Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:39

Кыргызстан

"Интернет эрөөлгө" министр Айгүл Рыскулова катышты

Кыргызстандын Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова окурмандарыбыз менен түз жыйында баарлашты. Министр айымга калктын турмушу начар катмарына, кароосуз жана жетим балдарга, кары-картаңдарга, майып жарандарга мамлекет кандай камкордук көрөөрүнө жана көрүп жатканына, гендер саясатына байланыштуу суроолор узатылды. Интернеттеги түз жыйын бүгүн (2011-жылы 2-мартта) Бишкек убакыты боюнча саат 15:00те башталып, саат 17:00де бүттү.

Кыргызстандын Калкты социалдык коргоо министри Айгүл Рыскулова “Азаттык” үналгысынын “Интернет эрөөлүнүн” коногу катары окурмандардын суроолоруна түз жыйында жооп берди. 2 сааттык түз жыйын 2011-жылдын 2-мартында саат 15:00-17:00де болду.
Текст көлөмү - +
Рыскулова айымдын көп жылдар бою миграция жаатындагы тажрыйбасын эске алуу менен бул маселе боюнча да ой-пикирлер узатылган, аларга да кыскача жооп алынды.

Шеринелик эрежебизге ылайык келбеген суроолор эч түшпөгөндүгүн да эскерте кетмекчибиз.

 "Интернет эрөөлдүн" буга чейинки коноктору - "Ата Мекен" Социалисттик партиясынын жетекчиси, депутат Өмүрбек Текебаев жана ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев болгон.

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.03.2011 16:59
8-мартты кайда кантип белгилейсиз. Майрамыныз менен
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 17:02
8-март күн – менин жолдошумдун туулган күнү.
Ошол себептен бул күн бизде кош майрам.
Үйдө белгилейбиз.

кимден: Balaqai каяктан: Turkiya
02.03.2011 16:50
Урматтуу эжеке,
латын тамгасын калыбына келтиргенге кандай карайсыз, балким кириллица менен чогуу колдонсок деген ойлор бар.

Сизге "-овна" деп кайрылган жагабы, же Марат кызы деппи?
Отунбаева эжеге кээде "Исак кызы" деп кайрылыбатышат ко.
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:50
1. Латын тамгасына өтүүгө каршымын, азыр кириллица менен тилибизди өнүктүрө албай жатабыз.
Эгер латын тамгасына өтөбүз десек анда дагы финансылык жана башка көптөгөн маселелер чыгат.

2. Маратбековнага көнүп калдым, Марат кызы деп мага ушул убакытка чейин эч ким кайрыла элек.

кимден: Кыргызстан
02.03.2011 16:50
Өзүңүздү кандай кайын эне болом деп элестетесиз?
Кыргыз салттарын карманасызбы?
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:54
Кайын эне болуудан корком (күлүп. – Ред.).
Жалгыз уулумдун тагдырына өтө олуттуу мамиле жасайм, ошон үчүн жакшы кайын эне болгонго аракет жасайм деп ойлойм.

Өтө аша чаап кеткен салттарды карманбайм, бирок нукура салттарды ала жүрөм.

кимден: Kanat каяктан: Kemin
02.03.2011 16:49
Dokturlarga akchany kanchaga koboitosunor?
Bizde barsan ele bul spetsialist jok, munusu jok deshet.
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:57
Өкмөттүн токтомуна кол коюлду.
Баскыч-баскычы менен көтөрүлөт.
Толук маалыматты интернет барактарынан издеңиз.

кимден: Нургуль
02.03.2011 16:45
Саламатсызбы Айгул эже, кыргызстандын жарандыгынан чыгып россиянын жарандыгын алганмын 2007-жылы , кайтып оз жериме кетип иштегим келет, кыргызстан кайра кабыл алабы?
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:53
Кабыл алат.

Кыргызстандын жарандыгын жалгыз гана президент алып коюшу мүмкүн.

Эгерде президент мындай буйрукка кол койбосо, паспортуңуз чөнтөгүңүздө болсо, анда Кыргызстандын атуулу болуп эсептелесиз.

Эгерде Кыргызстандын атуулдугунан баш тартсаңыз, анда жөнөкөйлөштүрүлгөн процедура менен кайра алсаңыз болот.

кимден: Kojobek каяктан: Evropa
02.03.2011 16:44
Урматтуу Айгүл эже, жоопторуңуз жакты.
Ушул маалда Кыргызстан Батыш Европа мамлекеттери менен өз ара эки салык төлөтпөгөн келишим түзсө кээ бир социалдык маселелерибиз да жеңилдейт беле, арты 20 жыл четте жүргөн кыргыздардан да кайтарым көп болот беле? Бул балким башка министрдин жообу керек суроодур бирок оюнузду билсек болобу?
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:44
Мен буга кошулам.
Ушундай саясатты жүргүзүш керек, эгер аны ишке ашырсак абдан жакшы болот эле.

Европада кыргыздын мыкты уул-кыздары окуп-иштеп жүрөт.

Кыргызстандын келечеги силердин колуңарда, тезирээк келип Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошсоңор жакшы болот эле.

кимден: Роза
02.03.2011 16:42
Президент Роза Отунбаева менен кандай мамиледесиз, аялдар жолугуп, о своем, о девичьем сүйлөшөсүздөрбү?
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:44
Жеке мамилем жок, бирок мамлекеттик кызмат боюнча мамилебиз жакшы.
Биринчи күндөн тарта эле бири-бирибизди түшүнүшүп келебиз.

Саясатта жүргөн айрым эжекелер менен жолугуп, өзүңүз айткандай “о девичьем” сүйлөшүп калабыз.

кимден: нургуль каяктан: москва
02.03.2011 16:41
саламатсызбы!

кимден: Бердибаева Жыпаргул каяктан: Ош шаары
02.03.2011 16:40
Урматтуу Айгул Маратбековна! Сизге чон ыраазычылык билдирем,сиз дайыма этникалык кыргыздарына жардам берип, колдогонунуз учун! Сиздин ишинизге ийгилик каалайм! Мен этникалык кыргыздардын маселеси боюнча сиздин кабылынызга барсам болобу? Эгерде маакул десениз, анда качан барсам болот?
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:47
Албетте болот.
Менин кабыл алуу күндөрүм ар шейшембиде саат 14төн башталат.

312 - 66-01-07 деген телефонго алдын-ала жазылып, убактыңызды тактап алыңыз.

кимден: Akylbek каяктан: Alatoo
02.03.2011 16:38
Мен калп эле түз жыйын дешет десем, чын эле ошондой окшойт.
Суроом - аялдарга текебер караган эркек саясатчылар сизден корксо керек, жигиттикинен курч мунозу бар айымдардан алар аявай коркот.
Кайсы саясатчы эркектердин платформасы сизге жагат?
Пикирге жооп

кимден: Айгүл Рыскулова
02.03.2011 16:45
Рахмат.

Бүгүнкү күндө кыргыз эркек саясатчылардын экономика, саясат тармагындагы көзгө илинерлик платформаларын көрө элекмин.
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)