычу акча,торго отуруп жей турган уча,чучук,казы карта

кимден: Черик каяктан: Анкара
29.01.2012 21:45
Иии азаматтар бөлүнгүлө, жарылгыла, тымтыракайыңар чыгып дүйнөгө дагы бир жолу шерменде болгула тытышып... Түндүк - Түштүк, Исламчы - Теңирчи болуп бөлүнгөнүңөр аз келгенсип, эми өрттөсүн -көмсүн деп да бөлүнгүлө, акыры барып жок эле болуп кеткиче бөлүнгүлө, жан кейиткени баары бир карама-каршы пикир ээлери бириңди бириң укпай турганың айдан ачык болуп турса да, бири бириңди басмырлаганга ашыгасыңар, ай эмнени кыйратып жатасыңар өзү? Ким кайсыл жолду кааласа ошол жол менен өлүк жашыруу каадасын аткара берсин, болгону бир катар шарттарды жана негиздерди түзүп чыгыш керек... жерге көмө тургандар могу шарттарды аткарышат, ал эми өрттөй тургандар могу шарттарды аткарат деп туруп жакшына эле мыйзам чыгарып коюш керек, анан ошого карата эл өзү тандаган жолго катталсын, баланча үй-бүлөөдөн мынанча адам өрттөлөт, ал эми мынанчасы көмүлөт деп мыйзам чыгарып коюш кыйынбы? анан аткарганы келгенде билинет да ким канчалык өзүнүн оюн сыйлап сыйлабагандыгы... эч эле түшүнбөйм, маалыматың бар окуган изилдегендер мына ушинетип атсаңар, башкасы кайда барат эле ... жөн эле чарчайсың жаңжалчыларды көргөндө ...

кимден: Данияр каяктан: Бишкек
27.01.2012 17:22
Былтыр жазда ТЭЦ тараптан сөөктү Көк-Жар айылына чейин алып барганга катыштым. Маркумду чыгаргандар авториттүү кишилер экен, толо киши келди, машинеси андан көп. Жеткиче азап жешти, баткак, машинелер обгондошуп, бир-экөө кагышып да кетишти. Жеткенде суу аралаш кар жаады. Топурак салгыча кол катып калды. Эми чыдаш керек, бирок ичибиздин капа болдук.
Көрдөн бизнес жасашат деп сөгүп жатабыз. Анын эмнеси бар? Баарынан акча жасап жатышат. Капитализмге киргениңерди унутуп калдыңарбы? Кызынын денесин сатып атышпайбы аны айтасыңар! Көрдү тем более азыркы тоң жерди сизге ким бекер казып берет, анын бала-чакасын ким багат? Кеп деген бардык акча документтешип, бюджетке түшүшү керекте. А то левый чөнтөктөргө кетип атпайбы?
Мында орустар кыйналбай, чачылбай коюшат. Кыргыздын өлүк чыкканын да жазсаңар азаттыкчылар. Өлгөндүн өз шору эмей эле бүт туугандарынын, жээк-жааттарынын шору. Өлүк чыккан үйдөгү эт-ашты калтырбай жеп кетишет кыргыздар өчү бардай, калганын баштыктарына тыгып кетишет. Ошол жагын айталы да. Кээ бир ашта чоң кызматтагы, бай аялдардын баштыкка шыкап жатканын көрүп, жакаңды кармайсың. Курсагы ток, пейили ачка деп ошолорду айт. Сөз көп.
Пикирге жооп

кимден: Altynai каяктан: Germany
27.01.2012 19:00
Kapitalizm dep emi olukty da akchaga komush kerekpi? emne soop degendi unutup kaldynarby?koryston kazgan eeh chon soop,myna ata-enem jashagan jerde jash jigiteribiz ozdory k-p suranyshat,ozybyz kazyp berebiz dep,akchasyz ele soop ish ychyn.dagy aitasyn kyzyn soogyn satkan atalar bar dep alar lechit etkeni bolboi turgan bol'noi ata-eneler b-o k-k da,Kudaiga jakynraak bolom dese adam daje asfal't b-o dagy akchasyz ele kazyp beret, shyltoo kylbai ele.
Пикирге жооп

кимден: Данияр каяктан: Кыргызстан
28.01.2012 12:11
Алтынай, Германияда сөөктү бекер коюп берген соопкер кишилер же уюмдар барбы? Аныңарды билбейм, биерде эртеден кечке бекер көр казып, соопчулук кылат элем деген келесоолор жок. Тетиги алыскы айылдарда да бекер казбай калышкан. Илгери курсагын тойгузуп, бир аз эт берип каздырышчу. Ысык-Көл менен Нарында аракка жакын кишилерге каздырып, курсактарын тойгузуп, бир-эки бөтөлкөнү коюндарына салып бергендерин да көргөм. Азыр кайдан, только мани...

кимден: Altynai каяктан: Germany
27.01.2012 01:43
Bizdin adamdardyn kryshasy jylyp ketiptir,yiat,kynoo degen nerseni bilbei kalyshyptyr,emi biznez jasabagan adamdyn ollygy kalyptyr,bular Kudaidy unutup koiushkan go,Kudaidyn jerin tiryylorgo satkany az-kelgensip emi olgondorgo da komgony jai satyp kalsa bul emne degen jindilik,emne ozdory olboit beken,je ozdoryno zaranee jer bronirovat' etip koiushupturbu,akchasy joktorchu, emne agarodtuna komushoby
EI ADAMDAR SURANYCH AKYLYNARDY PESHTEP ISH KYLGYLACHY,adamdy alergiya kylbastan.
Пикирге жооп

кимден: Черик каяктан: Анкара
29.01.2012 06:32
Алтынай сиздин куйугуп турганынызды эн сонун тушунуп турам... анткени тируулуктун аягы олум менен бутот, мен да орттош керек деген созду эч жактырбадым, бизге жараштыра да албадым, томондо Маке айткандай бир жакшын отуруп эле чечуу жолдорун тапса болот, акыры адамбыз акылыбызды колдонсок чечимин да таап аларбыз, мунун учун сен тигисин сен бусун деп болунгондун кажети жок, ал эми кордун казылып даярдалышында акча алуу албоо бул ар бир региондун шартына жараша арбашка, азыр сооп табам деген имамдар чанда эле кездешпесе баары акыр тубу келип акчага такалып жатпайбы, Туркиянын мыйзамына ылайык ар бир уйбуло сотихдеп сатып алып коёт, анан ошол жерди уномдоп колдонот, а кээ бирлери бир эле жерге эки адамдын согун жашырышат, эски мазарлар бузулуп имараттар деле курулуп атпайбы ошон учун бир корго эки же уч адамды жашырса болсо керек, анан мен Кыргызстанда бул маселе эч кандай конфликтке алып барбай эле чечилет деп ишенем, ошооончо кенээн талааларыбыз турганда жер тартшытыг болбосо керек...

кимден: кыргызкыз каяктан: европа
25.01.2012 16:50
Эл каттоону инфраструктураны пландаш учун жургузушот. канча мектеп, бала-бакча, кинотеатр, оорукана, башка соцобектилер курулууга тийиш. Ошондо корустондор каралат болду бекен? калктын саны баланча, тукунчого кобойот, жылына баланча адам олот, мурзолорго жер керек болот деп алдын ала ойлогон киши барбы? мен ушуга кызыгат элем

кимден: Make
25.01.2012 16:00
Менин оюмча чынында эле бул бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелеринен бири. Бул маселенин тегенегинде "өрттөш керек", "өрттөбөш керек" деген өңдүү ар түрдүү пикирлердин айтылып жатканы элибиздин диний ишенминин ар түрдүүлүгүнүн көрсөтөт. Мисалы өздөрүн толук кандуу мусулманбыз деп эсептеген Иран, Түркия, Сирия, Пакистан ж.б. өлкөлөрдө да "жер тартыштыгы" маселеси бар. Бирок алардын оюна эч качан "өрттөш керек" деген пикир келбесе керек. Алсак бул маселе Түркияда "жерди болушунча үнөмдөп колдонуу" жолу менен чечилген. Биздегидей өтө чоң кылып казышпайт жана канча жерди ээлегендей кылып эстелик орнотушпайт. Болгону кимдики экенин белгилеш үчүн кичинекей жалпак ташты тигинен орнотуп туруп бетине маркумдун аты-жөнүн туулган жана өлгөн жылын жазып коюшат. Ал эми Сауд Арабияда жер тартыштыгы менен бирге Меккени зыярат кылуу үчүн келип көз жумгандар көп болгондуктан алар маркумдун сөөгүн жерге жашыраарда атайын даярдалган тез чиритүүчү даары сыйпашат. Ал дарынын күчү менен маркумдун сөөгү 2=3 айдын ичинде эле толук чирип топуракка айланып кетет да ал жерге кайра эле башка маркумдун сөөгүн жашырганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эгер биз бул маселени толук чечкибиз келсе сөзсүз түрдө ошол өлкөлөрдүн тажырыйбаларын да эске алышыбыз керек. Өзүбүздү жок дегенде 60=70% мусулман катары эсептеп жүргөндөн кийин.
Пикирге жооп

кимден: Azamat
27.01.2012 21:21
Ээ Маке, созсуз башка элдердин тажрыйбасын колдонуу керек... Бирок бул жерде айтылган сунуштар деле жондуу окшойт...

кимден: алымбек каяктан: маскөө
24.01.2012 22:36
бул маселени чечиш керек , баарын коммерция кылбай. маркумдарга эстелик коюну мыйзамдаштырып бир стандартка келтируу керек.Жердин баарын коргон ,кумбоз кылып элди жарыштырбай . кремациянын жактоочуларына,каршылаштарына карабай крематорий керек эсептеймин.

кимден: Момун каяктан: Нарын
24.01.2012 17:49
Окуганда жүрөк лакылдап атты мүрзөлөрдү аралап жургөнсүп. Түнүчүндо да барып, кандай сезимде болушканын жазганда супер болмок. Эми менин айтарым: көрүстөнгө жер жетпегенинен мурда миң жылдык эстеликтер менин жинимди кайнатат. Алды 10-15 миң долларга барат дешти. Орустар айтмакчы, каждый по-своему с ума сходит. Ушу кантип болсун? Ар кимдин өз иши дечи, бирок кудайды бир карашпайбы, арыдан бери коюшпайбы.
Чүйгө батпай калгандан кийин Нарынга апкелип койгула, жер баарыбызга жетет. Бияк толгондон кийин өрттөөгө аргасыз болобуз да.

кимден: Жолдошбек каяктан: Германия
24.01.2012 16:57
Маркумдун соогу кайсы жерден,кайсы айылдан келсе ошол жерге,Ата-Бабасынын,жакындарынын жанына коюлуш керек.Илгери оз жерине кыянат кылган адамдарды ошол жерден кочуруп жиберишкен.Башка айылга баткан эмес.Ар бир маркумду туугандары оз жерлерине алып барып жерге бериш керек.Ар бир инсан олоорун да,кайсы жерге коюлаарын да пландай журуш керек.Ал эмес ошол айылга колунан келсе жардамын бере журуш керек. Бир эл жазуучусу ардак наамды алганда кесиптештерине наамын майлап жатып "эми Ала-Арча корустонуно бир орун бар" деп мактанган тура.Адамды туруусундо гана эмес,олгонундо да болгон мындай салтты жоюп,мындай корустондорду жабыш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.01.2012 15:49
Кыргызстанда жер кенири элего жетет баарыбызга. Гор саткан бизнесмендерди кудай озу кечирсин. Орттогонго макул болго кыргызымдыда кечир кудай. Бул проблеманы чечиш учун, илимдуу молдолор менен айыл окмотунон турган ж.б адамдардан уюум тузу керек. Айылдан, шаарлардан алыс ыраак болсода ылайыктут жер караштырыш керек. Кыргызстандын кайсыл жери болбосун гор(жай) бекер болушу керек. Анан жангындай кудайдан коркпогон, гор саткандарды ото каттуу жазага тартыш керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)