Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

"Интернетте улут аралык касташууну козутпа"


Бишкек шаардык прокуратурасы президенттик шайлоо алдында журналисттерди улут аралык теманы чагылдырууда өтө астейдил болууга чакырды.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин бир да ММК каражаты улут аралык мамилени козуткан деген айып менен сот жообуна тартыла элек.

Былтыркы улут аралык жаңжалдын от алышында улутчул жана сепаратисттик ураандарга жол берген маалымат каражаттарында күнөө бар экенин эксперттер айтууда.

Бишкек шаардык прокуратурасынын өкүлү Эрик Таласбаев жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, улут аралык касташууну козуткан материалдардан оолак болууга чакырды. Прокурор өзгөчө электрондук маалымат каражаттарына басым жасады:

- Электрондук ММКда, форумдарда, чаттарда анонимдүү түрдө катталып, улут аралык касташууга алып келе турган нерселерди жазып атышат. Биз силерден бул нерсеге көңүл буруп, алардын жайылып кетпешине көзөмөл салышыңарды суранат элек.

Прокуратура өкүлдөрү интернет тармагында этнос аралык чагымчыл иштерге баргандарды жоопко тартуу кыйынга тураарын белгилешүүдө. Анткени сайттарга интернет колдонуучулар көбүнчө өз аты-жөнүн жашырып, каймана аттар менен киришет. Андыктан форум, чаттарда улуттарды кайраштырган авторлорун мыйзам жоопкерчилигине тартуу кыйын.

“Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук уюумунун жетекчиси Татту Мамбеталиева интернеттеги мындай чакырыктарга, аудио, видеого карата техникалык чаралар бар экендигин “Азаттыкка” айтып берди.

Булардын эң оңой жолу чагымчы адамдар көп кире турган сайттарды жөн эле бекитип койсо болот. Мисал иретинде буга чейин kg зонасынан тыш жерде интернетке жүктөлгөн “Чөөнүн мөртү” видеосун алып салуу мүмкүн болгондугун белгилеп, Мамбеталиева ушул жол аркылуу мындай чакырыктар менен күрөшүү болоорун айтууда.

- Биз башында бул сайттарга жөн эле блок койолу дегенбиз. Анткени тасмалар өтө эле агрессивдүү мүнөзгө ээ болчу. Бирок биз бул ресурстарды колдоо кызматтарына кайрылып, бул боюнча сот чечимдерин көрсөткөнүбүздө өздөрү ал видеолорду ресурстарынан алып коюшту.

Биринчи Май райондук соту ушул жылдын апрель айында былтыркы улут аралык кагылышууга арналган “Чөөнүн мөртү” китеби менен кошо таркатылган видеолорду экстремисттик деп таап, ага тыюу салган. Соттун бул чечими менен таанышкан yandex.ru жана mail.ru ресурс жетекчилери аталган виделорду сайттардан алган.

Көзөмөлдөсө болот

Медиа уюмдар Бишкек шаардык прокуратурасынын бул демилгесин колдоого алууда. “Журналисттер” уюмунун координатору Мэри Бекешова:

- Жоопкерчилик ошол форум, сайттардын жетекчилеринде болушу керек. Ошолор туура маалыматты коюп, туура эмесин иргеши керек. Редакциялап турушу керек. Популярдуу сайттарда ар ким каалаганын жазып чыгара берсе, ал нерселер чындап күчкө ээ болуп калат.

Бекешова улут аралык касташууну козута турган ой-пикирлер кыргыз тилдүү гезиттерде байма-бай кетерин кошумчалай кетти.
Ал арада kg интернет аймагындагы кээ бир маалыматтык интернет баракчалар модерацияны күчөтүү аракетин баштагандары маалым болду. Мисалга, K-News интернет басылмасы ар бир жаңылыкка түшкөн комментарийлерди президенттик шайлоо алдында күчтүү көзөмөлдөн өткөрүүнү максат кылды. Интернет басылманын баш редактору Алтынай Жуманазарова “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Сайтка кирип пикир таштоо үчүн каттоодон өтүү бир канча жолдор менен ишке ашып, катаал болот. Азыр биз Facebook аккаунту аркылуу каттоо киргизген жатабыз. Бул чара менен биз комментарий таштаган адамдардын аты-жөнүн биле алабыз. Биз президенттик шайлоо алдында бул өтө актуалдуу болот го деп ойлойбуз. Анткени бул маалда компромат аркылуу бирин-бири жамандоо күч алат эмеспи. Биз кир саясий оюндардын аянтчасы катары курал болгубуз келбейт.

Былтыркы улут аралык жаңжал алдында улутчул жана сепаратисттик үндөөлөргө бир катар гезиттер жана телеканалдар орун бергени далай жолу айтылган. Серепчилер Кыргызстанда интернет форумдар менен чаттар жоопкерчилиги аз аймак болгондуктан бир улутту кемсинтүү, мазактоо сөздөрү кетип жатканын белгилөөдө.
XS
SM
MD
LG