Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Акунов: Келдибековдун чыгышы - саясий чечим


Профессор Аалыбек Акунов "Азаттыктын" студиясында.
Профессор Аалыбек Акунов "Азаттыктын" студиясында.

Саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү саясаты ийгиликсиз болду, соттор дале бийликтен көз каранды деп эсептейт. Профессор ошондой эле Келдибековдун үй камагына чыгышы саясий чечим болду деген пикирде.

"Азаттык": Аалыбек мырза, Биринчи май райондук соту камактагы депутат Акматбек Келдибековду үй камагына чыгарып, Германияда дарыланууга дагы уруксат берди. Айрым саясий эксперттер муну азыркы кыргыз бийлигинин коррупция менен күрөштө жеңилиши деп баалашты. Сиздин бааңыз кандай?

Акунов: Бул боло турган эле иш болчу. Серепчилерге мындан башка чечимди күтүүгө негиз деле жок болчу. Анткени ал күрөш башынан эле ушундай багытта жүрүп келатат. Акматбек Келдибеков боюнча чечимди күтүлгөн эле иш катары бааладым.

"Азаттык": Президент Алмазбек Атамбаевдин, Социал-демократтар партиясынын, башкаруучу коалициянын курамындагы "Ата Мекен" партиясынын, дегеле бийликке келгендердин бардыгынын шайлоо алдындагы убадаларынын өзөгүн коррупцияга каршы күрөш түздү эле. Келдибековдун чыгышы, андан сырткары саясатчылардын бири камалып, бири чыгып жатканы бийликтин беделине көлөкө түшүрбөйбү?

Акунов: Албетте, көлөкө түшүрөт. Бул көлөкө мурун эле түшкөн. Улам-улам айтылып атып маселенин курчтугу деле кетип калгандай. Коррупцияга каршы жарыяланган күрөш башынан баштап эле кандайдыр бир жыйынтык бере тургандыгы күмөн болчу. Коррупция менен алек болгондор - мамлекттик органдар. Ошол органдарга каршы дагы бир мамлекеттик орган күрөшөт. Мисалга алсак, бир министрликтеги коррупциялык системаны ачышат дагы ошол система менен күрөшкөнгө кайра эле министрди милдеттендирип коюшат. Ал системаны түзгөн министр өзү экенин баары эле билип турушат. Ошол себептен бул эч кандай жыйынтык берген жок, бербейт дагы. Анткени бул күрөш башынан эле туура эмес башталган.

"Азаттык": Өзүңүз билгендей Алайда Акматбек Келдибековдун жердештери, туугандары жол тосуп, өздөрүнүн талаптарын коюшту. Айрымдар ошол жол тосуулардан улам бийлик Келдибековду үй камагына чыгарууга аргасыз болду деп айтышууда. Мындан кийин камактагы чоң кызматтагы адамдардын жакындары "биз жол тоссок эле чыгарат экен" деп бул көрүнүш адатка айланып кетүү коркунучу жокпу?

Акунов: Коркунуч бар. Алайлыктар биринчи болуп жол тоскон жок. Бул буга чейин эле адатка айланып калган көрүнүш болчу. Ушундай жол тосуулар жана башка баш ийбөөчүлүктөр бийликтин "азуусу" жоктугунан келип чыгууда. Бийлик тиги же бул ишти жүзөгө ашыра албайт, анткени анын арты таза эмес. Бийликтегилер өзүлөрү таза эмес. Ошондуктан кайсы жагынан башташпасын баары бир нааразычылыка барып такалат. Алайлыктар деле “Батукаевди бошоткон бийлик эмне себептен ооруп жаткан Келдибековду бошотпойт” - деп чыгышпадыбы. Ушундай салыштыруулар чыга берет. Эл шайлаган бийлик элдин ишенимин аткара албай атат.

"Азаттык": 2010-жылдан кийин коррупция менен күрөшүүнү башкы ураан кылып, бийлике келгендер кандайдыр бир көзгө илинген иш кыла алдыбы?

Акунов: Жок, эч кандай жеңишке жетишкен жок. 2005, 2010-жылкы төңкөрүштөрдөн кийин бир коррупционерлер кетип, башкалары келишти. Алардын фамилиялары, өң келбеттери гана өзгөрдү. 2005-жылы “мына бир үй-бүлөнүн бийлигинен кутулдук, эми экинчи кайталанбайт” - деп айтышкан. Кайра эле баары ошондой болду. 2010-жылы мындан ары объектилер сатылбайт дешкен. Азыр деле улантып жатышат. Бүгүнкү бийлик мурдагыдан формасы менен эле айырмаланбаса, маани-маңызы жагынан ошол эле бойдон калып, Акаев, Бакиев мезгилиндеги коррупциялык саясат улантып жатат.

"Азаттык": Коррупцияга каршы күрөш башталгандай сезилет, бирок камалгандардын кайра эле бир тобу чыгып кетип атат. Бул кыргыз бийлигинин чечкинсиздигиби же кыргыз соттору ушундай эле гумандуубу?

Акунов: Кыргызстандын сот бийлиги президенттик бийликтен, парламенттик бийликтен, аткаруу бийлигинен толугу менен көз каранды. Моралдык жактан дагы, материалдык жактан дагы көз каранды. Мына ошондон улам сот бийлигинин чечимдеринин көбү саясий чечим болуп калууда.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG