Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

КСДП лидеринин банкка катылган "сыры"


Алмазбек Атамбаев жана Чыныбай Турсунбеков, 8-декабрь, 2011-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Чыныбай Турсунбеков, 8-декабрь, 2011-жыл

Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн банкы саналган мурдагы “Акылинвест" банкына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун жубайы ээлик кылары белгилүү болду.

Банк Бакиевдердин мүлкү катары ажыратылган беш банктын бири катары тизмеге киргизилген. Бирок андан чыгарылып, жеке колго өтүп кеткенин тастыктаган документ далилдер кийин ачыкка чыкты.

Буга чейин Чыныбай Турсунбеков "Акылинвест" банктын ага тиешеси жоктугун айтып келген. Жогорку Сот жакында өзүнүн чечими менен кылмыш ишке байланыштуу бул банктын кармалып турган имараты мыйзамсыз сатылып кеткенин ырастады. Талдоочулар муну улутташтырыла турган мүлктү мамлекеттик деңгээлде талап-тоноо катары мүнөздөшүүдө.

Артына кайтарылган имарат

Жогорку Сот жакында Максим Бакиевдин өнөктөштөрү Алексей Елисеев менен Михаил Наделге таандык “Акылинвест" банктын имаратын камоодон алып салуу боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

Муну менен Жогорку Сот А. Елисеев менен М.Наделге козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалып турган мүлк мыйзамсыз камоодон чыгарылганын мурдагы ордуна келтирүү боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын талабын канааттандырды.

Максим Бакиев
Максим Бакиев

Бул имарат жогоруда аталган Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө катталган “Азия Универсал Риелт” компаниясына таандык болчу. Ошондой эле ал имаратта кийин сатылып кеткен “Акылинвест" банкы жайгашкан.

Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Акылбек Бакачиев банк имаратына байланышкан жагдай тууралуу мындай дейт:

- Бул улутташтырылгандын ичинде жок. Бирок кылмыш иши боюнча ал имаратка камоо коюлган болчу. Негизи иш боюнча камоо коюлганда ал жарандык тартипте эмес, кылмыш-жазык укугунун негизинде, өкүмдүн жыйынтыгы боюнча чечилүүгө тийиш эле. Елисеев, Надель, Костырин дегендердин кылмыш иши сотто каралып бүтө элек да. Анан бул боюнча өкүм чыга электе эле Биринчи Май райондук соту муну жарандык тартипте карап туруп, мүлктү камоодон чыгарып коюп жатпайбы. Биз кылмыш ишинин алкагында камоодо турган имаратты кандайча чечтиңер, туура эмес чечим чыкты, бузгула деп Жогорку Сотко бергенбиз. Соттун чечими менен азыр баштапкы абалына келтирилип, камоо чарасы кайрадан киргизилди. Эми алды-сатты кылган тарап өз ара сот аркылуу чечишип алышат.

Эки жыл жашырылган банк сыры

2012-жылы декабрь айында парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова “Акылинвест" банкын Орусия жараны Георгий Чесноковдон сатып алганы тууралуу маалымат жарыяланган. Ал адам өз кезегинде Елисеев менен Надель бул мүлккө ысымын жаздырган “жасалма кожоюн” экени маалымат каражаттарында кабарланган. Анда аталган банк 4 миллион 495 миң долларга жана 110 миллион сомго бааланганы кабарланган.

Бирок “Азаттыктын” 2013-жылдагы “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Акылинвест" банкына анын жубайы ээлик кыларын ырастаган эмес:

- Биринчиден, Улуттук банк ал банкты эч кандай күнөө коюп, аны менчиктештирип алган жери жок. Же болбосо аны бирөө өзүнө алып алган жери жок. Ал Чесноков деген бирөөнүн банкы болгон. Ал эч качан улутташтырылган эмес. Мунун бардыгы жалган. Кудай деген бар.

Бийлик-оппозиция: аркан тартыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:40 0:00

Анткен менен, “Акылинвест" банкына КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова ээлик кыларын тастыктаган документ далилдер “Азаттыкка” келип түштү. Бул жагдай тууралуу Чыныбай Турсунбеков комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске сала кетүүчү жагдай, 2010-жылы 7-апрелден кийин Бакиевдерге таандык банктар катары “АУБ”, “Манас”, “Кыргызкредит”, “Акылинвест” жана “Ысык-Көл инвест” банктары убактылуу өкмөт тарабынан токтотулуп, аларга сырттан башкаруу киргизилген болчу. Анткени Максим Бакиевдин Надель, Белоконь жана Елисеев сыяктуу өнөктөштөрү 2010-жылга чейин бул банктарга көмүскө ээлик кылары айтылып жүргөн.

Каршылык көрсөтүү кыймылынын башчыларынын бири Бегалы Наргозуев “Акылинвест" банкы жең ичинен сатылып кеткен жагдайга мындайча токтолду:

- Бул өзү Максим Бакиевдерге караштуу объект болчу. Төңкөрүштөн кийин аны убактылуу өкмөт жашырып, мамлекетке өткөрбөй сактап алып калган. Ал Бакиевдердин Чесноков деген кишисине жазылган. Анан азыркы бийлик бул банкты чын эле ошол адамдыкы катары таап, аны менен ич ара сүйлөшүп алып, анан жең ичинен тигил жактын атынан кылып туруп Чыныбайга сатып, тууралаган. Мына ошол документте гана кожоюн катары көрсөтүлгөн адам менен келишип алып, анан ошол аркылуу банкты алып сатуунун схемасын иштеп чыгышкан. Бул мамлекеттик масштабдагы мародерчулук. Анда далилденген объекттерди гана тизмеге киргизип, башкага жазылган мүлктөрдүн бардыгын өзүнчө бөлүп алып, аларды мына ошол жол менен суу кылышкан.

“Акылинвест" банкы консервацияланган режимден чыгарылып, андан соң ишеничтүү колго сатылгандан кийин анын имараты боюнча маселе келип чыккан. Анткени аталган банктын башкы корпусу жайгашкан Бишкектин Москва көчөсүндөгү №161 даректеги имаратка прокуратура 2010-жылы эле камоо койгон. Сатууга тыюу салган бул чара имараттын кожоюндары Алексей Елисеев менен Михаил Наделге карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу киргизилген. Азыр бул имаратта “Капитал” болуп аты өзгөргөн мурдагы “Акылинвест" банкы жайгашкан.

Бул банктын кожоюну, Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова имаратка анын эч кандай тиешеси жок экенин айтты:

- Ооба, банкты мен сатып алгам. Ал камоодо эмес болчу. Аны мен кожоюнунан көп жыл мурун сатып алгам. Камоодо турган нерсени кантип сатмак эле? Антип эч нерсе сатылмак эмес. Бул жерде имарат жөнүндө кеп болуп жатат. Ал имараттын банкка тиешеси жок. Банк жөн эле ошол имаратта ижарада турат. Банк өзү камоого коюлган эмес. Анын бир кожоюну бар болчу, ошону менен сүйлөшүп эле келишим боюнча сатып алганбыз. Банк деген башка, имарат деген бул башка. “Акылинвест" банк деген имараттарды ижарага алып, иштей берсе болот. Силер ошол “Акылинвест" банк деп жатпайсыңарбы. Мен банкты сатып алдым. Бирок мында банк менен имарат эки башка нерсе. Эгерде прокуратура бирөөгө таандык деп жатса, бир документтери бардыр. Бирок мен аны билбейт экем.

Бакиевчилер менен кызматташтыкпы?

Бирок прокуратуранын материалдарында Биринчи Май райондук соту аталган имаратты камоодон чыгаруу боюнча 2014-жылы 30-декабрда токтом чыгарганы көрсөтүлгөн. Бул боюнча прокуратура органдарынын даттануусун кезинде Бишкек шаардык соту дагы четке каккан. Мына ошондон кийин “Борбор Азиялык Капитал” болуп аты өзгөртүлгөн банк жетекчилиги имаратты сатып алган. Бул тууралуу 2015-жылдын 22-январындагы акционердик жыйындын протоколундагы негизги акционер Нуржан Тентимишованын сунушу көрсөтүлүп турат.

Анда мына ошол камоодон мыйзамсыз чыгарылган имаратты 180 миллион сомго сатып алуу чечими чыккан. Бул боюнча келишим түзүү укугу банктын башкармалыгынын башчысы Эрмек Булатовго ыйгарылган. Анда ошондой эле Максим Бакиевдин өнөктөштөрү Елисеев менен Наделдин "Азия Универсал Риелт" компаниясы сатуучу катары аталып, прокуратура камоого алган имараттын дареги протоколдо көрсөтүлгөн. Мына ошондо акционердик жыйындын жалпы чогулушунун протоколу менен аталган банктын кожоюну Нуржан Тентимишованын анын банкы камоодогу имаратта болгону ижарада гана турат деп айтканы дал келбей турат.

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Мына ошондой операциялардан кийин мурдагы “Акылинвест” банкы 2015-жылы 9-апрелде “Борбор Азиялык Капитал Банк” болуп атын өзгөртүп, кайрадан каттоодон өткөн. Мурдагы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары Азимбек Бекназаров 2010-жылы мурдагы “Акылинвест" банк улутташтырылган мүлктөрдүн тизмесинде болгонуна токтолуп, бул боюнча далил документтери бар экенин айтты:

- Революциянын талабы менен Убактылуу өкмөттүн декреттеринин негизинде ошонун бардыгы мамлекеттин менчигине айланган. Ал эми мамлекеттин менчигин кайра сатуу үчүн атайын мыйзам бар. Ал ачык аукцион аркылуу сатылышы же мамлекеттин карамагында кала бериши мүмкүн. Биз элүүгө чукул объектти улутташтырганбыз. Бирок бирөөнүн дагы тагдырын чечкен эмеспиз. Аны жаңы келе турган парламент менен өкмөткө калтырганбыз.Мен турган учурда кыла алышкан жок. Жаңы парламент шайланып, Атамбаевдин өкмөтү келгенде биз тарадык. Анан мына ошол мүлктөр мамлекетке декрет менен өткөн соң, алардын тагдыры өкмөттүн сунушу жана Жогорку Кеңештин чечими менен чечилиш керек эле. Бирок парламентке АУБ, ”Акылинвест" банк, “Кристалл”, Бишкектеги ликер-арак заводдорунун маселеси коюлган эмес. Ошондуктан мунун бардыгы жең ичинен сатылып кеткен. Ал кезде Атамбаев өкмөт башчысы болчу.

“Акылинвест" банктын мурдагы кожоюну катары саналган Георгий Чесноков 2011-жылы аталган банктын бирден бир акционери экенин жарыялаган. Ошондой эле жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде АУБ банкынын кожоюну саналган Михаил Надель менен көп жылдык достук байланышта экенин жашырган эмес. Орусиянын жараны Георгий Чесноков 2010-жылдан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийин жергиликтүү маалымат каражаттарында Улуттук банктын аракеттерине доомат койгон Чесноков ошол кезде ал Британияда жашарын айткан.

Бегалы Наргозуев “Акылинвест" банкынын алды-саттысы тууралуу өлкөнүн саясий жетекчилиги билбей калышы мүмкүн эмес деген ойдо:

- Чесноков аркылуу алды-сатты туураланган. Бирок бул иште жогору жактан макулдук алмайынча эч ким эч нерсе кыла алмак эмес. Кыргызстанда мындай жогорку деңгээлдеги бир дагы иш Атамбаевден жашыруун жасалбайт. Эгерде ага билгизбей жасалса, анда бул үчүн Данияр Нарымбаевге окшоп камалмак. Чыныбай арак заводун, “Акылинвест" банкын Атамбаевден макулдук албай туруп Максимдин ошол адамынан сатып алса, анда анын күнү бүгүн башкача болмок. Ошон үчүн бул маселе канчалык көтөрүлсө деле жабылуу аяк жабылуу бойдон калып жатат.

Жапаровго сатылган имараттын жоопкерчилиги

2010-жылы 7-апрелден кийин Максим Бакиевдин айдоочусуна катталган Бишкектин чок ортосундагы имаратты ошол кездеги “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Садыр Жапаров сатып алганы боюнча 2011-жылы кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу “Ата Мекен” партиясынан депутат Турат Мадылбековдун уулу, прокуратура кызматкери Эльдар Мадылбеков жоопко тартылган.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Базар баасы 2 миллион долларлык Максим Бакиевге караштуу имаратты сатып алуу фактысы боюнча Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иши жабыла элек.

Учурда чет өлкөдө саясий бозгунда жүргөн Садыр Жапаров бул маселеде кош стандарт мамиле болгонун белгиледи:

- “Акылинвест" банкы эле эмес, андан башка Максим Бакиевге караштуу мүлктөрдү мародерчулук жол менен алышкан, кийин бардыгын ар кимге саткан. Мага Максимдин имаратын сатып алдың деп иш козгогондон кийин бардыгын изилдеп, таап чыккам. Мага саткан имараттай төрт имарат болгон экен. Кийин ошонун бардыгы мага саткандай эле башка адамдарга сатылган экен. Бирок мен сатып алган имарат боюнча булар иш козгоп, бирок калган үч имарат боюнча эч бир сөз дагы болбоптур. Мага Максимдин имаратын сатып алды деп иш козгойт дагы, эмне үчүн Чыныбайга иш козголбойт? Албетте анын артында чоң күч турат. Мисалы ошол эле Атамбаев. Мына ошол арак завод менен “Акылинвест" банкы Максим Бакиевдики болгону, кийин кимге өткөнүн Атамбаев билбейт дейсиздерби, билет да...

Ошол эле учурда “Акылинвест" банкы сыяктуу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө караштуу улутташтырылбай калган мүлктөрдүн тагдыры боюнча президент Атамбаевдин пикирин билүү аракетибизден майнап чыккан жок.

Эске сала кетүүчү жагдай, 2010-жылы 7-апрелден кийин Бакиевдерге жана алардын жакындарына таандык 47 объект улутташтырылган. Бирок кийин анын ичинен 34 мүлк гана мамлекетке өткөрүлүп, айрымдары мекеме-уюмдардын карамагында калып, кээ бирлери аукцион аркылуу жеке менчикке сатылган.

XS
SM
MD
LG