Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Майрам каадасын азайтуу сунушталды


31-август, Бишкек
31-август, Бишкек

Айрым эл өкүлдөрү Кыргызстанда майрам күндөрүн кыскартууну сунуштап жатышат. Буга алар өлкөдөгү эс алуулардын көбөйүп кеткенин жүйө келтирүүдө. Азыр Кыргызстанда 13 майрам өлкө боюнча расмий белгиленип, ал 20 күндөй эс алуу менен коштолот.

Кыргызстанда расмий белгиленген 13 майрам бар, буга байланыштуу жарандар бир жыл ичинде 20 күндөй эс алышат. Ал эми май айындагы майрамдар удаа келгендигинен эс алуулар беш күнгө чейин созулуп кетет.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев азыр белгиленип келаткан майрамдардын айрымдарын жоюп салууну сунуштоодо:

- Бизде Эмгек кодекси боюнча белгиленип жаткан 13 майрам бар. Анын ичинен үч майрам динге байланыштуу. Калган он майрамдын көпчүлүгү саясий майрамдар болуп эсептелет. Мисалы, 5-май Конституция күнү, 7-ноябрь - Октябрь революциясынын күнү болчу, азыр башка мааниде белгиленип келет. 23-февраль 1918-жылы Орусия Германияны жеңген күн болсо, кийинчерээк Кызыл армиянын күнү болуп калган. Биз аны эркектердин майрамы катары белгилейбиз. Ушул үч майрамды жоюуну, жок дегенде жөн гана эскерүү күнү катары калтырууну сунуштап жатабыз. Ошону менен азыр актуалдуулугун жоготкон советтик саясий майрамдардын ордуна Энелер күнү, Балдарды коргоо күнү сыяктуу үй-бүлөлүк майрамдарды киргизели деп жатабыз.

Жарандык активисттер да айрым майрамдар кыргызстандыктарга сырттан таңууланып жатат деп эсептешет. Алардын бири Бурул Ысманалы майрамдарды кыскартуу демилгесин колдойт. Ага кошумча дем алыш күнгө туура келген майрамдар үчүн жумуш күндөрдү эс алуу деп жарыялаган адатты да токтотуш керек деген пикирде:

- Чындыгында эле майрамдар көп. Майрам күндөр дем алыш күнгө туура келсе, анын ордун толуктоо үчүн жумуш күндөрдү да эс алуу күнү деп жарыялап салышууда. Бул нерсе жарандардын колу-бутун тушайт экен. Мисалы, мамлекеттик ишканалар эле эмес, банктар да иштебей калып жатат. Эгерде биздин экономикабыз күчтүү болгондо мынча көп эс алууну көтөрө алмак эмес. Анткени күчтүү экономикасы бар Кытайда биздегидей бир апта эс алып жатып алса тополоң чыгып кетмек. Негизи майрам күндөрдүн, эс алуулардын көптүгү экономикага да терс таасирин тийгизет деп ойлойм.

Май айынын башында 1-5-майдагы майрамдардын шылтоосу менен кыргызстандыктар дээрлик бир апта бою эс алышат. Адатта майрам күндөрдү кыскартууга Кесиптик кошуундар каршы чыгып келет. Бирок бул жолу Кыргызстан Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Жанадил Абдрахманов депутаттардын майрамдарды кыскартуу демилгесин колдой турганын билдирди. Майрам күндөр үчүн жумушчу күндөрдү эс алуу деп жарыялоо да чектен ашып кеткенин кошумчалады.

- Кол-бут тушалып үйдө жатып калдык деп бизге эл да айта баштады. Негизи биз көп учурда аша чаап кетебиз. Союз учурунда майрам иш күнүнө туура келип калса, бир күн эс алуу болчу. Эми ишемби күндү кошуп, бир майрамга эки күн эс алуу берип атабыз. Бул негизи аша чапкандык да. Союздан калган айрым майрамдардын чындап эле актуалдуулугу кетти десек болот. Бирок муну дагы акыл калчап, анан кыскартуу керек.

Расмий маалыматтарга караганда, өнүккөн өлкөлөрдө бир жылда 9-10 гана майрам белгиленет. Ал эми мурунку советтик өлкөлөрдө мамлекет расмий белгилеген майрамдардын саны 13кө жетет. Эгемендүү Кыргызстан майрамдарда эс алуу жагынан мурунку союздан ашып түшкөн. Маселен, союз учурунда тогуз гана майрам бүт өлкө боюнча белгиленчү. Азыркы Кыргызстан Нооруз, Айт жана Рождество майрамдарында да эс алат. Ал эми учурда мамлекеттик майрамга айланган 23-февраль союз учурунда кадимки эле жумушчу күн болгон.

XS
SM
MD
LG