Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Адам укугу: аракет бар, жылыш аз


Бишкектеги абактардын биринде. 26-январь, 2012-жыл
Бишкектеги абактардын биринде. 26-январь, 2012-жыл

Кыргызстанда адам укуктарын сактоо багытында аракеттер жүрүп жатканы менен кыйноо, этникалык жана сексуалдык азчылыктардын укуктарынын бузулушу негизги көйгөй бойдон калууда.

Мындай тыянак “Хьюман Райтс Уотч” уюму тарабынан 2013-жылга карата чыгарылган талдоодо айтылат. Бул көз карашка өлкөдөгү укук коргоочулар да кошулат. Ал эми бийлик өкүлдөрү адам укуктарын сакталышы боюнча аткарылган иштер эл аралык уюмдардын көз жаздымында калып жатат деп эсептешет.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму 21-январда жарыялаган талдоого ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы дурус болгону менен, буга чейин айтылып келген кемчиликтер жоюла элек. Докладда июнь окуясы калыс териштирилбей жатат деген жүйөө да келтирилген.

Кемчиликтер жоюлган жок

Уюмдун Бишкектеги өкүлү Мира Ритман 2013-жылга карата жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу “Азаттыкка” буларды айтып берди:

Түрмөдөгү укук коргоочу Азимжан Аскаров. 28-декабрь, 2011-жыл
Түрмөдөгү укук коргоочу Азимжан Аскаров. 28-декабрь, 2011-жыл
- Өткөн 2013-жылы “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун өкүлдөрү Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы боюнча маанилүү деп эсептелген өңүттөргө талдоо жүргүздү. Сот залында адвокаттарга кол салынганы - орчундуу маселе. Мындай абалга 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу айыпталып жаткандарга адвокаттык кылып жүргөндөр кабылууда. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун дагы эле темир тор артында отурушу да адам укуктарынын бузулуп жатканын көрсөтүүдө. Этникалык азчылыктарга карата мамилеге да жакшы баа берүүгө эрте. Сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн укуктары да бузулуп келет. Андан сырткары, абактагы кыйноо фактылары да көйгөй бойдон турат.

2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу бир катар сот жараяндарында айыпталуучулардын адвокаттарына басым болуп келет. “Хьюман Райтс Уочтун” пикиринде, мындай көрүнүштөр соттолуучунун адилет соттук териштирүүгө болгон укугуна олуттуу доо кетирет.

Жергиликтүү укук коргоочулардын байкоосу боюнча да, өлкөдөгү этникалык азчылыктардын укуктары орчундуу маселе бойдон калууда. Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова баштаган укук коргоочулар 2010-жылдагы калабадан бери аз улуттарга карата терс мамиле сакталып жатканын айтып келишет.

Түрмө, убактылуу тергөө абагы, балдар үйү жана психиатриялык оорукана өңдүү жабык жайларда адам укуктарынын сакталышы жакшырбай жатканы өткөн жылдын 11-декабрында Бишкекте өткөн укук коргоочулардын чоң жыйынында айтылган.

Ноябрь айында Бириккен улуттар уюмунун кыйноолорго каршы комитетинин мүчөлөрү кыргыз бийлиги зордук-зомбулукту азайтуу үчүн мыйзамдарын жакшыртып жатканы менен абал оң жакка өзгөрбөгөнүн айтып, сынга алган.

Аракет бар, натыйжа аз

Укук коргоочу жана журналист Абдумомун Мамараимовдун пикиринде, Кыргызстанда коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу адам укуктарын сактоо аракеттери дурус экенине карабай, ага эл аралык уюмдардын берген баасы төмөн болуп жатканынын да өзүнчө себептери бар:

- Адам укуктары боюнча борбордун түзүлүшү, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагынан Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттери гана эмес, Советтер союзунан бөлүнүп чыккан өлкөлөрдүн ичинен да өзгөчөлөнүп турат. Бирок бийлик тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы көзөмөлгө алынбай жатат. Конкреттүү бир факт боюнча укук коргоо органдары натыйжалуу иш жасаганын көргөн жокпуз. Тескерисинче, укук коргоочулардын аракеттерине да каршы туруп атышат. Жарандык коомдун өкүлдөрү көтөрүп чыккан маселелерге да чара көрүлбөй кала берүүдө.

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Абдыманап Кутушев жогоруда айтылган ойлорго кошулбай турганын билдирди:

- Эл аралык уюмдардын пикирлери, чыгарган тыянактары дайыма эле объективдүү боло бербейт. Алардын деле өзүнүн кызыкчылыгы бар. Ооба, адам укуктарынын сакталышы боюнча проблемалар болуп жатат. Бирок биздин чөлкөмдөгү башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстандагы абал алда канча жакшы. Өткөн жылы абактагы кыйноолорго каршы аракеттер боюнча улуттук борбор түзүлдү. 2014-жылдан тарта майнаптуу иштей баштайт. Анын мүчөлөрү каалаган түрмөгө, каалаган тергөө органдарына барып, абал менен таанышса болот. Биздин мамлекеттеги сөз эркиндигинин абалы да адам укуктарынын сакталышына салымын кошуп жатат деп ойлойм. Мурда айрым фактылар жаап-жашырылса, азыр эч кандай окуяны жашырып койгонго болбойт.

“Хьюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укуктарына байланыштуу өзүнүн талдоосун жыл сайын жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG