Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

20 жыл мурда репрессия курмандыктары жерге берилген


Репрессия курмандыктары көмүлгөн мүрзөгө Ата-Бейит деген ат берилген.
Репрессия курмандыктары көмүлгөн мүрзөгө Ата-Бейит деген ат берилген.

Мындан жыйырма жыл илгери 30-августта өткөн кылымдын 37-38-жылдары репрессияга туш болгондорду кайра жерге берүү зыйнаты өткөн.

Алардын катарында кыргыздын алгачкы интеллигенттери жана мамлекеттик ишмерлери Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев жана башкалар бар эле

Катылып келген сыр

Улуттук коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги Болот Абдрахмановдун айтымында, 1990-жылдары ал Мамлекеттик коопсуздук кызматынын капитаны эле. Ал кокусунан бир аялда өтө чоң сыр бар экендиги боюнча маалымат алат.

- Маалымат берем деген аялды издесек, Бүбүкан Абыканова деген эже экен. Ал 1938-жылдары Бишкектин түштүгүндөгү азыркы Чоң-Таш айылындагы НКВДнын кызматкерлери эс ала турган жайдагы кароолчунун сегиз жашар кызы болгон экен. 1938-жылы ноябрь айында саясий репрессияга туш болгондордун ошол жерге көмгөндүгүнө анын атасы күбө болуп, кызына айтып кеткен.

Бүбүра Абыканова бул сырды 53-жылдан бери сактап келаткан. Бирок акыркы күндөрү ооруп жүргөнүнө байланыштуу көкүрөгүн өйүгөн сырын айтып калууга ак эткенден так этип жүргөн эле.

-1990-жылы декабрь айында үйүн таап бардым. Үйүнө кирип барсам эле эже чочуп кетти. Мен КГБнын кызматкеримин деп документимди көрсөтсөм, “тынчылыкпы” деп сурады. “Тынчылык эже, кыргыз эмеспизби, үйгө кирип сүйлөшсөк болобу” деп сурасам, “кирегой” деди. “Эже, көп жылдан бери жүрөгүңүздү өйүгөн сырыңыз бар экен, ушуну айтып бербейсизби, мен колумдан келишинче сизге жардам берейин” дедим. Бирок ал кезде, бул эже эмнени айтаарын билген эмес элем. Чоң сыр десе, мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан бир маалымат айтабы деп ойлогом. Анан эже ыйлап айта баштады. Үч саат айтты. Айтып жатат, ыйлап жатат, айтып жатат...

Каргашалуу кирпич завод

Бирок ал кезде кыш чилдеси болгондуктан, адамдар көмүлдү деген жерге барып, ордун табуу мүмкүн эмес болчу. Ошентип жер жарылып, чөп чыккан апрель айында гана барышкан экен.

-Эженин ошол жерден көчүп кеткенине элүү үч жыл болгонуна карабай, бүт баары эсинде экен. НКВДнын жайгашкан жерлерин, эс ала турган, тамак ичкен жайларын, өзүнүн ата-энесинин үйүнүн ордун тапты. Ага жакын 300-400 метр аралыкта НКВДнын эс алуу жайын куруп жаткан кирпич күйгүзгөн завод болчу экен. Ошонун мешинде өлүктөр жатат деп атасы айткан маалымат боюнча издеп баштадык.

Ал эми адамдардын табуу, аты жөнүн тактоо жана далилдөө иштери кандайча болгондугун Абдрахманов мындайча эскерди:

- Казып эки метрдей тереңдегенде, ошол жерден жыттар, кийимдердин белгилери чыга баштады. Ошол жерди кол менен, күрөк менен казып жатып, бир топ кызыктуу буюмдарга туш келип жаттык. Мисалы, 1933-34-жылдардагы тыйындар чыкты. Жаңы казып баштаганда көптөр ишенбей, “буларды репрессиянын курмандыктары экендигин кантип далилдейсиңер” дегендер да болду. Ошого тыйындар биринчи далил болгон. Экинчиден, 30-жылдары чоңдордун кийген кийимдери табылды. Маселен, Сталиндикине окшогон фуражкалар, көз айнектердин сыныктары чыга баштады. Андан кийин капкара болгон кагазды таптык. Аны кылдаттык менен ачсак, 1938-жылы 5-ноябрда Жусуп Абдрахмановго карата чыккан айыптоо аныктамасы экен. Жусуп Абдрахмановду англис, немис жана жапон тыңчысы деген күнөө коюп атыптыр. Андан кийин казып жатсак, Төрөкул Айтматовдун ошондой кагазы чыкты.

Бүбүкан Абыканова бүгүн кайда?

Кыргыздын чыгаан уулдары 1991-жылдын 30-августунда адам катары урматталып, кайра жерге берилген. Бул 20-кылымдагы, анын ичинде Советтер Союзундагы сейрек кездешкен тарыхый окуя эле. Ал эми табылган инсандар кыргыз мамлекетин түптөгөн, анын келечеги үчүн кан-жанын берген уулдары эле. Аларды жерге берү күнү Кыргызстандын эгемендик алышына туш келүүсү бекер жеринен болбосо керек дейт Абдрахманов.

- Мисалы, мен үчүн эртеңки 31-август - эгемендиктин жыйырма жылдыгы ошолорду эске салат. Жыйырма жыл мурун ушул күнү репрессияга дуушар болгон кыргыздын кыйын инсандарынын сөөгү адам каатры урматталып жерге коюлган. Негизи мен ойлойм, биздин эгемендик ошол күндөн башталды го деп.

Кыргызстан эгемендиктин жыйырма жылдыгын белгилөөдө. Бирок кыргыздын чыгаан уулдарынын өлгөн жерин таап берип, Кыргызстандын тарыхый кенемтесин толтурган Бүбүра Абыканова апаны эстеген адам болбогондугун айтышууда. Бүбүкан апа азыр сексен жаштан ашып, быйыл жаздан бери Каракол шаарындагы дачасында жалгыздыкта күн кечирип жатканын жана камкордукка муктаж экендигин Абдрахманов билдирди.
XS
SM
MD
LG