Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

Из кубарлар келинди ур-тепкиге алганбы?


Нестан Бектурсунова
Нестан Бектурсунова

Бишкектин тургуну Нестан Бектурсунова кош бойлуу экенине карабай опер-кызматкерлердин ур-тепкисине кабылганын айтып, коомчулукка кайрылды. Бала бойдон түшүп калуу коркунучу жаралгандыктан азыр төрөтканада дарыланууда.

Милиция болсо ал алдамчылыкка шектелип жатканынан улам суракка алып келингенин, эч кандай мыйзамсыз аракеттер колдонулбаганын белгилейт.

З3 жаштагы Нестан Бектурсунова менен баш калаадагы №4 төрөтканада жолугуштук. Эки жумадан бери дарыланып жатыптыр. Догдурлар анын боюндагы үч айлык баласы түшүп калуу коркунучунда экенин эскертишкен.

Нестанга байланыштуу Бишкектин Свердлов райондук Ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш ишин козгогон. Маалыматка ылайык, анын анча жакын эмес тааныштары “алдап үйүбүздү алып койду” деп арыз жазган. Нестан буга чейин маселе Жогорку Сотко чейин жетип, ак экенин далилденгенин, бирок тааныштары болбой эле кайра арызданып жүргөнүн айтат.

Опер кызматкерлерине байланышкан окуя быйыл 31-июлда Ысык-Көлдүн Корумду айылында, келин кайын-журтунун үйүндө жүргөндө болгон:

- Эки-үч бала дарбазадан кирип, “батир бересиңерби?” деп сурады. Эс алуучулар үчүн бөлмө берерибизди айттым. Алар мага жээкти көрсөтүп коюумду суранышты. Макул деп дарбазадан сыртка жолду түшүндүрүп жатсам эле бирөө бутумдун артына тепти. Кулап түштүм. Эс-учумду жыйганча болбой, мени бүктөп эле машиненин арткы орундугуна тыгып салышты. Машинени айдап жөнөшкөндө, мени бирөө тамашага салып жатабы деп ойлодум. Сөгүнүп сүйлөшкөнүнөн улам “каралардын” колуна түшкөнүмдү байкадым. Мен менен үй маселесинде соттошуп жүргөндөр артыма адам койгон экен дедим.

Эмне болгонун түшүнбөгөн Нестан айланадагылардан жардам сураганга да үлгүрбөй калганын айтууда. Ал “каралар” деп ойлогон жигиттер жолдо келатып өздөрүн Свердлов райондук милициясынын опер-кызматкерлери деп тааныштырган:

- Өзүм үчүн корккон жокмун. Жарык дүйнөгө келе элек баламдын тагдырын ойлоп, ыйладым. Анүстүнө тун балам. “Бул не кылганыңар? Силердин да эже-карындашыңар болсо керек” деп ичкенге суу сурадым. Бербей коюшту. Боюмда бар экенин айтсам, ишенишкен жок. Ичим катуу ооруп жатты.

Күч кызматкерлеринин бул аракетин мыйзамсыз деп атаган Нестан бейтапканадан чыккандан кийин соттошууга камынып жатат.

- Мен качып жүргөн жокмун. Издөөдөгү адам эмесмин. Телефонум, дарегим белгилүү. Бир жолу тергөөгө чакыруу жибербей туруп, мени минтип ур-тепки менен милицияга алып кеткени кандай? Жакындарыма телефон чалып койгонго да уруксат беришпеди. Милициядагылар мени шылуун, көз боёмочу катары көрүп атышат. Кылмыш иши мага эмес, факт боюнча козголуп атат. Ошондуктан мени мындай ыкмада кармап кетүүгө акылары жок. Ойлошпойбу, балким мен алдамчылардын курмандыгы болуп жаткандырмын.

Ошентип, Нестан 1-августка караган түнү дарыгерлердин кароосунан соң Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн түз эле төрөтканага кетет. Бул маселеге көңүл буруусун өтүнүп, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылган.

Ал эми анын ишин карап жаткан Свердлов райондук милициясынын өкүлү, тергөөчү Икрам Шамиев Нестанды кармоону төмөнкүчө негиздеди:

- Ал кыздын телефондору өчүк болуп жатты. Бишкектен да кетип калыптыр. Айла жок, Ысык-Көлдөн алып келүүгө туура келди. Алдамчылыкка шектелип жатат. Бирөө сатып алган үйгө ээлик кылып алыптыр. Мындай кылганы туура эмес да. Биз өз милдетибизди аткардык. Аны эч ким урган жок. Жигиттер аял кишиге кантип кол көтөрмөк эле? Экспертизанын жыйынтыгы да бар. Боюмда бар деп айтты, бирок анысы байкалбайт.

Бирок чындап эле Нестандын боюнда бар экенин дарыгерлер тастыктап жатышат. Бул иш боюнча "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун адвокаттары Нестан Бектурсунованын кайрылуусунун негизинде иликтөө жүргүзүп жаткан кези. Милиция кызматкерлери болсо эч кандай аша чабуу болгон эместигин белгилеп, баары мыйзамдуу чечилерине ишендирүүдө.

XS
SM
MD
LG