Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Кароосуз балдар борборундагы зомбулук


Бишкектеги кароосуз калган балдардын реабилитациялык борборунда тарбияланып жаткан балдар зомбулуктун түрлөрүнө кириптер болууда.

Мэрияга караштуу билим берүү башкармалыгы атайын текшерүүдөн кийин ушундай жыйынтыкка келген. Бирок бир катар укук коргоочулар аталган борбордун директору Алексей Петрушевскийди каралоо менен жумуштан алуу аракети жүрүп жатканын айтып чыгышты.

Бишкектеги кароосуз калган балдардын реабилитациялык борбору ушул тушта шаар коомчулугунун көңүл чордонуна чыкты. “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” укук коргоо борборунун жетекчиси Игорь Трофимовдун “балдар үйүндө педофилия күчөп жатат” деп мэрияга караштуу Билим берүү башкармалыгына жазган арызынан кийин бул жай текшерүүгө алынды.

Башкармалыктын башчысы Айнагүл Ниязованын билдиришинче, буга чейин деле бул кишиден бир нече арыздар түшүп, бирок андагы фактылар далил тапкан эмес. Акыркы арызда балдар укугу маселеси козголгондуктан аны текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

"Курамына Улуттук коопсуздук кызматкерлери, мектептин психологдору жана психиатрлар кирген комиссия борбордун тарбиячыларынан тартып, балдарга чейин сүйлөшүп чыгып, жыйынтыгында зомбулук болгону тастыкталды", – деди Айнагүл Ниязова.

- Чындыгында балдарды урган фактылар далилденди. Урган адам өзү да муну мойнуна алды. Сексуалдык зомбулук боюнча прокуратура өзү иликтеп, чекит койсо дедик. Анткени балдардын укугун эске алып, тергөө кызыкчылыгы үчүн баарын ачык айта албайбыз. Ал жерде психоневрологиялык каттоодо тургандар иштешет экен. Маниакальная шизофрения деген диагнозу бар адам иштейт экен. Педофилияга жакын адам иштээрин балдар көрсөтүп жатышат. Балдар кыйыр түрдө айтып берип жатат. Ал адам балдарды бөлмөгө киргизип алып, эмне кылып жатканын айтып берүүдө.

Комиссиянын курамында иштеген Бишкек шаардык улуттук коопсуздук башкарма башчысынын орун басары Нурлан Дүйшекеев да Ниязованын сөздөрүн бышыктады.

Бирок сегиз жылдан бери Реабилитациялык борборду жетектеп келаткан Алексей Петрушевский мындай дооматтарды четке кагып, муну кызматтан алуу аракети деп баалады.

- Мен алар менен күрөшүп жатам жана эч качан жеңилбейм. Мен эч качан эч кимге пара бербейм. Анан мага “начальникке эмнеге кирбейсиң?” дешет. Эч кандай жыйынтык болбосо, мен ага эмнеге убактымды коротушум керек? Мен ар кайсы жакка барып, балдар үчүн изденип жүрөм, бул менин жумушум. Бул жерде педофилия жок экенин көз карандысыз психологдор аныкташты. Ал эми алар түзгөн комиссиянын курамына бүт Ниязованын кол алдында иштегендер кирген. Чын эле текшергилери келсе, анда көз карандысыз эксперттерди тартпайт беле.

Ал ортодо бир катар бейөкмөт уюмдар Алексей Петрушевскийди коргоого алышты. Алар да борбордо өз алдынча көз карандысыз психолог эксперттердин катышуусунда иликтөө жүргүзүп, тескери тыянакка келгенин билдирүүдө. Укук коргоочу Назгүл Турдубекова окуяга байланыштуу “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз да эки жолу иликтедик. Педофилия жөнүндө айтылган сөздөр жалган экенин көрдүк. Биздин оюбузча Айнагүл Ниязова жеке бир өч алуу иретинде Петрушевскийди басмырлап жатат. Бул - коррупция. “Мага пара бербейсиң, жагымдуу бир иш кылбайсың” деп жасап жатканы го. Элдин баары Ниязовага нааразы.

Соңку эки жылда борбордун иши текшерилгенин, балдардын жашоо шарты, тамак-ашы, санитардык абалы боюнча Алексей Петрушевский сөгүш алганын Айнагүл Ниязова кошумчалады.

- Акыркы убакта мамлекеттик структураларга ишенбөө өнөкөт болуп калды. Туура иштеп жатса да ишенбей, бейөкмөт уюмдарга ишене беришет. Биздин ар бир текшерүүбүз акты, изилдөө менен бекитилет. Ага баары кол койот. Бул жолу комиссия да ошондой иштеди. Бирок справка менен тааныштыралы десек Алексей дарыланууга чыгып кетти. Бул да өзүнчө кызык нерсе. Былтыркы текшерүү учурунда да бейөкмөт уюмдар ишибизге киришип, маалымат каражаттарына жалган маалыматтарды тараткан. Бүгүнкү күндө бул боюнча алар менен сотубуз бүтө элек.

Балдар реабилитациялык борборунда 70ке чукул бала бар, аларды 25 тарбиячы карайт. Билим берүү башкармалыгы бардык иликтөө материалдарын прокуратурага берип, бир-эки аптанын ичинде бул маселеге укуктук баа берилишин күтүп жатат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG