Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Шыкмаматов: "Центеррадагы" акциябызга көз кызарткандар көп


Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыктын" студиясында, 14-ноябрь, 2013.
Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыктын" студиясында, 14-ноябрь, 2013.

24-октябрда Париждеги эл аралык арбитраж латвиялык ишкер Валерий Белокондун пайдасына 16.5 млн. доллар төлөп берүүгө кыргыз өкмөтүн милдеттендиргени кечээ белгилүү болду. Ага чейин түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясы “Ак кеме” мейманканасы боюнча соттошууда кыргыз өкмөтүн утуп, “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын акцияларын камакка алууга жетишкен. Андан кийин Канаданын “Стэнс энержи корп” компаниясы сейрек кездешүүчү Куттуу-Сай кени боюнча кыргыз өкмөтүн Москвадагы арбитражга берип, 118 млн. долларга утуп алган. Мындай утулуулардын себеби эмнеде? Бул боюнча "Азаттыктын" таңкы түз обосундагы суроолоруна юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.

- Ошентип Кыргызстан удаама-удаа, ушуну менен үчүнчү ирет эл аралык соттон утулуп отурат. Мындай утулуулардын себеби эмнеде, Кыргызстан эмнеден жаза тайып жатат?

- 2007-2009-жылдары мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев жана анын шериктери аркылуу Кыргызстанга келген чет элдик компаниялар ар кандай жолдор менен биздин кен байлыктарга ээ болуп алышкан. 2010-жылдан кийин мурда түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылып, аларга текейден арзан: 300-500 сомдун тегерегинде берилген лицензиялар тартылып алынган. Эми ошолордун баары эл аралык сотторго барып, биздин “Центеррадагы” акцияларга көзүн кызартууда. Буга эми прецедент түзүлүп калды да, ошондуктан баары ошол бир жол менен кетип атат.

Эми эл аралык соттордо Бакиев, Елисеев деген түшүнүк жок да, аларда мурдагы президент, мурдагы парламент, мурдагы өкмөт кабыл алган чечимдер бар, аларды аткарыш керек деген гана түшүнүк бар. Эл аралык нормалар ушундай. А биз мурдагы бийликтин туура эмес чечимдерин кантип улантабыз? Андыктан азыркы бийлик аларды жокко чыгарганы абдан туура болгон.

Эл аралык сотторго берсе эле андан чочуп, дүрбөлөң түшпөш керек. Эл аралык сотторго биз да өз жагдайларыбызды, аргументтерибизди далилдешибиз керек. Маселен, “Манас” банкы Максим Бакиев менен Алексей Елисеевдики экени айдан ачык да, алар муну өздөрү да танган эмес. Алар бүт мамлекетин акчасын, Соцфонддун акчасын ошол банк аркылуу айландырып турушкан...

- Эл аралык соттордун чечимине карата кыргыз өкмөтү кандай кадамдарды жасаганы жатат?

- Кыргыз тарап дагы азыр тажрыйбалуу юристтерди жалдап, өз укугубузду коргогону жатабыз. Эми алар соттун чечимин утуп алган жок, болгону сот аркылуу “Центеррадагы” Кыргызстандын акцияларын камакка алып коюшту, соттон утсак, уткан акчаны акциянын дивиденддеринен алалы деп. Бул биринчи жагдай.

Экинчиден, биз эми мындан ары мындай практиканы токтотуу үчүн батыл кадамдарга барышыбыз керек. Тактап айтканда, алтын биздин жерде, Кумтөр бизде болгондон кийин акциябызды Канадада кармабай, керек болсо Кумтөрдү улутташтырууга чейин барышыбыз керек.

- Жалпысынан азыр Кыргызстандын үстүнөн дагы канча арыз бар эл аралык соттордо?

- Жалпы жонунан 10 чакты арыз бар, анда коюлган доонун жалпы суммасы 2 миллирад долларга жетет. Атап айтсак, Жерүй, “Ак кеме” Куттуу-Сай боюнча арыздар бар. Андан сырткары Надель, Гуревич дегендер бар, ошолордун баары соттошуп атат...

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG