Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

ВИЧ Кыргызстанда тамырын жайды


Ушул тапта илдетке кабылгандардын саны 4,5 миң адамга чукулдаса, алардын 10 пайызын балдар түзөт.

Кыргызстанда көпчүлүк учурда ВИЧ/СПИД жыныстык жана бир ирет сайылуучу ийне аркылуу тарайт.

Республикалык СПИД бирикмесинин маалыматы боюнча, 1-октябрга карата Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылгандардын саны 4469 адамга жетти. Сентябрь айында эле ооруга кабылган жаңы 56 адам катталган.

СПИД бирикмесинин төрагасынын орун басары Назарбек Мухамеджанов:

- ВИЧ илдетин жуктуруп алгандардын саны 4469 адамга жетти. Алардын ичинен 4297 адам кыргызстандык болсо, 193 адам чет элдик жарандар. Ал эми эркектер 335 адам, аялдардын саны - 1241.

Энеден наристеге...

Кыргызстанда ВИЧ илдетине кабылган наристелердин саны да жогору. Ушул мезгилге карата 14 жашка чейинки ооруган балдардын саны 456 болсо, 147 балага оору 2011-жылы жуккан экен. Алардын ичинен 126 балага энеси аркылуу жукса, эки өспүрүм буга баңгизатын колдонуу аркылуу чалдыккан. Назарбек Мухамеджанов:

- Бүгүнкү күндө 456 бала катталды. Ошолордун ичинен парентералдык жол менен 313 балага жуккан. Бул деген териси аркылуу жуккан дегенди түшүндүрөт. Бирок белгилей кетчү нерсе, азыр ооруканаларда жуккан учурлар жок. Ошондой эле эки бала баңгизатын колдонуу менен жуктурса, 126 наристеге энеси аркылуу жуккан.

Балдарына ВИЧ жуктуруп алган энелердин митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл
Балдарына ВИЧ жуктуруп алган энелердин митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл
Акыркы жылдары ВИЧ оорулуу 649 киши көз жумса, 225 адам СПИДден жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Адистердин айтымында, ВИЧ эпидемиясы Кыргызстандын бардык аймактарында тегиз жайылууда. Маселен, 2000-жылы бул илдет менен 53 адам гана адам катталып, анын ичинен 14ү гана Кыргызстандын жараны болгон экен.

Ошондой эле алдыңкы жылдары ооруга кабылгандардын 90 пайызы маңзаттарын колдонуучулар болсо, азыр 30 пайызы жыныстык катнаш аркылуу жуктуруп алгандар. Адистер Кыргызстан дүйнөдө бул илдет тез жайылган өлкөлөрдүн катарына кошулуп бартканын айтып, коңгуроо кагып келишет.

Каражат кайда?

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы да өткөн жума күнү ушул маселени талкуулап, Саламаттык сактоо министрлигинин ишин сынга алды. “Республика” факциясынын депутаты Урмат Аманбаева “Азаттыкка” буларды айтты:

- Булар кайдыгер карап жатышат. Министрликте атайын саясат болуш керек. Алар алдын-ала чараларды көрүп, көзөмөл кылыш керек. Ошондой иштер жок болгондуктан абал оор болуп жатат.

Урмат Аманбаева эл аралык донор уюмдардын ВИЧке каршы туруу үчүн берген каражаттары да максаттуу пайдаланылган эмес дейт. 2005-жылдан тарта бул багытта Бүткүл дүйнөлүк глобалдык фонд 27 млн., Германия өнүктүрүү банкы 5 млн., башка эл аралык уюмдар 17 млн. доллар, ал эми мамлекет 7 млн. доллар бөлгөн. Алты жыл аралыгында жалпысынан 60 млн долларга жакын каражат жумшалган экен.

Жыл башында Ош облусунун Ноокат районунун акими Кыргызстанга кайтып келген мигранттарды милдеттүү түрдө ВИЧке каршы медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштаган болчу. Ал мигранттар арасында бул илдетке кабылгандар кездешип жатканын жүйө келтирген.

2007-жылы дарыгерлердин калпыстыгынан Ноокаттагы ооруканада 40тан ашуун наристеге жапырт ВИЧ жукканы белгилүү.

СПИД Кыргызстанда биринчи жолу 1987-жылы Африкадан келген студенттен аныкталган.
XS
SM
MD
LG