Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

ИИМ карызы үчүн Интерполдон кол үзөбү?


Интерполдун сайтында издөөдөгү адамдардын арасында Максим Бакиев да бар
Интерполдун сайтында издөөдөгү адамдардын арасында Максим Бакиев да бар

Кыргызстан Интерполго 150 миң евро карыз болгондуктан аталган уюм кызматташууну токтотушу мүмкүн.

Кыргызстан эл аралык кылмыш полициясы уюму - Интерполго 1997-жылы мүчө болгон. Уюмга кирген өлкөлөр жыл сайын мүчөлүк акы төлөп турууга тийиш. Кыргыз өкмөтүнүн аталган уюмга 2002-жылдан бери төлөнбөй келген карызы 150 миң еврого жетти. Мындай маалыматты ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди:

- Биздин Интерполго болгон карызыбыздын жалпы суммасы 150 миң евродон ашты. Учурда мындай карызды төлөөгө ИИМдин бюджетинде акча жок. Ушул маселе боюнча өкмөттөн жардам сурап кайрылдык. Былтыркы эле мүчөлүк акыбыз 15 миң еврону түзөт.

Сеитов кошумчалагандай, эгер Кыргызстан карызын төлөбөсө, Интерпол кызматташуудан баш тартышы толук мүмкүн. Интерполдун улуттук бюросуна барып, кызматкерлерди иш ордунан таба алган жокпуз. ИИМ өкүлдөрү муну аталган бөлүмдө жети гана кызматкер иштегендиктен баары сыртта издөө иштери менен алек деп түшүндүрүштү.

Эл аралык издөөдө 290 кыргызстандык бар

Эл аралык полиция кызматкерлеринин башкы милдети - дүйнөнүн уюмга кирген 190 өлкөсүндө изделип жаткан кылмышкерлерди табууга көмөктөшүү. Ошондой эле алар эл аралык издөө жарыяланган өлкө жарандары боюнча сот, прокуратура органдарынын материалдарын чет тилдерге которуп, уюмдун баш кеңсесине жөнөтүшөт.

- Бүгүнкү күндө Интерполдун улуттук бюросунда жети кызматкер иштейт. Интерполдон келген материалдардын дээрлик жүз пайызы англис тилинде. Уюмдун расмий тили болуп англисче, французча, испанча жана арабча саналат, - деди Бакыт Сеитов.

Деген менен аталган кызматкерлердин үчөө гана англис тилин билерин, Интерполдун улуттук бюросуна кадр тандоодо одоно мыйзам бузуулар кеткенин буга чейин ИИМ башчысынын орун басары Калыбек Сатывалдиев айтып чыккан.

Кыргызстан буга чейин 314 кылмышка шектүү адамды табуу үчүн Интерполдон жардам сураса, уюм алардын 290уна эл аралык издөө жарыялаган. Өткөн жылы өлкөнүн 15 жараны Интерполдун жардамы менен чет өлкөлөрдөн, башка өлкөлөр издеп жүргөн 10 жаран Кыргызстандан кармалган.

Эл аралык издөө жарыялангандардын арасында оор кылмыштарга шектелгендер, Алмамбет Анапияев сыяктуу крим төбөлдөр жана мурдагы саясий ишмерлер да бар. Учурда Интерпол издеген экс-саясатчылардын саны 15ге жетти. Алардын катарында мурдагы президент Курманбек Бакиев, Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов да бар.

Интерпол иргеп кармайбы?

ИИМдин мурдагы башчыларынын бири Болот Ногойбаев Интерпол аркылуу изделген жарандардын кармалбай жатышын өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюнун төмөндүгү менен байланыштырат. Ал буга Беларуста баш калкалап жүргөн Бакиевдердин экстрадицияланбай жатышын мисалга тартты:

- Интерпол Бакиевге окшогондорду кармабай, кармаса деле Кыргызстанга бербей жатпайбы. Айрым өлкөлөр эл аралык келишимдерди аткарбай өзүмбилемдик кылууда. Бул олуттуу маселе. Анткени Интерполго таасирдүү өлкөлөрдүн гана сөзү өткөндөй пикир жаралууда. Кыргызстан сыяктуу саясий жана экономикалык жактан чабал өлкөлөрдү көзгө илбей жатышат.

Интерполдун улуттук бюросундагылардын иши натыйжалуу болушу үчүн кесиптик чеберчилик жана керектүү жабдыктар жетиштүү болушу керек. Мындай оюн коопсуздук маселелери боюнча эксперт Токтогул Какчекеев билдирди. Анын айтымында, Интерпол саясаттан тыш, криминалистиканын негизинде гана иш алып барат.

- Интерполдун негиздүү издөөсүнө соттун чечими керек. Бул оңой-олтоң иш эмес. Айрымдар Интерполдун иши саясат дешет. Бирок бул уюм саясатка кийлигишпейт. Интерпол эч убакта андай куугунтуктарга катышпайт. Атайын операцияларды да жүргүзбөйт. Болгону шектүүлөр тууралуу маалымат топтоп, алардын кармалышына жардамдашат.

Интерпол 1923-жылы түптөлгөн. Учурда бул уюмга 190 өлкө мүчө. Баш кеңсеси Франциянын Лион шаарында жайгашкан. Эл аралык кылмыш полициясы саясий, аскердик, диний жана расалык негиздеги кылмыштарга кийлигишпейт.

XS
SM
MD
LG