Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Эне-бала оорубасын


Кыргызстанда энелер менен балдардын өлүмү көп учурда дарыгерлердин шалаакылыгынан болорун вице-премьер-министр Камила Талиева Жалал-Абаддагы иш сапарында билдирди.

Ал эми Кыргызстан энелер менен балдардын өлүмү боюнча Шериктеш мамлекеттердин арасында биринчи орунга чыкканы Бишкекте өткөн эл аралык форумда да айтылды.

"Арай көз чарай" талкуусунун катышуучулары: Баткен облустук төрөт үйүнүн башчысы Макбуба Кусеинова, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ассоциациясынын жетекчиси Сүйүмжан Мукеева жана Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекова.

“Азаттык”:
Ушул жылдын 9 айында өлкө боюнча 58 аял төрөткө чейин жана төрөт учурунда ажал тапкан экен. Жыл башынан бери энелердин өлүмү 3% көбөйүптүр. Энелердин өлүмүнүн көп болушуна эмне себеп?

Айгүл Бообекова: Эне өлүмүнүн себеби жалаң гана саламаттыкты сактоо секторуна байланыштуу эмес. Ал өлүмдөрдүн ичинен 20% медицина кызматкерлеринен көз каранды. Калгандары экономикалык-социалдык факторлор, жүрүм-турум, санитардык сабаттуулук тууралуу маалыматтын жоктугунан болууда.

Республикадагы 42 медициналык имараттын сапаты төмөн деп эсептелет. Алыскы аймактарда, алсак Баткенде, Кара-Кулжада канализация, суу, электр жабдыктары начар. Күнү-түнү иштеген кызматкерлер жана төрөт үчүн шарттар, андан сырткары фельдшердик-акушердик бөлүмдөрдө күнү-түнү күзөт кылчу дарыгерлер жок.

Мындан сырткары ички, тышкы миграциянын айынан кесипкөй даргерлер борборго, чет жакка чыгып кетүүдө. Аялдар арасында жүрөк, боор, бөйрөк жана кургак учук менен ооруп, оор абалында кайрылгандар көбөйдү. Өзгөчө кош бойлуу аялдар оор абалда гана келишет.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Энелердин өлүмү өзгөчө айыл жеринде көп кездешери айтылат. Эмне себептен кыргыз элетинде жыгылып калмайынча догдурга барышпайт? Балким чын эле аялдар өз ден соолугуна кам көрбөйттүр?

Сүйүмжан Мукеева: Адамдын ден соолугу көп нерселерге байланыштуу, аны бир гана саламаттыкты сактоо тармагы менен түшүндүрүү оор.

Болочоктогу эне кичинекей кыздан башталат. Анын дени сак болсо, ошондой бала төрөлөт. Биздин кыздар турмушка чыккандан кийин үй-бүлөнү пландаштыруу дегенди билбейт. Алдын ала кандай оору менен ооруганын эске албайт. Оорулуу адам оорулуу бала төрөйт, муну далилдөөнүн кереги жок. Баланы да пландап, ата-эне ошого даярданыш керек. Бизде 99% даярдыгы жок боюнда болот, оорукчан болуп келишет.

XS
SM
MD
LG