Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Чубак ажы: Ажыга имамдар гана алып барат


Муфтий Чубак ажы Жалилов ажылыкты уюштуруудагы быйылкы өзгөчөлүктөр тууралуу кеп салды.

“Азаттык”: Ажылык зыяратты уюштуруу кайсы жерине келди?

Чубак ажы Жалилов: Ажылык боюнча иш жер-жерлерде кадимки календарлык план менен жүрүп жатат. Бизде ажылыкка көп талапкер катталган жерлерде, облустарда, мисалы Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарына, Ош шаарына орундар адамдын санына жараша бөлүнүп берилген.

Адам көп барган жерлерде, мисалы Ноокат, Өзгөн, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Чүйдүн кээ бир райондору толуп бүткөн. Бирок биз булардын баарын 10-июлда жыйынтыктап, толбогон жерден алып, жанагындай талап көп болгон жерге өткөрүп берүү иш-чарасын жүргүзөбүз.

Азыркы учурда каттоодон өтүп, ал эми тыйындарын тапшыра тургандар 10-июлга чейин бүткөргөнү жатат.

“Азаттык”: Ажылык үчүн берилген жолдомолорду кимдер кантип таратат?

Чубак ажы Жалилов: Зыяратка барууну каалаган адамдар айылдык имамдан “ушул адам ажыга барган эмес, намаз окуган киши”, деп кагаз алышат. Ал кагазды көтөрүп алып райондук имамга барышат. Ал казыга жөнөтүп, анан казыяттын жолдомосу менен катталышат. Бизде тогуз казыят бар. Ар бир адам өзүнүн облусундагы казыяттан өткөндөн кийин гана банкка акча төлөгөнгө уруксат алып, төлөп, ошондон кийин гана катталды деп эсептелет.

“Азаттык”: Зыяратчылар баары учак менен барабы?

Чубак ажы Жалилов: Былтыр тарыхта биринчи жолу бардык зыяратчыларды учак менен алып барганбыз. Мындан ары учак менен гана барышат. Себеби биздеги коррупциянын баары муна ушундан чыгат. Жарымы учак, жарымы автобус менен баргандан келип чыгып аткан маселе. Экинчиден, биздин жарандардын коопсуздугу. Мисалы Сирия жана башка жерлерде тынч болбой аткандыктан биз учак менен гана алып барабыз.

“Азаттык”: Жылда эле кыргызстандык зыяратчыларга берилген жолдомолор чет өлкөлүктөргө сатылып, берилип кеткен учурлар болчу эле. Быйыл мындай көрүнүштүн алдын кантип алып жатасыңар?

Чубак ажы Жалилов: Бактыга жараша, былтыр мындай учур катталган жок. Биз ага Кудайга миң мертебе ыраазыбыз. Быйыл да андай кайталанбайт. Эмне себептен мындай болгон жок дегенде биз былтыр виза басылган паспортторду адамдардын колуна аэропорттон гана бергенбиз. Себеби виза басылган паспорттор ээлерине таратылгандан кийин, ошол ээлери тарабынан чет элдиктерге сатылып кеткен учурлар болгон.

Быйыл ушундай аракет байкалды. 25тей жаран жаңыдан Кыргызстандын паспортун алып, бишкектик жарандардын атынан катталып, барганы атыптыр. Ошолордун баарына чекит коюлду.

“Азаттык”: Ажы башчыларга байланыштуу да проблема чыкчу эле. Аларды кантип тандап атасыздар?

Чубак ажы Жалилов: Быйыл ажы башчы деген термин жок. Быйыл ажылык топтун имамы деген термин бар. Мунун айырмасы, муфтияттын структурасында иштеген мечиттердин имамы болуш керек, же медреселерде мугалим болуу шарты менен кабыл алабыз.

Ошондуктан райондук баш имам хатибдер, чоң медреселердин мүдүрлөрү, казыятта иштегендер кызматы, иши шартка жооп бергендиктен аларды кезексиз кабыл алууну чечкенбиз. Бизге 110 адам керек. Эгер адам жетпей аткан болсо молдолорго сынак жарыялайбыз. Бирок райондук деңгээлде имамдарды кезексиз, сынаксыз кабыл алууну чечкенбиз.

“Азаттык”: Мейманкана, тамак-аш маселеси кандай болот?

Чубак ажы Жалилов: Медина шаарында мейманканага акча алынат. Ал жерде үч күн жатышат. Ал эми Меке шаарында дээрлик бардык зыяратчылар бекер жатышат. Ошондуктар биздин ажылык расмибиз башка өлкөлөрдөн кыйла эле, дээрлик миң долларга чейин арзан.

Меке шаарында бекер тамак-аш - кайрымдуулук тамак-аш таратылат. Биз ажылардан тамак-ашка деп акча албайбыз, болгону Меке шаарынан Мединага жөнөп аткан учурда бир маал тамак, андан сырткары Арафат, Мина өрөөндөрүндө жүргөн күндөрү бир маалдан тамак берүү гана ичине кошулган. Андан башка тамак кошулган эмес. Себеп дегенде адамдар ажылык менен алек болгондо бир жерде чогулуу кыйын болгондуктан ар ким өзүнүн тамагын өзү сатып алып жегенге ыңгайы келип калат.
XS
SM
MD
LG