Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:33

Экономика

Оторбаев: Ишибиздин үзүрү үч айда билинет

Кыргыз өкмөтүнүн жүз күндүк программасы коомчулукта көп кырдуу пикирлерге жем таштоодо. Өкмөттүн жаңы реформа саясаты жаатында “Азаттыктын” суроолоруна вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев жооп берди.

Текст көлөмү - +
Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Өкмөттүн жаңы программасы дымагы күч, популисттик программа болуп калды деген сын-пикирлер айтылып жатат. Аны ишке ашырчу негиздер, биринчи кезекте каражат, кадр маселелери чечилгенби? Ресурс жетиштүүбү?

Оторбаев: Биздин убактыбыз жок, биздин өкмөтүбүз - үмүт өкмөтү. Эл, парламент күтүп атат, жазында биринчи натыйжабызды көрсөтүшүбүз керек. Ар үч айда отчет беребиз деп элге, парламентке убада бердик. Ошон үчүн биринчи жүз күндүк программаны жарыяладык. Март, апрель айларында кайсы пункттар ишке ашты, кайсы пункттарды дагы иштетиш керек деп мониторинг кылабыз. Коом биздин ишибизди ачык көрсүн.

Бирок программаны конкреттүү айтпасак, коом бизди кантип текшерет? Ошон үчүн программаны бардык жерде ачык көрсөтүп, алардын идеяларын, пикирлерди угуп атабыз. Буйруса 3 айдан кийин натыйжаны көрсөтөлү деп атабыз.

“Азаттык”: Мисалы, программада кадрларды кыскартуу деген бар. Ошол кадрларды кыскартуу кандай критерийлердин негизинде жүрөт?
 Коррупцияны токтотуп, таза, жакшы мыйзамдарды ишке ашырышыбыз керек. Инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек. 

Оторбаев: Чыгаша бюджетин кыскартышыбыз керек. Чыгаша бюджетинин 35% чамалуусун мамлекеттик кызматтагылардын айлык акылары түзөт. Бул башка мамлекеттер менен салыштырсак өтө көп.

Биз биринчи функционалдык анализ жасадык: кайсы функцияны мамлекеттик органдар аткарыш керек деп. Жалпы кыскартылчу мамлекеттик кызматкерлердин саны 2200 болуп атат, бул - 20%. Бюджеттик кыскаруу 1 млрд. сомго чейин жетүүдө. Бул жакшы. Бирок бизде эң чоң проблема - коррупция. Биздин чиновниктер жөн отурбай коррупцияга кошулуп атат...

“Азаттык”: Кыскартуулардын бардыгы сиздердин кыска мөөнөттүү реформа үчүн өтө ыңгайлуу деп эсептеп жатасыздар. Бирок ошол программаны ишке ашырыш үчүн акылдуу баштар керек. Азыркы өкмөттүн анык, таза, коррупциясыз иштеп аткандыгын далилдеш үчүн кадрларды тандоо маселеси да чоң роль ойнойт да. Ушул кадрларды кандай критерий менен кыскартып, акылдуу баштарды кантип тандап алып атасыздар?

Оторбаев: Мисалы, Тышкы иштер министрлигин биз кыскарткан жокпуз, алар керек, саны да көп эмес. Транспорт, коммуникация министрлигин 50 пайызга кыскарттык.

Ар бир саясий жумушта жүргөн жетекчи үч критерийге жооп бериш керек. Алар - кесиптик сапаттары, тазалыгы жана саясий колдоосу.

Президент, өкмөт башчы айтып атат, бардык жерден тазалашыбыз керек деп. Бирок кадрларды тандоо аябай чоң маселе. Азыркы министрлик, агенттикке келген жаңы жетекчилер өздөрү таза принциптер менен жаңы кадрларды тандайт.

Ар бир министрге критерий коюп атабыз. Анын үч багыты бар. Биринчи, сандык критерий. Экинчиден, элдин оюн билиш үчүн жылына 2-3 жолу сурамжылоо жасайбыз. Үчүнчүдөн, Кыргызстандын эл аралык рейтинги: коррупция, бизнес, аттандаштык өңдүү индекстер бар. Министрликтин ишмердиги ошондой критерийлер аркылуу аныкталат.

“Азаттык”: Жумуш орундары дагы бир олуттуу маселе. Салык төлөөчү саналган көпчүлүк жумуш орундары менен камсыздалмайынча кантип реформа өз максатына жетет?
Эл, парламент күтүп атат, жазында биринчи натыйжабызды көрсөтүшүбүз керек. Ар үч айда отчет беребиз деп элге, парламентке убада бердик. 

Оторбаев: Аябай жакшы суроо. Ар бир жылы бизде 100 миңге жакын балдар мектеп, ЖОЖду бүтүп чыгат. Биз аларга жумуш орундарын түзбөй жүрдүк. Аны кантип түзүш керек? Бул эң бир курч, биринчи орунда турган биздин максатыбыз. Жумуш орундарын өкмөт эмес, ишкерлер, ишканалар түзөт. Биздин милдет - инвестициялык климатты өзгөртүү.

Президент бейишке окшогон климат түзөбүз деп айтты. Коррупцияны токтотуп, таза, жакшы мыйзамдарды ишке ашырышыбыз керек. Инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек. Эгер биз ошол маселелерди чечсек, ички, тышкы инвесторлор да иш башташат. Демек кадрларга муктаждык артат. Ушул процесс аркылуу биз инвестициялык климатты өзгөртүп атабыз.

“Азаттык”: Сиз коррупцияга каршы күрөшүү, инфраструктураны өзгөртүү, мыйзамдарды иштетүү керек деп атасыз. Ошолорду ишке ашырганга азыркы бийликтин күчү, саясий эрки жетеби? Буга канча убакыт талап кылынат?

Оторбаев: Саясий эрк жетет. Президент, премьер-министр, парламент айтып атат, жумуш орундарын түзүш керек деп. Жакында президент жыйын өткөрүп, "ким уурдаса түрмөдө отуруш керек" деп айтты. Биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар, эми иштеш керек.

Мына, ишкерлерди, ишканаларды 21 мамлекеттик орган текшерип келатат. Биз экономикалык кылмыштарды текшерген бир эле орган болот деген саясий чечимге келдик. Ал - Каржы полициясы. Анда 400 кишини эки эсе кыскартып атабыз. Жаңы, таза адамдарды жумушка алабыз. Бул боюнча комиссияны мен жетектейм.


​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кочмон каяктан: Кылымдар
14.02.2012 12:11
Эн туура айтыптырсыз, умуттун окмоту деп, улам алдана берип, бийликтен конулу калгандардын акыркы умуту! Эл, кобунчо жаштар деградацияга чогуп кеткен, ушул жолу алдабаныздар???

кимден: Кубан каяктан: РФ
07.02.2012 03:12
Саламатсыздарбы калайык журт!!! Менин айтарым ушул Жоомарт байкеге окшогон профессионалдар окмотто иштесе, дегеле мамлекеттик кызматта. Ушул окмотко кичине болсо да ишенич бар, кузундо коробуз да жөжөлөрдү санаарда. Бу Ж.Оторбаевди профессионал дегеним эл аралык денгээлдеги экономист, финансист. Илимий эмгектери да бар менин билишимче, батыш манерасы менен тарбияланган. Англияда иштеп келди, кийинген кийими, галстугун карагыла Ташиев экоону салыштырып коргуло жанында колхоз эле болуп калат Камчы акабыз. Ак жол Жоомарт байке кичине болсо да ушу коллективинер менен Кыргызстандын онугуусуно салым кошсонор, жон эле тарыхта каласынар "Оторбаевдин реформасы деп". Рахмат.

кимден: Шыбырт каяктан: Ак-Өргө
05.02.2012 11:47
Ж.Оторбаев момун киши экен. "Сарт санаасыменен байыйт" болуп жатканын кара.
Эй береги топ-менеджерлериңдин баарын КГБ четинен камап жатса, Көлбаевдин шакалдары ишкерлерди акчага сындырып жатса кайдагы өсүү да, кайдагы секирик.
Бизнести мамлекеттик расмий шакалдардан коргомойун экономикалык секирик болбойт эч качан.

кимден: Бакыт каяктан: Bishkek
02.02.2012 19:47
Ар бир саясий жумушта жүргөн жетекчи үч критерийге жооп бериш керек. Алар - кесиптик сапаттары, тазалыгы жана саясий колдоосу.

Кесиптик сапатына кошулам. Башка эки сапатын кантип аныктаганы жатасынар? Тазалыгын кантип аныктайсынар? Сурамжылаппы? Саясий колдоосун кантип аныктоо журот? Мага тушунууго жардам берсенер. Бул элдин колдоосубу же озунон жогору турган бийликтин коз карашыбы?

кимден: Жудогон кыргыз каяктан: базар
02.02.2012 16:48
Галстугунуз шумдук экен, бул алгачкы инвестициянызбы? Ден соолугунуз жакшыбы, Жоомарт мырза, оорулуудай коруносуз? Жаз алды менен кымыз ичиниз!

кимден: aнарбек каяктан: Бишкек
02.02.2012 16:23
Бурулкан, Жоомарт Кайыпович менен жекеме жеке жолугушуунун жолу барбы? Болсо мен жолугайын дедим эле.
Пикирге жооп

кимден: Бурулкан Сарыгулова каяктан: Бишкек
02.02.2012 16:36
Анарбек мырза, менимче, кабылдамасы аркылуу кайрылганыңыз туура болот. "Азаттыкка" интервьюну биз маалымат кызматы аркылуу байланышып, уюштурдук. Максатыңызды негиздеп берсеңиз, сизге деле жеке жолугушууга шарт түзүшсө керек. Ийгилик каалайм.

кимден: Жаныбек каяктан: Ош
02.02.2012 13:56
Ишендирип эле айтып атасынар, жылдын аягына чейин чыдап, кутуп турайлы. Эгерде чындап эле реформа болгонун эл-журт сезип баштаса, анда кыргыз элинен мин алкыш аласынар.

кимден: Nur каяктан: Kochkor
01.02.2012 23:00
Kandaydyr bir ishenich bar....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)