Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Кыргызстан адам сатууга каршы күрөштү күчөтөт


АКШ Мамдепартаментинин баяндамасына караганда, дүйнөдө 27 млн.адам кулчулуктун түрдүү формаларынын курмандыгына айланган.
АКШ Мамдепартаментинин баяндамасына караганда, дүйнөдө 27 млн.адам кулчулуктун түрдүү формаларынын курмандыгына айланган.

Кыргыз өкмөтү адам сатууга каршы күрөшүү боюнча үч жылдык программа кабыл алып, кулчулуктун алдын алуу жолдорун издөөдө.

Тышкы миграция департаменти өкмөт кабыл алган токтомдун негизинде адам аткезчилигине каршы бир нече министрликтер менен чогуу күрөшүүну пландоодо.

Кулчулуктан качып кутулган Бактыгүл

Казакстанга жумуш издеп барып иштен же акчадан жок кулчулукка мажбурланып, үйүнө качып келүүгө аргасыз болгон токмоктук Бактыгүл Буржуева тууралуу видео тасма буга чейин интернетке тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле. Ал өзү башынан өткөргөн окуяны айтып берди:

- Кенедей балам менен чогуу баргам. Иш беребиз деген жайдагылар бизди дароо эле урушуп кирди. “Иштегени келдиңерби, иштегиле” деп опузалады. Бул жакка келген кыргыздар эч качан кетпейт, кул болот деди. Мен керек болсо сени сатып жиберем деди.

Адистердин айтымында, кошуна Казакстандын тамеки талааларына, башка түрдүү жумуштарга жалданып иштеп, акчасын ала албай жүргөн кыргызстандыктар ондоп саналат, бирок баары эле кулчулуктан кутулгандан кийин өздөрү көргөн кордукту ачыкка чыгаргысы келишпейт.

Тышкы миграция департаментинин башкы адиси Каниза Ийазалиева адам аткезчилиги учурда олутуу көйгөйгө айланганын, эми бир нече министрликтер, бейөкмөт уюмдар буга каршы чогуу-чаран күрөшүүгө белсенип турганын айтат:

- Адам соодасы менен алектенгендер жылдан жылга формасын өзгөртүп, ишти татаалдатып жатат. Бул кылмыштуу топторго кандай операцияларды өткөрүү керек, кантип токтотсо болот, мунун баарын мыйзамдын алкагында карап чыгабыз.

Адам сатууга каршы иш алып барган бир нече уюмдар өткөн жылы кулчулукка кабылгандардын 40 пайызын аялдар түзөөрүн айтып чыгышкан. Миграция кызматы эркектер көбүнесе Казакстан менен Орусияда эмгек кулчулугуна, ал эми кыздар Араб Эмиратары жана Түркияда сексуалдык күңчүлүккө кабылышаарын аныкташкан.

Чет өлкөдөн жакшы жумуш, көп акча сунуштаган көз боёмочулар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан үзгүлтүксүз кабарлап турсак да, алданып калгандардын саны азайган жок деп кошумчалады Ийазалиева:

- Биздин жарандар шылуундарга өздөрү мүмкүнчүлүк берип коюшат. Оңой алданып калышууда. Кылмышкерлер болсо чет өлкөгө алып чыгып, паспортторун алып коюп, өздөрүн соодалап жиберишет.

Чоң мафия

Кыргызстанда адам сатууга каршы дээрлик отузга жакын уюм иш алып барат. Алардын бирөөсү “Сезим” кризистик борборунун башчысы Бүбүсара Рыскулова адам соодасы менен күрөшүү өтө эле татаал, сойкуларды четке соодалаган ири кылмышкерлерди тузакка түшүрүү оңой олтоң иш эмес экендигин айтат:

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова
- Эки кызыбызды соодалаган “сутенер” Алматыда кармалып, ал иш аягына чыккан жок. Буга күчтүү адвокаттар керек. Мисалы буга чейин эки өспүрүм кызга байланыштуу ушундай окуяда биз жактан бир адвокат барса, соодалаган тараптан алты адвокат болуптур. Ал жакта чоң мафия, чоң акча.

Ички иштер министрлигинин маалыматына таянсак, адам сатуу боюнча 2011-жылы 9, ал эми 2012-жылы алты гана кылмыш иши козголгон. Адистердин баамында, кулчулуктун курмандыктары көпчүлүк учурда азаптан кутулгандан кийин окуяны ачыктоодон коркуп же уялып арыз жазууну туура көрүшпөйт.

Өткөн жылдын 19-июнда АКШ Мамдепартаменти адам сатуу жана кулчулуктун жаңы түрлөрү боюнча дүйнөнүн 186 мамлекетиндеги абал жөнүндө жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда дүйнөдө 27 млн.адам кулчулуктун түрдүү формаларынын курмандыгына айланганы айтылган.

Эми кыргыз өкмөтү да үч жылдык программанын алкагында элге түшүндүрүү иштерин күчөтүп, бир нече министрликтер чогуу иштеп, адам соодасын азайтууга белсенип турушкан чагы.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG