Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Кыргызстандык ишкер айымдар Индияда болду


АКШнын Мамлекеттик департаментинин демилгеси менен кыргызстандык 15 ишмер айым Индияга чакан бизнести өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашып келишти.

Ишкер айымдар Индиянын Өзүн-өзү жумуш менен камсыздоо боюнча аялдардын бирикмесинин (SEWA) иши менен таанышып келишти.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы “Достук” ишкер тобунун жетекчиси Зейдакан Батырованын пикиринде, SEWAнын желе болуп иштегени, өз каражаты менен банк, дүкөндөрүн түзгөнү, ар тараптан бирин-бири колдогону таасир калтырды.

- Бул уюм уюшулганда эркектер, чиновниктер каршы турган экен. Аялдар мээнет кылып, такыр жерди гүлгө айлантып, ажайып шаарча кылып койгон. Өздөрү чыгарган продукцияны өздөрүнүн дүкөндөрүндө сатышат экен.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун “Алхимия” коомдук бирикмесинин жетекчиси Канымбүбү Орунбаева Индияны көркөм тасмадагыдай элестетип барганы айтып, ал жактагы жумушсуздук, жакырчылык сабак болгонун билдирди. Канымбүбү Орунбаева кыргыз жери берекелүү, эли сабаттуу экенин, элет жеринде иш орундарын түзүүгө ынанып келгенин айтты.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы “Активист” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сонунбүбү Жылтырова Индиядан алган таасирлерин мындайча бөлүштү:

- Биз барган Акметоват аймагында 5 миллион калк жашайт экен. Дүкөндөрүндө өздөрү чыгарган продукция, товарлар гана сатылып, башка фирма, өлкөнүн товары сатылбайт экен. Биринчи кезекте элдин керектөөсүн, муктаждыгын иликтеп, андан кийин гана продукция, товар өндүрүп, чыгарат экен. Маркетинг кызматы абдан кылдат өнүккөнүн байкадым.

Индияга барып келген ишкер айымдын бири - Тоң районундагы картошка үрөөнчүлүк чакан чарбанын жетекчиси Зинагүл Кыдырмышева. 10 күндө Индияда ичимдик ичкен мас адамды көрбөгөнүн, дүкөндөрүндө да ичимдиктер сатылбаганы байкап, аларда ишкерлик системалуу өнүккөнүн, Кыргызстанда ишкерлик чачкын экенин айтты.

Индияга барып келишкен ишкер айымдар “тажрыйба алмашуу өлкөдө элет жерлеринде иш орундарды түзүүгө, жакырчылыкты жоюуга салым кошот. Бирок ишкерлерге бут тоскон текшерүүлөрдү, коррупцияга, бюрократияга бөгөт койулса” дешти. Алар биргелешип иштөөгө, бизнес долбоорлорун түзүүгө өбөлгө болооруна ишенип келишти.

Индиядагы ишкер аялдар уюму (SEWA) 1972-жылы түзүлгөн. SEWAнын Индиянын 7 штатында 1,5 миллионго жакын мүчөсү бар. Ар тармакты кучагына алган бул уюм аял ишкерлерди колдоого алганы менен дүйнөгө таанылган. SEWAнын башкы максаты – өз мүчөлөрүн иш менен камсыздоо жана аларга камкордук көрүү.

Кыргызстандык ишкер айымдардын Индияга сапарын колдоого алган UN Women (буга чейин ЮНИФЕМ) өзүнүн ишмердүүлүгүн 1999-жылдан тартып Чыгыш Европа жана Борбор Азиянын 12 өлкөсүндө: Кыргызстанда, Арменияда, Азербайжанда, Беларуста, Грузияда, Казакстанда, Молдовада, Орусияда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Украинада жүргүзүп келет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG