Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Курбанов: Жибек Сакеева нигериялык топко алданган


Жибек Сакеева
Жибек Сакеева

Индонезияда маңзат менен кармалган Кыргызстандын жараны Жибек Сакееванын соту 26-майга жылды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, Сакеева башка көптөгөн кыз-келиндер сыңары эле Африканын Нигерия өлкөсүндө орун алган маңзат синдикатынын кезектеги курмандыгы болгон.

Ички иштер министрлигинин эл аралык маңзат бизнесине каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Талантбек Курбанов Жибек Сакеевага байланыштуу маалыматтар менен бөлүштү.

“Азаттык”: Жибек чындыгында эле өзүнүн ишенчээктигинен, байоолугунан алданып калганбы?

Талантбек Курбанов: Биз Жибектин бул жактагы жашоо-турмушун текшердик. Ошондо Жибек алданып калганын билдик, ал ишенчээктигинин курмандыгы болгон.

“Азаттык”: Жибек сыяктуу нигериялык топко алданган мисалдар барбы?

Талантбек Курбанов: Нигериялык топ боюнча бул биринчи көрүнүш эмес. Союз таркагандан кийин кыргыз кыздары өзгөчө алданып атпайбы.

Нигериялык топтон Дэн деген бала бул жерге келип, мен америкалыкмын деп, кыргыз кыздар менен дискотекада таанышып, аларга айтпай, паспорту менен почта жөнөтчү.

Дэн кыздар менен түнкү клубдарда таанышкан
Мисалы, Назира деген кыз менен дискотекадан таанышып, ал кыздын паспорту менен почта жөнөтөт.

Ал кыздын паспорту Орусиянын бажыканасынан өтүп
, Белгияга барып колго түшүп атат. Почтанын ичинде баңгизаты болгонун кыз билген эмес. Белгиядан баңгизат табылып, алар Орусиянын бажыканасына жөнөтүп, Орусияныкы биздикине жөнөтүп, алар мага кайрылганда, мен ал кызды таап сүйлөшкөндө, “мен дискотекада таанышканда тил үйрөнөйүн дегем, билген эмесмин, китеп жөнөткөнбүз” дейт. Китептин ичинде Дэн деген бала жашыруун тешик кылган.

Ошол эле Дэн Майклмын деп таанышат. Андан кийин Кытайга орус баланы жөнөтөт. Ошондой эле тешикти жасаган, ал да билген эмес. Ал Кытайдын аэропортунан колго түшүп атат. Андан кийин Жибекти жөнөтүп атат, акчага жеткирип бересиң, кошо ала кет деген.

“Азаттык”: Учурда нигериялык топту кармоо боюнча кандай иш-чаралар көрүлүүдө?

Талантбек Курбанов: Азыр бул топ менен биз гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай иштеп атат. Казакстанда жакында жолугушуу болду, ошол жерде ошол боюнча сөз болду. Азыркы учурда Дэнди кармоо боюнча иш-чаралар жүрүп атат.

XS
SM
MD
LG