Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Кулмурзаев катышкан түтүк чыры бүтө элек


Иллюстрация
Иллюстрация

Баткендеги газ түтүктөрүн жең ичинен сатууга байланышкан былтыркы чуулгандуу маселенин жаңы жагдайлары белгилүү болууда.

“Кыргызгаз” “Газпромго” сатылып кеткенге чейин эле газ түтүктөрүн анын карамагынан чыгарып, эски карыздын эсебинен Казакстанга сатуу чечими ачыкка чыккан. Бирок парламенттин экс-депутаты Мурат Жураев Казакстанга карызга берилет деген газ түтүктөрү жеринен казылып алынып, Тажикстанга жең ичинен сатылып жатканын билдирди.

Укук коргоо органдары бул ири алдамчылыкка көз жумуп жатканына даттанган тарап “Кыргызгаздын” мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев баш болгон тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартууну талап кылууда.

Президент Алмазбек Атамбаев жакында Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында артында “куйругу” бар жетекчилерге аёо болбой турганын айтып, алар жоопко тартыларын убада кылган.

Тажикстанга ташылган газ түтүктөрү

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймагындагы узундугу 176 чакырымдык газ түтүктөрү казылып алынып, Тажикстанга ташылып жаткан фактыларды ачыкка чыгарды. Анын колундагы фото жана документалдык далилдерде түтүктөрдү жеринен казып алып, Тажикстанды көздөй жүктөгөн фактылар келтирилген.

"Кыргызгаз" башчысы Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер документ алмашууда. Бишкек, 10-апрель, 2014.
"Кыргызгаз" башчысы Тургунбек Кулмурзаев менен "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер документ алмашууда. Бишкек, 10-апрель, 2014.

Мурат Жураевдин айтымында, Лейлекте түтүк жүктөгөн КАМАЗдардын бирин жергиликтүүлөр жакында кармаган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев президент Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири, “Кыргызгаздын” мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин бул аракетине тиешелүү органдар көз жумуп келатканына токтолду:

- “Казакстанга болгон карызды сатып кутулабыз” деген шылтоо менен бул газ түтүктөрүн “Кыргызгаздын” карамагынан чыгарып, метрин 5 сом 80 тыйындан баалап, бар болгону 31 миллион сомго Казакстанга сатылсын деген чечим чыгарып алышкан. Лейлектеги эле газ түтүктөрүнүн орточо баасы 1 миллиард 700 миллион сомду түзөт. Бирок “Кыргызгаздын” ошол кездеги жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев аны арзан эле соодалап жибергенге кызыкдар болгон. Негизи бул газ түтүктөрү “Кыргызгаздан” чыгарылган соң Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өтүш керек эле. Бирок ал мекеме да анын ошондой баада сатылышына макулдук берип жатат. Натыйжада Казакстанга эмес эле, газ түтүктөрү Тажикстанга сатыла баштаган. Биздин колубузда газ түтүктөрүн жүктөгөн КАМАЗдардын сүрөттөрү жана тиешелүү документтер турат.

Көз боёмочулуктун көмүскө жолдору

“Кыргызгаздын” жалпы карызы 42 миллион долларды түзөт. Анын 13 миллиону “Казактрансгаздан” мурдагы жылдары алынган көгүлтүр от үчүн топтолгон карыз.

Баткен облусунун аймагындагы пайдалануудан калган газ түтүктөрүн жең ичинен сатууга байланышкан бул чуулгандуу маселе былтыр парламентте көтөрүлгөн болчу. Анда “Кыргызгаздын” ошол кездеги жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев аталган газ түтүктөрү Казакстанга 13 миллион доллар карыздын 8 миллионун жабууга жумшала турганын айткан болчу.

Бирок анда депутаттар “Кыргызгаздын” тышкы карызын аны сатып алган “Газпром” төлөйт деген келишим шартын көтөрүп чыгышкан. Бул суроого “Кыргызгаздын” мурдагы жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев мындайча жооп берген эле:

- Биз өзүбүздүн фирмага жардам болсун деп калган темир-тезек, жараксыз түтүктөрдүн бардыгын компаниянын карамагынан чыгарып, сатып жатабыз. Бул түтүктөргө 30 жыл болуптур, эскирген. Эми ошолорду сатып, карыздан кутулсак эмнеси жаман? Албетте “Кыргызгаздын” карызын “Газпром” төлөйт. Бирок биз ага чейин эле анча-мынчасын кутулуп койсок Орусия деле “ырас кылыпсыңар” деп айтат. Бул эми “Газпромго” деле жардам болмок да.

Газ түтүктөрү “Кыргызгаз” сатылганга чейин анын карамагынан чыгарылып, 2007-жылдагы газдын карызы үчүн Казакстан ташып кетет деп түшүндүрүлгөн болчу. Бирок аталган газ түтүктөрү Казакстанга эмес эле, жакындан бери Тажикстанга сатылып жаткан фактылар ачыкка чыгып калды. Бул жагдай боюнча учурда “Газпром - Кыргызстан” компаниясынын төрага орун басары болуп турган Тургунбек Кулмурзаевден комментарий алууга мүмкүн болбоду.

Активисттерге кысым жасалып жатабы?

Былтыр май айында чуу чыкканда парламент бул ишти териштирүүнү өкмөткө тапшырган болчу. Өкмөт башчысынын орун басары Тайырбек Сарпашев муну иликтөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөнүн айткан. Бирок бир жылдан бери ал иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков бул боюнча толук маалыматы жоктугун айтып, жоопкерчиликти укук коргоо органдарына оодара салды:

- Мындай маселе мен билгенден бир эле Лейлектин Жаңы-Жер аймагында эмес, Кадамжайдын Ак-Турпак жана Кыргыз-Кыштак айыл өкмөттөрүндө да бар. Бирок аталган эки айыл өкмөттүн аймагындагы газ түтүктөрүн казып алып, ташып кетишүүдө. “Кыргызгаз” Жаңы-Жер айыл өкмөтү менен соттошуп жатат. Ошондой бир шектүү маалыматтар болсо, аны тиешелүү укук коргоо органдары изилдеп чыгыш керек. Мен жергиликтүү бийлик өкүлү катары мыйзамдуулуктун сакталышын гана карайм. Мен облустагы тиешелүү жетекчилерге бул иш канчалык мыйзамдуу экенин иликтеп чыгууну тапшыргам. Ошол жактан "бардыгы мыйзамдуу экен" деген жооп алгам.

Биз анча-мынчасын кутулуп койсок Орусия деле “ырас кылыпсыңар” деп айтат. Бул эми “Газпромго” деле жардам болмок да.

Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагынын тургундары газ түтүктөрүн жергиликтүү бийликтин карамагына калтырууну талап кылышууда. Жергиликтүү калктын атынан сүйлөгөн демилгелүү топ бул ишке катышы бар Кулмурзаев баш болгон жогорку кызмат адамдарын жоопко тартууну президенттен талап кылды.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Сулайман Эргешов бийлик бул демилгени көтөрүп, элди уюштурган жергиликтүү активисттерге басым жасап жатканын белгиледи:

- Бул газ түтүктөрүнүн тагдыры боюнча 400 адамдын колу коюлган кайрылуу каттарын бир нече курдай борбордук бийликке жаза берип, жооп ала албай тажай баштадык. Бул маселе боюнча былтыртан бери күрөшүп келатабыз. Бирок ушул күнгө чейин бир жыйынтык жок. Газ түтүктөрүн каза баштаганда бардык бийлик органдары элдин таламын талашпай аны казып, ташып кетебиз дегендерди коргоп жатышат. Бизди болсо “эми бул ишке кийлигишсеңер алып барып камап коёбуз” деп ачык эле коркута башташты. Биз өткөндө бул жактан казылып ташып бараткан КАМАЗды кармап, айыл өкмөтүнүн стадионуна алып барып токтоттуруп койгонбуз.

Бул газ түтүктөрү Союз учурунда курулган Бухара-Фергана газ өткөрүү магистралынын Кыргызстанда калган бөлүгү. Өзбекстан 2000-жылы өзүнүн аймагы менен өтчү газ куурларын куруп, Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу өтчү газ магистралынан баш тарткан. Бул газ түтүктөрү былтыр компания сатылардын алдында “Кыргызгаздын” карамагынан чыгарылып, Казакстанга газдын карызы үчүн сатууга чечим чыгарылган. Жергиликтүү калк бул газ түтүктөрүн коомдоштуктун карамагында калтырып, айдоо аянттарына сугат суусун көбөйтүүгө жана жаңы жер аянттарын өздөштүрүүгө колдонуу демилгесин көтөрүп келген.

XS
SM
MD
LG