Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Чет элден келгендерге көзөмөл чабал


Куршабда иштеген кытай жарандары
Куршабда иштеген кытай жарандары

Бишкекте күч түзүмдөрүнүн, тескөө органдарынын координациялык кеңешмеси өттү. Анда негизги маселе катары Кыргызстанга келип жаткан чет өлкөлүктөр, аларды каттоо, виза берүү жаатындагы көйгөй каралды.

Сырттан келгендерди каттап-көзөмөлдөө жаатында бирдиктүү, так иш жүрбөгөндүктөн, алардын канчоо кайра убагында чыгып кеткени тууралуу так эсеп жок.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева ушунун өзүн чоң кемчилик катары баалады:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 4 миллиондун тегерегинде адам келип кетет деген маалымат бар. Бирок алардын 100 миңден ашууну гана катталат экен. Конкреттүү сан биздин аппараттын, коомчулуктун баш оорусу болууда. Анткени бизде мигранттар жаатындагы көйгөйдүн масштабы тууралуу объективдүү баа, эсеп жок.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын тогуз айында 160 миң чет өлкөлүккө виза берилген. Алардын 75-80% кытайлыктар. Бирок виза алгандар өз убагында кайра өлкөсүнө кетип жатабы деген суроого статистика, же жооп жок.

Электрондук виза менен коррупциялык схемаларды азайтууга, коопсуздукка көзөмөлдү арттырууга болот.

Эреже бузуп, көзөмөл кызматынын кылтагына түшкөндөрдүн гана статистикасы бар. Ага ылайык, быйыл 9 айда мыйзамсыз миграция уюштуруу боюнча 27 факт аныкталып, 2831 чет элдик жаран Кыргызстанда жүрүү жана иштөө эрежелерин бузганы аныкталган. Алардын 200ү өлкөдөн чыгарылып, калганы административдик айыпка жыгылган. Булардын арасында Кытай, Түркия жана Пакистандын жарандары көп.

Мындан тышкары алгач Кыргызстанга кыска убакытка кирип алгандар кийин аны узартуу жолдорун акча менен чечип алышууда. Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Ибраимов мыйзамды кыйгап өткөн жолдорду мындайча түшүндүрдү:

- Учурда иштеп жаткан виза берүү эрежеси тышкы саясат мыйзамына шайкеш келбейт. Мындай жетишсиздик чет өлкөлүктөргө визаны, өзгөчө иш визасын кыйынчылыксыз эле алууга, белгисиз убакытка чейин өлкө аймагында жүрүүгө шарт түзүүдө.

Өлкөдө калып калууну көздөгөндөр ортомчу фирмалар аркылуу 1000-1500 доллар пара берип, максатын жүзөгө ашырган учурлар бар. Консулдук департамент чет элдиктерге иш визасын берүү жана узартууну түрдүү юридикалык тараптардын өтүнүчү менен ишке ашырат. Ал тараптар көп учурда кабыл алуучу тарап болуп эсептелбейт жана келген жарандарга тиешеси жок.

Каттоого көзөмөл күчөтүлөт

Тышкы иштер министрлигине караган консулдук кызмат болсо, алар юридикалык тараптардын өтүнүчү менен жарандарга виза берерин, бирок юридикалык тарап бир күндүк фирмабы, чет элдиктерди чын эле чакырып жатабы - текшерүүгө чамасы чак экенин айтууда. Анткен менен проблеманы моюнга алып, виза берүү жол-жоболорун заман талабына ылайык келтирүү жаатында иштеп жатышканын кошумчалады.

Тышкы иштер министрлигинин орун басары Эмил Кайкиев башка бир виза менен кирип алып, Кыргызстандын аймагында визасын өзгөртүүгө тыюу салууну сунуштоодо.

Кыргызстанда иштеген кытай жарандары
Кыргызстанда иштеген кытай жарандары

Өлкөгө кирген чет элдиктердин катталбай жатышы коопсуздукка да коркунуч келтирерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Абдил Сегизбаев белгилейт. Ошон үчүн атайын кызмат жакындан тарта чек араларда каттоону күчөткөнү жатат:

- 1-декабрдан тарта электрондук виза системасын бардык көзөмөл өткөрүү пункттарына орното турган компания менен келишим түзөбүз. Электрондук виза менен коррупциялык схемаларды азайтууга, коопсуздукка көзөмөлдү арттырууга болот. Ошондой эле биз бул жааттагы мыйзамдарды өзгөртүү боюнча бир топ сунуштарыбызды бергени жатабыз. Менимче ал сунуштар биздин ишибизди жакшыртат.

Сегизбаев Кыргызстан акыркы жылдары бир топ өлкө жарандарына визасыз кирүүгө жол ачканын, жалпысынан 45 мамлекет визасыз чек арадан өтө аларын айтат. "Ислам мамлекети" радикал тобунун катарына Европа өлкөлөрүнөн да жарандар кирип кетти деген Сегизбаев, алар деле Кыргызстанга бастырып келиши ыктымалдыгын айтат.

Буга айрым жарандык активисттер каршы пикирлерин билдиришип, визаны алгандан бери туристтер агымы көбөйгөнүн, терроризмди бул темага байлоо негизсиз экенин социалдык тармактарга жазышты.

Шылтоо азайып, иш көбөйсө...

Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев мыйзамсыз миграция маселеси мурдатан эле айтылып келатканы менен, мекемелер ортосундагы биргелешкен иш болбой келгендигин эстейт. Анын пикиринде, тиешелүү кызматтар функциясын так бөлүштүрмөйүн айыпты биринен бирине шылтай берүү, тармактагы башаламандык токтобойт:

- Виза кандай жол менен, канча мөөнөткө, ким берип атат? Аны ким көзөмөлгө алат? УКМК, Ички жана Тышкы иштер министрлиги, Чек ара кызматы - ушул функцияларды так бөлүштүрө турган мыйзам базасын түзүшү керек. Өзгөчө коопсуздук маселеси алдыңкы орунга чыгып жатат. Бул Кыргызстан сыяктуу чакан мамлекет үчүн өтө маанилүү.

Координациялык кеңеш да жалпы көзөмөл, биримдик жоктугун баса белгилеп, чет элдик жарандарды каттаган жалпы базаны иштеп чыгууну, виза берүүдөгү коррупцияны азайтуу маселесин эмки жылкы планына киргизди. Башкы прокуратура андай база кийинки жылдын биринчи кварталынан баштап ишке кириши ыктымалдыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG