Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:01

Өмүр сакчыларына артылган дооматтар


Акыркы кездери коомчулукта дарыгерлердин шалаакылыгынан бейтаптардын алды өлүмгө кабылып, арты майып болуп калып жатат деген кескин дооматтар көбөйдү.

Адистер тиешелүү мыйзамдардын жоктугунан дарыгерлерге катаал чаралар көрүлбөй, ал өз кезегинде доктурлардын адамдын саламаттыгына шалаакы мамиле жасоосуна жол ачып жатканын айтышууда.

Жакында эле Ысык-Көл облусунун Түп районундагы төрөт үйүндө дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жаңы төрөлгөн ымыркай ваакум лампасына күйүп калган. Акыбалы оорлоп кеткенинен улам райондук төрөт үйүнүн дарыгерлери наристени Караколдогу облустук төрөт үйүнө жөнөтүшүп, бирок, сактай албай калышты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координатору Эсенбек Сатылканов бул окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп иш алып барганын, Түп райондук төрөт үйүнүн дарыгерине административдик жаза берилгенин “Азаттыка” билдирди.

- Албетте өтө жагымсыз окуя болуп кетти. Наристенин көз жумганы, дарыгердин шалаакылыгы коомчулук арасында талкуу жаратып, элдин дарыгерлерге болгон ишенимин жоготуп жатат. Биз түзгөн комиссия ишти иликтеп, ымыркай күйүк алганы боюнча врачты жазага тартып, азыр эс алууга жибердик. Бир жагынан дарыгерлер жетишсиз болуп аймактарда өтө эле муктаждык көп. Эми адамдык фактор деген бардык иштерде эле кездешип жатпайбы. Азыр районго ким аким болот десе, жок дегенде он киши аттанат, врач керек десең, бирөө да жок, аймактык дарыгерлерге болгон таңсыктык жыл өткөн сайын курчуп баратат.

Ушундай эле доктурлардын шалаакылыгынан Бишкек шаарынын тургуну Гүлзина Байтаева Республикалык онкология борборунда оорубаган эмчегинен айрылып калган.

Гүлзина Байтаеванын даттанбаган жери, арызданбаган мекемеси калбаптыр. Жогорку Кеңештин трибунасында кайрылуу жасап, андан да майнап чыгара албаганда Орусиянын "Биринчи каналынын" алып баруучусу Андрей Малаховго кайрылып, андан расмий чакыруу алыптыр. Жакынкы айларда кыргызстандык Гүлзина Байтаева “Пусть говорят” ток-шоусунун башкы каарманы болмокчу.

- Мени туура эмес операция кылып ушул акыбалга алып келген дарыгердин күнөөсүн ачып берүү - бул менин жашоомдогу эң башкы максатым. Кыргызстанда мага бир да орган жардам бере албай, ал тургай Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн колунан да эч нерсе келген жок. Мен турмушка чыгып үй-бүлө күтүп, бала жытын искегим келет. “Пусть говорят” көрсөтүүсүндө мен баш каарман болсом, менин тагдырыма окшогон кыз-келиндерди да чакырышкан экен. Ошол түз эфирде мага жардам берүүгө алып баруучу Андрей Малахов 50 миң АКШ долларын сурап кайрылуу кылат, анткени эмчегимди калыбына келтире турган операциянын куну элүү миң доллар турат экен.

Көз карандысыз юрист Бектур Абдыкадыр уулу акыркы жылдары Кыргызстанда дарыгерлерден жабыр тарткандардын саны кескин өсүп кеткенин айтат. Муну ал жабырлануучулардын юристтерге көп кайрылып жаткандыгы менен негиздеди:

- Бизге кайрылгандарга албетте юридикалык жардамдарыбызды аябайбыз. Кеп-кеңештерибизди берип, соттук процесстерге катышып жүрөбүз. Бирок Кыргызстандын Конституциясы жана жоболору боюнча акыркы чечимди сот чыгарат. Сот кимди күнөөлүү же күнөөлүү эмес десе, биз баары бир ага баш ийебиз. Ал эми дарыгерлерге байланыштуу соттук процесс болсо, атайын Соттук медициналык экспертиза бар, алар карап, доктурлардын шалаакылыгы, же катачылыгы болсо баарын аныктап берет, ошондон кийин гана сот өзүнүн бүтүмүн чыгарат. Эгер тарыхты карай турган болсок, Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин бир да дарыгер өз катасы үчүн соттолгон учур каттала элек.

Адам өмүрүнүн сакчылары аталган дарыгерлер бүгүн миңдеген оорулууларды сакайтып буттарынан тургузуп жатат. Айлык маянанын аздыгынан чет өлкөлөргө кеткендер да аз эмес. Аймактардагы ооруканалар гана эмес бүгүн борбордук ооруканалар дагы дарыгер адистерге муктаж. Бирок мындай муктаждык ак халатчандарды адамдын өмүрү менен саламаттыгы үчүн алган жоопкерчилигинен куткара албаса керек.

XS
SM
MD
LG